ТОЮМДУУ ПИРОГДОР

Күн сууктаган сайын организм ысык, тоюмдуу, калориялуу азыктарды талап кыла баштайт. Андыктан сиздерге тоюмдуу, даамдуу пирогдордун рецепттерин сунуштайбыз.

БРОККОЛИ+ СЫР ПИРОГУ

Даярдоо убактысы: 60 мүнөт

Порциясы - 8


Керектелүүчү азыктар:

Камыр үчүн:
Каймак май
– 150 грамм
Ун – 2 стакан
Каймак – 200 грамм
Жумуртка – 5 даана
Сыр – 100 грамм
Брынза – 70 грамм
Брокколи – 400 грамм
Татымына жараша туз, мурч


Даярдоо ыкмасы:

  • Каймак майга 1 жумуртка, 1 аш кашык каймак, татымына жараша туз салып аралаштырабыз. Эми буга унду салып камыр жасайбыз да, 20 мүнөт муздаткычка сала турабыз.
  • Брокколинин гүлдөрүн ажыратып, туздуу сууга 3-4 мүнөт кайнатып алабыз.
  • 4 жумуртканы чалып, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз.
  • Камыр тыныккан соң аны жайып, электр мешинин табасына чөйчөк формасында салабыз. Табанын ичин майлап алууну унутпаңыз.
  • Камырдын үстүнө жумуртка менен сырдын аралашмасын куюп, үстүнө брокколини тизебиз.
  • Брынзаны чоң-чоң туурап, пирогдун үстүнө салабыз.
  • Пирогду 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 40-45 мүнөттө бышырып алабыз.
  • Табитиңизге жараша бул пирогго сууга бышырылган козу карын, помидор, болгар калемпирин кошсоңуз да болот.


«ҮЛҮЛ» ПИРОГУ

Даярдоо убактысы: 60 мүнөт

Порциясы - 8


Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр
– 450-500 грамм
Сыр – 400 грамм
Жумуртка – 1 даана
Күнжүт – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

  1. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Бул пирогго табитиңизге жараша сырдын 2-3 түрүн жана укроп, шпинат сыяктуу көктөрдөн кошууга болот.
  2. Каттама камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта тегиз жайып алабыз да, энин 4-5 сантиметр кылып кесимдерге бөлөбүз.
  3. Кесимдердин ортосуна сырдан салып, эки тарабын бекитип, камыр түтүкчөлөрүн жасайбыз.
  4. Электр мешинин табасынын ичин майлап, даяр түтүкчөлөрдү тыгыз оройбуз. Эскертүү! Камырдын кошулган жери төмөндү карата салынышы шарт.
  5. Жумуртканын сарысын бөлүп алып, пирогдун үстүнө сүйкөйбүз да, күнжүттөн себелеп, 180-190 градуста ысып турган электр мешине 30-40 мүнөт ичинде бышырып алабыз. «Үлүл» пирогу даяр!


ТОРДОЛГОН СОСИСКА

Даярдоо убактысы: 60 мүнөт

Порциясы - 8

 

Керектелүүчү азыктар:
Даяр каттама камыр
– 450-500 грамм
Сосиска – 7 даана
Жумуртка – 1 даана


Даярдоо ыкмасы:

  1. Каттама камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, ичке, узун-узун кылып кесип алабыз.
  2. Ар бир экинчи кесимди артка кайрыйбыз да, сосисканы коюп, үстүнө кесимдерди жабабыз.
  3. Экинчи сосисканы коёрдон мурун ылдыйда калган кесимдерди кайрыйбыз. Ушинтип аягына чейин алмак-салмак кайталап, сосискаларды тордойбуз.
  4. Сосискалар аягына чейин тордолуп бүткөндө камырдын четин жакшылап бекитебиз да, бетине жумуртканын сарысын бөлүп алып сүйкөйбүз.
  5. Пирогду 200 градус температурада ысып турган электр мешинде 30-40 мүнөт бышырып алабыз



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Razzak.kg
2017-10-17 13:15:42
Сосиска пирогу жакты, созсуз жасайм!!!
+3
alhamdu
2017-10-17 16:28:51
Razzak.kg,сосиска колбаса жебегиле мумкун болушунча
-3
deva
2017-10-17 18:08:33
alhamdu,адал дегендерди жесек болобу?
+1
Dilbaranurdinova
2017-10-18 11:50:24
админка бат жасала турган салат турлорун жонотунчу сслкасын
+2
tenteeeshka
2017-10-24 04:38:10
Rahmat
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан