ЭЛДИК ДЕПУТАТ КАНАТБЕК ИСАЕВДИ КАМАККА АЛУУ КАНЧАЛЫК МЫЙЗАМДУУ?

ДЕПУТАТ ЖАЛААКОРДУКТУН КУРМАНДЫГЫ БОЛУУДА

Ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди УКМК камакка алды. Анын себеби, Канатбек Исаев кимдир бирөөнө акча берген видеожазуу интернетке тараган. Ага удаа эле кайсы бир кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн телефон аркылуу «Канатбек Исаев өлкөдө баш аламандык уюштурууга аракет кылып жатат» деген маанидеги сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу тарады. Азыр Асандын же Үсөндүн кимдир бирөөгө кызмат акы үчүн, карыз акчаларын берген видеосун колдонуп, кайра ага каршы аудиожазуу уюштура калып бир күндө камап сала турган заманга келиптирбиз. Канатбек Исаев так ушундай карасанатайлык, каратып туруп жалаакорлонгондордун курмандыгына айланганы турат.
Канатбек Исаевге кылмыш иши жөн жерден козголуп жаткан жок. Бийлигин узартууга аракет кылган бир ууч топтун Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүп баштаганын билип, элге чындыкты жеткирип баштады. Бир ууч топко депутаттын бул иши жакпады. Эсиңерде болсо, буга чейин Канатбек Исаев жетектеген «Кыргызстан» партиясы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо алдыңкы орундарды багындырып келген. Элдик депутаттын камакка алынышын азыркы президенттик шайлоого дагы Канатбек Кедейканович активдүү катышып, бир талапкерге олуттуу тоскоолдук жаратканы менен байланыштырууга болот. Исаев бул шайлоодо мураскердин негизги атаандашы, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп чыккан. Өмүрбек Бабанов дагы Канатбек Исаевдин камалышын саясий кысым деп чечмеледи.

ВИДЕО МОНТАЖДАЛГАНЫ БИЛИНДИ

«Чүйдүн көк жал жигити Канатбек Исаевди жасалма көрсөтмөлөр менен шайлоого карата мыйзамсыз камоого алышты» деген пикирлер коомчулукта кеңири айтылып, талкууга алынып жатат. Анын камалышына негиз болгон аудио-видеолордун монтаж экенин, видео кесилип, монтаждалганын телеканалдар айтып, гезиттер, сайттар жазып чыгышты. Видео жазуу монтаж болбогон күнү деле аны камакка алууга шылтоо болуп берген видеожазууда Канат Исаев төңкөрүш, революция кылуу, баш аламандык уюштуруу тууралуу бир дагы жолу сөз кылбаганы көрүнүп турат.

КАНАТБЕК ИСАЕВДИ КОРГОО КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ

4-октябрда Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү. Комитеттин жетекчиси болуп УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев дайындалды. Комитетке Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов жана аттуу-баштуу сарыбагыштын аксакалдары кошулду. Алар мыйзамсыз камалган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин ишин акыйкат, ачык териштирүү талабын койду. Кеңешбек Дүйшебаев Канатбек Исаев өзү президенттикке талапкер катары катталуу үчүн кол топтоо, штабдарды ачуу иштерин жүргүзгөндөгү чыгашаларын, кызматкерлердин эмгек акыларын төлөп берүү максатында акча берген деп эсептейт.
Өмүрбек Текебаев өзүнүн сотунда Канат Исаевге жалган кылмыш иши козголуп камалганын айтып өттү
«Канат Исаевди да мыйзамсыз, эч негизсиз камады. Бүгүнкү бийлик чындап тарыхта калайын деп жатса керек. Бирок ал тарыхта тескери иштери менен калат»,- деди Текебаев.
Бийликке көз каранды эмес юристтер да "Канатбек Исаев мыйзамсыз камалды" деген пикирлерди айтышууда.
4-октябрда өткөн маалымат жыйында Чүйдүн элинин аксакалдары «Канат Исаевдин иши мыйзам чегинде иликтенсин, болбосо ар кандай чаралар колдонулушу мүмкүн» деп эскертишти. Бирок эл ишенет, Канат – Көк жал! Баарына чыдайт! Убагы келгенде кыянат жасагандарга татыктуу жоопту берет!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан