«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


– Сен мага сөз берчи «Жамиля, мен канча жыл жашасам да, башка аял алып башка менен бактылуу болсом да, сени эч качан унутпайм» деп.
– Андай болбойт да.
– Эмнеге? Унутпай, ичиңден бирөөнү сүйүп жашай берсе такыр болбойбу?
Алибек үн катпады. Бир топтон кийин башын көтөрүп мындай деди.
– Мен сага андай убада бере албайм. Сени бул жерден алып кетем. Эгерде алып кете албасам, анда унутууга тийишмин. Болбосо минтип жашай албайм, жаным. Кана, эми мага баарын айтып бер.
Жамиля болгонун айтып берип жатты. Келгенден баштап акыркы күнүнө чейин эч бир окуяны жашырбай айтты. Акырында көзүн жумуп өкүмүн күткөн күнөөлүүдөй отуруп берди. «Алибек азыр мени сөгүп туруп кетип калса эмне кылам? Мен аны көрбөй кантип жашайм?» деди жан талаша. Алибек тура калып «өлтүрөм, ал кайда, азыр башын жулам!» деп да кыйкырган жок. «Сен ушундай экениңден улам бул иш болду» дебеди дагы. Көпкө ойлонуп отурду, өзү менен өзү күрөшүп.
– Канча болду боюңдагы балага?
– Билбейм, менимче, 3-4 ай. Балким, андан да көптүр.– Мени жакшылап ук, азыр мага жолукканыңды билдирбе. Эч кимге шек алдырба. Мен Данияр деген журналист байкеге жолугуп калгам. Мен ага сени издеп жүргөнүмдү айткам. Бул иште эмне кылыш керек экенин ал жакшы билет. Бизге жардам берет.
– Сен... Мени кечиресиңби?
– Сени күнөөлөбөйм, жаным. Сени бул жакка кетирбей алып калышым керек эле. Эгерде сен канча күнөөлүү болсоң, мен да ошончо күнөөлүүмүн. Мен сени бул жерге таштабайм, балаңды да. Чогуу кетебиз. Бир жолун табам.
Алибек ушуларды айтты. Ызасы, кызганычы муунтуп жатса да Жамиляга бир ооз жаман сөз айтпады. Көзүнүн жашын билдирбей сүртүп алды да, Жамиляга эркелете күлө карады.
– Баары ордуна келет. Ишен мага, жаным.
Жамиля кучактап алды. Бекем, күчтүү, жыпжылуу кучак. Эбегейсиз чоң шаарда, деңиздин шамалынан, дүйнөнүн адилетсиздигинен, бардык жамандыктан коргоп ала турган адамы бар. Ал мына жанында. Дүйнөдө мындан артык бакыт болмок беле?

ххх

Сарайдын ичинде күңкүлдөшкөн үндөр.
– Акырын, угулуп калбасын.
– Угулбайт, мен акырын.
– Жинди...
Күшүлдөп-бышылдап чыккан үндөр бир аздан кийин басылып, жай сөзгө өтүштү. Бул Жамилянын сиңдиси Нуриля эле.
– Бул жоругубуз элге билинсе...
– Эмне билбейт дейсиңби?- жигит мыскылдуу карады. Кыз ага таң кала карап отуруп калды.
– Сен мени аласыңбы?
– Сени алсам соттолуп кетпеймби? Мектепти бүтө элек болсоң.
– Аз калды, жакында бүтөм.
– Анда ошондо сүйлөшөбүз.
Өңдөрү тамчы суудай окшош бир тууган эки кыздын мүнөзү таптакыр эки башка эле. Жамиля токтоо, сабырдуу, намыскөй болсо, Нуриля жеңил ойлуу, ойноктогон, тез кайгырып, тез унуткан, чүпүрөк-чапырак, байлыктан башканы ойлобогон жан болчу. Нуриля өзүнүн сулуулугун эрте сезди, келбети эркектер үчүн чоң куралы экенин билип, колдонууга өттү. Жамиля болсо ушу кезге чейин өзүнүн сулуу экенин байкачу эмес. Байкаса да жөн гана Жараткан ыроологон белек деп кабыл алчу.
Арзуу адамга терең карай билбеген адам. Бул жолу да ал Нуриля кош бойлуу экенин элден кийин билди. Ушак кулагына жетери менен үйгө чуркады. Алма жеп отурган экен, апасынын өңү кубарып кирип келгенин көрүп ордунан тура калды.
– Чынбы?!
– Апа-а...
– Чынбы деп жатам?! «Боюнда бар» деп айтышты...- деп келе жатып кызынын тулку боюна көз жүгүртүп келип шалдырап отуруп калды.
– Сен эмне кылдың, ыя?! Сен менин кыялым эмес белең? Мен сени бери дегенде университетке окутуп... Бул эмне?!
Чаңырды, кыйкырды, жулкулдатып колу да тийди кызына. Бирок чындык деген чындык эле. Бөрсөйгөн курсагын эч кайда алып бара албайт болчу.
– Кимден бул?
– Апа-а, мен...
– Касымдын чалагайым баласынанбы? Ушул жерде эле жүрүп калчу эле.
Нуриля жер карап туруп берди. Түртүп жиберип Арзуу сыртка жөнөдү. Ыйлап бара жатты. Биринчи жолу ичи ачыша жаны кашайып кетип бара жатты. Анткени Нуриля энесинин кыялы болчу. Эмне кыялданса ушул кызына байланыштуу эле. Мен жетпеген нерсеге кызым жетет деп ойлочу. Бери дегенде депутаттын уулуна күйөөгө берем деген кызы минтип... Касымдын чалагайым баласына эч ыраа көрбөй ыйлап бара жатты. Нуриля ошол эле күнү жигитинин алдында бырылдап отурду.
– Апам билип калды. Эми эмне кылабыз?
– ...
– Арген дейм. Апам билип калды дедим. Уккан жоксуңбу?
– Ой, угуп жатам. Дүлөй эмесмин, ойлонуп жатам.
– Ойлоно турчу эмне бар? Айт ата-энеңе, келип колумду сурашсын.
– Жок, азыр болбойт. Азыр шартыбыз жок, анын үстүнө мен жакында чет өлкөгө иштегени кетем.
– Эмне?! Эмнеге мага айткан жоксуң сен?
Дулдуюп отуруп берген жигитти коркунуч менен тиктеди.
– Кечир, азыр үйлөнө албайм,- деди ал көзүн ала качып. Селдейип турган кызга башка эч нерсе айта албады.

