ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 16-октябрдан 22-октябрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Адаттагы шашмалыкты токтотсоңуз бөтөн шаардык адамдар жана көзөмөлдөө органдары менен эң жакшы тил табышасыз. Жумушуңузда кагаз, текшерүү иштери басымдуулук кылат.



БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумуш жана милдетиңизди так аткаруунун негизинде колуңузга акча тиет. Келип түшкөн сумма чоң же кичинесине карабай баары жеке чыгымдарыңызга коротулат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Үзүлгөн эски мамилелер жаңырат. Кызыктуу долбоорлор күн тартибине кирет. Бойго жеткен балдарыңыз болсо, бул маселени чогуу талкуулоо жакшы жыйынтыктарга алып келет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн туугандарыңыздын жардамына таянганыңыз оң. Азыркы учурда алар сизге жок дешпейт. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз, бул учур сиз үчүн өтө кооптуу мезгил.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул жумада сизди кыска мөөнөттүү жол күтөт. Бул нерселерге байланыштуу чыгымдар да күтүлөт. Эң негизгиси, акча иштетүүдө шашмалыкты же адаттагы мактанчаактыгыңызды көрсөтпөңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колуңузга акча тиет. Ал гана эмес, үй эмеректерин сатып аласыз. Жеңил косметикалык ремонтторду жасайсыз. Туугандар тараптан колдоолор да, жемелөөлөр да болот.



ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичи лидерлигиңизди көргөзүп чыга келесиз. Бир жумушту бүтүп, экинчисине бой таштайсыз. Бирок жакынкы чөйрөдөгү же таасирдүү адамдар тарабынан бут тосуулар болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакшы ийгиликтерди жалгыз, купуя аракеттердин астында жаратасыз. Башка мезгилден айырмаланып бул аптада акчанын келиши да, кетиши да тез болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди бул жумада эки айрылыш жол күтөт. Оңго кетсең жетекчинин капканына түшөсүң, солго кетсең досторуңдун сыйына туш болосуң деген. Андыктан тандаңыз. Достордун бул жолку колдоосу көптөгөн ийгиликтерге жол ачат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада өз алдыңызча иштөөнүн оң жана терс жыйынтыктарына ээ болосуз. Оң жыйынтыктардын болушуна жетекчиликтин, ал эми терс жыйынтыктардын болушуна текшерүү органдарынын салымы чоң болот.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жуманын жакшы маанайда өтүшүнө көзөмөл органдары, бийик даражалуу адамдар себепкер болушса, жаман маанайда өтүшүнө ортодогу акча жана буюмдар себепкер болушат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичи жетекчилик менен өйдө-төмөн мамиле жүрүшү толук ыктымал. Ошондуктан сак болуңуз. Акча жагы биргеликте жакшы чечилет. Бирок мыйзамдуулук, өнөктөштүк суроолору кыйындык менен ишке ашат.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 16-октябрдан 22-октябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
onuri
2017-10-17 09:53:27
Негизи Эркектин аты болушу керек е?
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан