Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ МЕНИ СҮЙӨТ, МАГА ИШЕНЕТ»

Адаттагыдай бул жуманын шаршемби күнү SUPER.KG порталында түз эфир старт алды. Окурмандардын суроолоруна жооп берүүгө актриса жана ырчы Асема Токтобекова келди. Бир да суроодон буйтап өтпөй ачык жооп кайтарган Асема порталдын колдонуучуларын зериктирген жок.

– Асема, салам! «Боз салкындай» элге алынып кеткен тасмага тартыла элексиз. Жакшы сунуштар түшпөй жатабы?
– Жакшы кинолор тартыла элек. Тартылса сөзсүз катышам. Айрымдар «эмнеге өзүңүздүн тасмаңызга өзүңүздү тарта бересиз?» деп сурашат. Бул мага ыңгайлуу. Себеби бирөөгө баш ийип, анын жашоосуна аралашкым келбейт.

– Кино тармагында иштегендерден «Асеманын мүнөзү өтө начар, режиссёрлор менен иштеше албайт. Ошондуктан өзүн-өзү тартып жүрөт» деген кептерди уктум эле...
– Мен эмнеге актанышым керек? Чындыгында мүнөзүм оор. Мени кан соргуч деп айтышат. Кыялымды жөн жерден көрсөтпөйм. Болгону тактыкты, сөзгө бекем турганды талап кылам. «Асема канды сорот, башты оорутат» дешкени мен үчүн сыймык. Демек, ошончо деңгээлде ордум бар, алар мени угушат, коркушат, сыйлашат.

– «Асеманы Казакстанга киного тартылууга чакырышыптыр, алар менен иштеше албай кайра келиптир» деп жүрүшкөн, ушундай болду беле?
– 8 жыл мурун «Шелест листвы» деген тасмага тартылууга чакыруу алгам. Бирок режиссёрдун мамилеси жаккан жок. Андай мамилеге татыктуу эмесмин. Ал мени шылдыңдагансып, басынткансып сүйлөп жатты. Ролду ойноп көрсөтүп жатсам, ордунан туруп басып кетип туура эмес мамиле кылды. Мени жол арытып келтиргенден кийин бир орунда отуруп, көңүл буруп ойногонумду көрүп алышы керек болчу. Ошондуктан иштешпей кетип калгам.

– Учурда Кыргызстанда №1 актриса ким деп ойлойсуз?
– Мен да?! Тамаша! Аны эл чечет. Ушул убакка чейин сыйлык алган эмесмин. Менин сыйлыгым жолдошум, уул-кызым. Бирок акыркы убакта Рахат Божокоевага көңүлүмдү буруп жүрөм. Анда өң-келбет бар, жакшы таптаса бир нерсе чыгат деп ойлойм.

– Асема, сизди актриса катары жакшы баалайм. Бирок ырчы катары баалай албайм. Катуу айтсам кечирип коюңуз, ырчылыкты жөн эле койбойсузбу?
– Бул менин жеке кызыгуум. Кудайга шүгүр, аздыр-көптүр күйөрмандарым бар. Сөзсүз эле опера ырчысындай ырдаш керекпи? «Мени уккула» деп эч кимди кыйнаган эмесмин, кыйнабайм дагы.

– Жолдошуңду теңиңе албагандай көрүнөсүң, тааныштарымдан да ушинтип уктум эле...
– Кайдан көрдү болду экен? Анткени жолдошум экөөбүз түнкү саат 2де эле көрүшөбүз. Анын жумушу башка, меники башка. Бул суроону мени жаман көргөн адам жазып жатат болуш керек. Биз адамбыз, урушабыз, таарынышабыз, жазылабыз. Бирок биздин үйдө чыны, үтүк сыяктуу буюмдар «учпайт». Биз бири-бирибизди сүйөбүз, сыйлайбыз. Балдарым бактылуу, тынч жашоодо жашайт, ошол жетиштүү. Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы сыйга, үй-бүлөбүзгө суктанган адамдар бар. Ал мени эмнеге колдоп келатат дейсиз? Анткени сүйөт, ишенет. Муну жумушумдун өсүп-өнүккөнүнөн баамдасаңыз болот.

– