“БЕГИМАЙДЫ ИЗДЕЙМ”
– Мен Бишкек шаарынын Совет көчөсүндөгү тигүү цехинде иштеген таш-көмүрдүк Бегимай деген сулуу кызды издеп жүрөм. Ал “Дордой” базары тараптагы Келечек-8 көчөсүндө жашачу. Бегимайды таанып-билгендер болсо же, Бегимай, өзүң окуп калсаң мага байланышка чык. Суранам.
Азамат, тел.: 0708436259
“ГРУППАЛАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?”
– Мен Ысык-Көл облусундагы Маман айылында жашаган курбуларым Бурул менен Кыялды издейм. Экөө тең 1989-жылы туулган. Алар менен №10 лицейде чогуу окуп, Ысык-Көлдөгү “Манас” аэропортунун пансионатында чогуу практикада болгонбуз. Бурул, Кыял жана башка мени тааныган группалаштар, мага байланышкыла.
Айгерим Ашыралиева, тел.: 0550596762
“КУРБУМ ДАМИРАНЫ ИЗДЕЙМ”
– Мен Дамира Өмүралиева деген курбумду издейм. Өзү азыркы Бишкек, мурунку Фрунзе шаарында жашачу. Купан деген Сокулукта жашаган сиңдиси бар болчу. Дамира 1980-жылдары күйөөсү экөө Кадамжай районунун Марказ айылында жашап кетишкен. Дамира, окуп калсаң мага байланыш.
Курбуң Азиза Көчкөнова, тел.: 0776111162
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg
электрондук дарегине кат жазыңыз. Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 32-33-28