HI-TECH NEWS

СПИННЕР-ТЕЛЕФОН САТЫККА ЧЫКТЫ

Гонконгдук «Chilli International» компаниясы Дүйнөдө биринчи жолу мобилдик телефондун да, спиннердин да функциясын аткарган гаджет чыгарды. Стресстен да арылтып, байланыш да түзүп бере алган бул телефон «К188» деп аталып, жөнөкөйлүгү, чакандыгы жана ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт. Ал кичинекей болгону менен, файлдарды сактоо көлөмү 8 ГБ түзөт. Аны кадимки телефондордой эле интернетке туташтырып, аудио угуп, видео көрсө болот. Бирок тиркемелерди көчүрүүгө болбойт. Бул ыңгайсыздыкты эске алган өндүрүүчүлөр «К188» башка гаджеттер менен байланыша алсын деп атайын браузер жана чубалгылары жок bluetooth-модуль орнотушканын билдиришкен. Спиннер-телефон азырынча Индиянын аймагында гана сатылат, баасы 20 доллар.

«CASIO» КЕЗДЕМЕ, ЖЫГАЧТАРДЫ БАСЫП ЧЫГАРГАН 2,5D ПРИНТЕР ИШТЕП ЧЫКТЫ

Компаниянын инженерлери тарабынан иштелип чыккан Mofrel деп аталган принтер булгаары, жыгач, кездеме түрлөрүн жана башка ушуга окшош материалдарды сапаттуу түрдө 16 миллиондой түскө боёп басып чыгара алат. Принтерден чыккан материалдардын сапаты алардын түп нускасынан аз эле айырмаланат. Мисалы, басылып чыккан булгаарынын майда жаракалары, тигилиштери кадимки булгаарыга абдан окшош. «Casio’нун» өкүлдөрүнүн айтымында, мындай кездемелер үй-жайды, кийим-кечени кооздоо үчүн чоң табылга болот. Аталган принтер А4 форматындагы атайын кесимди 5 мүнөттүн ичинде «жыгач» же «кездеме» кылып коё алат. Ушундай көлөмдөгү 1 кесимдин баасы 10 доллардын тегерегин түзөт. Ал эми Mofrel принтери 44 миң доллар турат. Компания үйгө арналган мини-Mofrel’дерди чыгара баштаарын айтат. «Принтердин кичирейтилген варианты негизинен үй-жайга арналып, баасы да арзаныраак болот» дешет өндүрүүчүлөр.

«SONY» AIBO РОБОТУНУН ЖАҢЫЛАНГАН ВЕРСИЯСЫН ЧЫГАРАТ

«Sony» корпорациясы бул күчүк-роботту биринчи ирет 1999-жылы чыгарган. Aibo деп аталган жасалма күчүк өз алдынча басып, айлананы көрүп, угуп жаткандай реакция кылып, ал тургай ээсин жүзүнөн таанычу. Аны менен катар анын маанайы кээде чөксө, кээде куунак болуп турчу. Ушундай уникалдуулугу менен бул оюнчук өз учурунда популярдуулукка жеткен. Эми арадан 18 жыл өткөндөн кийин корпорация Aibo’ну кайрадан жашоого алып келүүнү чечти. AIBO – «Artifical Intelligence roBOt» – жасалма интеллекттүү робот же «аibo» япон тилинен «сүйүү», «байлануу» деп которулат. Күчүк-роботтун дизайнын сүрөтчү-иллюстратор Хадзимэ Сораяма иштеп чыккан. «Sony’нин» өкүлдөрү азырынча жаңы модель кандай болору тууралуу маалымат берише элек. Бирок анын программалык түзүлүшү бардык каалоочуларга белгилүү болот дешет. Ошондуктан башка компаниялар роботтун ишин жакшыртуу үчүн атайын кошумча программаларды иштеп чыга берсе болорун айтышат.

«ЯНДЕКСТИН» АЛИСАСЫ СИЗ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП, АНЕКДОТ АЙТЫП БЕРЕТ

Бул үн интерфейси "Apple`дин" Siri`си сыяктуу иштейт жана аны менен кадимкидей маектешсе болот. Алиса контекстти жаттап алып, ошол замат импровизация менен сурооңузга жооп берет.
Алисанын негизги жумушу – смартфон колдонуучуларга жардам берүү. Андан телефондогу кайсы бир тиркемени же сайтты ачышын сурансаң, ошону ача алат. Андан тышкары телефондун ээсинин буюртмасы боюнча музыка коёт, акыркы жаңылыктарды, аба ырайын айтат, муктаждыкка жараша картадан колдонуучуга керектүү жайларды издеп таап, ал жерге кантип жетсе болорун түшүндүрүп берет»,- деп айтылат «Яндекстин» блогунда.
Ошондой эле Алиса кызыктуу окуяларды, анекдот жана жомок айта алат. Аны орус актрисасы Татьяна Шитова сүйлөтөт.
Бул үн кызматын «Яндекстен» iOS жана Android системдеринин колдонуучулары көчүрүп ала алат.
Интерфейсти "Яндекс" сентябрдын аягында компаниянын 20 жылдыгында элге сунуштады.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан