КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ

«Сагынганда», «Сүйүү аптабы» жана Султан Садыралиев менен бирге «Арноо» деген дуэти менен угуучулардын купулуна толуп келе жаткан жаш ырчы Кайрат Примбердиев менен тааныштырабыз.

Кайрат Примбердиев 1985-жылы 24-ноябрда Каракулжа районунун Ылайтаба айылында төрөлүп, Талас районунун Көкой айылында өскөн. Учурда Талас Мамлекеттик университетинде сырттан окуйт. Музыкадан сырткары стол үстүндөгү теннис ойногонду жана кечки шаарда сейилдөөнү жактырат.

Кайрат, канча жашыңдан ырдап баштагансың?
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, үч жашымдан. Коңшу жашаган 70 жаштагы апа менин ырдаганымды абдан жакшы көрчү экен. Мен ал апага Вячеслав Добрыниндин «Синий туман» деген ырын ырдап бергенимде ал мага токоч, боорсок, таттуу нерселерди салып берип кубантчу тура. Кыскасы, менин алгачкы күйөрманым ошол кары апа болуптур. Бирок, ал кезде ырчы болуу оюмда да жок эле. 8-класста окуп жүргөндө биздин класска Султан Садыралиев келип кошулду. Султан мектептеги жакшы ырдаган балдардан болчу. Аны көрүп менде да чыгармачылык эргүү пайда болуп, күч алып, ага кошулуп мектептеги конкурстарга катышып ырдап чыга баштадым. Мектепти бүткөн соң Султан шаарга окуганы тапшырып кетти. Мен болсо Таластагы окуу жайда окуп калдым. Кийин Султан Таласка барып: «Сен эмне айылда жүрө­сүң? Сен ырдап чыксаң болот» деп демиме дем кошкон кеңешинен улам шаарга келип, чоң сахнада өзүмдү сынап көрүүнү чечкем.
Султан менен бирге дуэт ырдап калууңа да тааныш экениңер себепчи тура?
– Ооба, мен биринчи обонун да, сөзүн да өзүм жараткан «Малышка» деген орусча ырымды аранжировкалатып даярдап койгон элем. Бирок, кайра эмнегедир сахнага алгач кыргызча ырдап чыгууну туура көрдүм да, ырымды кыргызчага которуп, ага жаңыча «Арноо» деген ат ыйгардым.Ошол күндөрү Султанга кезигип калдым. Султан ырымды окуп көрүп жактырып, «дуэтке ылайыктуу экен, дуэт ырдап чыгалы» деп сунушун киргизген. Ошентип, дуэт ырдап калганбыз.
Демек, өзүң ыр жазат турбайсыңбы. Ырларыңды кандай учурда жаратасың?
– Таласта үйүбүздөн алыс эмес жерде кооз токой бар. Ошол токойго барып, бакка жөлөнүп алып ырларымды жаратчумун. Кээде ошол токойду сагынам. Ал эми шаарда жашай баштагандан бери бир жыл ичиндеги ырларым ар кандай учурларда жаралып келүүдө.
Учурда продюсер менен иштөө популярдуу болуп кетти, сенин да продюсериң болсо керек?
– Ооба, учурда продюсерим Динара Эсенгулова. Динара эже менен Султан аркылуу таанышып, чогуу иштешип калганбыз.
Ырларыңа клип тарттырам деген оюңда барбы?
– Ооба, буюрса продюсерим менен биргеликте жакында клип тарттырабыз.
Көңүлүңө жаккан адамың барбы?
– Азырынча көңүлүмө жаккан адамыма жолуга элекмин. Бирок, жолугаарыма ишенем.
Кандай кыздарды жактырасың?
Кыздардын сырткы келбети мен үчүн маанилүү деле эмес. Негизгиси, ички дүй­нө­сүнүн таза болушун каалайм.
Теледен көр­гөн кыздар сени көчө­дөн таанып калышса керек?
– Ооба, «Хит-парадга» чыккандан бери көчөдөн таанып, автограф сурагандар көбөйө баштады.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан