Бойдоктор бурчу
“Адамдын жашоосунда сүйүү чоң роль ойнойт. Ансыз жашоо кызыксыз. Азырынча мен сүйүүгө кезиге элекмин. Бирок келечекте сөзсүз сүйгөн түгөйүмдү табам”,- деп ишенип келет көпчүлүктү өзүнүн назиктиги жана чырай жүзү менен тарткан Кундуз Канатбек кызы. Келгиле, бул бойдок кыздын жан дүйнөсү эмне дейт экен, баш багып көрөлү.
АНКЕТА
Аты-жөнү – Кундуз Канатбек кызы
Туулган жылы, айы, күнү – 1987-жыл, 13-апрель
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Бөкөнбаев айылы
Билими – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, экономика факультетинин 5-курсунун студенти
Жылдыз белгиси – Кой
Бою – 167 см, салмагы – 51 кг
Сүйүп жеген тамагы – Балыктан жасалган тамактардын баары
Жасай алган тамагы – Бардык тамактарды жасай алат
Фобиясы – Бийиктик, чагылган
Жашоодогу максаты – Дүйнө жүзүн кыдырып чыгуу
– Сахнада биз назик Кундузду тааныйбыз. А үйдө кандай кызсың?
– Мен абдан жай кыймылдайм. Апам мени көрүп алып: "И-ий, батыраак кыймылдасаңчы, турмушка чыкканыңда мен артыңдан барып жумушуңду жасап берем го",- дей берет. Мүнөзүм боюнча айтсам, кээде бардык жиним чогулганда колума эмне илинсе ыргытып жибермей адатым бар.
– Өзүңдөгү баалаган жана жактырбаган сапаттарың...
– Ак көңүл, боорукер, жөнөкөй, жана кечиримдүү кызмын. Кээде көп кечигем, таарынчаак адатым бар, кез-кезде жалкоолонуп коём, ушул сапаттарым жакпайт.
– Жигиттердин кандай сапаты жагат да, кайсынысы жакпайт?
– Майда нерселерге көңүл бура берген, орунсуз сүйлөгөн, эки жүздүү балдарды жактырбайм. Ал эми ак көңүл, түшүнүктүү жигиттерди сыйлайм.
– "Ушул убакка чейин чыныгы сүйүүгө кезиге элекмин" дейсиң. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
– Түгөйүмдү таба элекмин деп капаланбайм. Мезгили келсе, келечектеги түгөйүм менен сөзсүз жолугам деп ойлойм. Балким, ал адам жанымда жүргөндүр, балким, аны менен күндө кайчылаш өтүп жаткандырмын... Андыктан бардык нерсенин өз убагы менен болгону жакшы.
– Бир жигитти сүйүп калдың дейли. Сүйүүңдү кантип билдиресиң?
– Албетте, кыз болгондон кийин намыс керек. Ошондуктан сөз менен айтпасам да, көзүм менен түшүндүрүүгө аракеттенем.
– Эгер курбу кызың экөөңөр бир жигитти сүйүп калсаңар, ага жол бошотуп бересиңби же өз сүйүүң үчүн күрөшөсүңбү?
– Эгер курбумдун сүйүүсү күчтүү болсо, анда ага жол бошотуп бермекмин. Анткени достукту бийик тутам.
– Кызганчааксыңбы? Негизи эле жашоодо кызганыч керекпи?
– Эгер эки адамдын ортосунда сүйүү болсо, кызганычка орун деле жок. Чегинен ашып кызгануу үй-бүлө очогунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Андыктан мен көп деле кызганбайм.
– Эмнени эч качан кечире албайсың?
– Жакын адамың чыккынчылык кылса, ошону кечире албайм.
– 20 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
– Өзүм жаш балдарды аябай жакшы көрөм, ошондуктан жок дегенде 3 балалуу болгонумду элестетем. Жанымда сүйгөн жарым, балдарым болсо...
– Сен үчүн карьера биринчи орундабы же үй-бүлөбү?
– Мурун карьера деп жүрчүмүн. Бирок азыр турмушка чыксам, үй-бүлөнү биринчи орунга коём. Ошол эле учурда карьераны да бирге алып кеткенге аракет кылам.
– Ашканада кандай кожойкесиң?
– Мурун тамак жасаганга көп кызыкчу эмесмин. Акыркы жылдарда өзүмчө тамак-аш жасаганга кызыга баштадым. Көңүлүм келсе, тамакты түрлөп жасай алам.
– Калыбыңды кантип сактайсың?
– Диета кармабайм. Болгону, бир жылдан бери фитнеске барам. Башында машыгууга өзүмдү зордоп алып барсам, азыр ал күнүмдүк адатка айланып калды.
– Кандай жерде эс алганды жактырасың?
– Түнкү клубдарга барып эс алууну жактырбайм. Андай жерден башым ооруп кетет. Жаратылыш коюнунда эс алган мага рахат тартуулайт.
– Кайсы фирманын атырын колдоносуң?
– “Versace” фирмасынын атырын.
– Маегиңе рахмат, Кундуз. Сага бакыт каалайм.
Кыргыз жигиттеринен Кундузга кызыкпаганын таппасак керек. Биздин бойдок кызыбыздын жүрөгү азыр бопбош. Андыктан жүрөгүнүн ачкычын бирөөгө тапшырып коё электе чамдагыла, жигиттер. Ал үчүн kunduz_kg1@mail.ru почтасына кат жазыңыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg