Жакында эле өлкөгө эмгеги сиңген, өз тармагында үзүрлүү, алгылыктуу иштерди жасап келе жаткан таланттуулардын эмгеги бааланып, наамдар ыйгарылган эле. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алуучулардын арасында болгон Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбеков коомчулуктун талкуусунда калып, ар кандай кептер айтылган. Бирок 7-октябрда өткөн наам тапшыруу аземине аты аталган шоу-бизнес өкүлдөрү келишкен жок. Бул көрүнүш ар кимде ар кандай пикир жаратууда. Бул боюнча Самара Каримова: «Наам алуу чоң стимул болот экен, дагы деле куттуктоолор жаап, жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатам. Наам тапшырууга жакын биздин делегация менен Ташкентке барып, эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда ырдап келгем. Тапшыруу аземине шартым болбой бара алган жокмун. Эң негизгиси указ чыккан, буюрса, алабыз»,- дейт.
Ал эми Гүлжигит Сатыбеков: «Уюштуруучулар телефон чалып, «шайлоодон кийинки топ менен алмай болдуңар» дешти. Ага капа деле болгон жокмун»,- деген жообун узатты.
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыгынын эксперти Алтынбек Кутманов: «Ал указга президент эч кандай өзгөртүү киргизген жок. Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбеков, андан сырткары 7 адам шартына байланыштуу келе алышкан жок. Жакынкы күндөрү тапшыруу аземин уюштурабыз",- деп билдирди.