ххх

Керем Жамиляны тиктеп турду. Бир өзгөрүү болгондой. Бир аптадан бери көзүндө бир жалт-жулт эткен жалын пайда болду. «Эмне болду буга?» деп кобуранып алды. Аркасынан ээрчиген адамды алып койгон, кайра коюшу керекпи? «Эмне болушу мүмкүн?» деп эки анжы ойдо болуп, өзү артынан аңдымак болду. Жамиля болжошкон жерге келди да ары жак-бери жагын каранып алды. Алибек негедир көрүнбөдү. Бир аздан кийин алыстан карааны көрүндү эле, өзүн токтото албай ылдамдап басып, анан жүгүрүп жөнөдү.
– Абайла, Жамиля!- деди келе жаткан Алибек.
Уккан жок. Уга турган абалда беле? Тим эле көрүшпөй калган күндөр кылымга барабар болуп кетип баратса. Жамиля жүгүрүп жөнөгөндө эле таң кала тиктеп турган Керем айланасын карап, анын каршысында ылдам басып келе жаткан кең далылуу жигитти көрдү. Ал дагы шашылганы менен, жүзүндө бир токтоолук бар. «Бул ким?» деди таң кала Керем.
Бул абалга аныктама бере албай карап турду. Ушу кенедей кыз мынчалык айлакерликке барат деп ким ойлоптур.
Экөө жетип кучакташып калышты. Жамилянын жүзү анын машинасын карап тургандыктан, жүзүн даана көрүп турду. Сүйүнгөндө көзүндөгү нурлар көбөйүп, супсулуу болуп кетет тура. Оозун жапканга алы келбей тура берди Керем. Андан да бутунун учуна тура калып узун бойлуу жигиттин моюнунан жыттап, экөө өбүшө кеткенде даана өлдү. «Мүмкүн эмес! Бул түшүм болуш керек» деди өзүнө-өзү. «Жок, бул Жамиля эмес» деп жатты акыл-эси көрүп турганын танып.
Ичинен миллион жолу кайталаса да реалдуулук болчу. Ичи куйкаланып тирүүнүн өлүгү болуп турду. Өзүмдүкү деп менчиктеп алган, көңүлү бурулуп ошол менен таң атып, күн батып калган адамы экенин бүгүн анык сезди.
– Сен сүйлөштүңбү? Эмне болду?
– Данияр байке менен сүйлөштүм. «Түрк жаранына тийген адам бир катар мыйзамга баш ийиш керек» деп айтты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
yujanka.AS
2017-10-17 09:04:07
Керем эч жакка чыгарбай койот эми((
+5
mirana9395
2017-10-17 09:12:21
коп-коптон жазгыла супер инфо,бир жума кутконубуз Бир минутка да жетбейтатко
+8
nazgulakmatova909716
2017-10-17 09:22:23
Коп-коптон жазгылачы 1жума 1жылдай сезилет
0
Dilbaranurdinova
2017-10-17 10:11:06
Алибек.....
0
nurhan2702
2017-10-17 11:31:19
Керем дегени аябай кара ниет экен. Же озу барктап суйо албайт, же башкага ыраа корбой
+10
Eliza.nurjanovna
2017-10-17 13:08:01
Бул жагы КАРА СЕВДА болуп кетти го
+4
alisha00
2017-10-17 13:41:50
Өлдүү эми
0
aizira
2017-10-17 14:09:52
Кино тартса болчуудай. Мен турк кинолорун коп кором. Так эле ошолордой элестетип окуйм ар бир санын
+2
Girl1996
2017-10-17 18:10:53
Daniar baikeleri jardam berip alyp ketet ko Jamilany.
+1
karonalaif
2017-10-17 21:11:21
олаа канчадан бери куттум еле бат еле бутуп калбадыбы ((((
+1
originalkgz96
2017-10-18 00:22:34
Ммм
0
dervisha
2017-10-23 10:06:10
Жашоодо болгон окуя болсо бул чыгарманын автору журналист Данияр байкеси болсо керек эле)
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-23 12:29:54
Эртен окуйбуз жанысын. Супер инфо чагарманы окуучалар жааматынын атынан суранам кобуроок чыгарчылачы!! Же кыска чыгармабы? Ошол учун аздан чыгабы?
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан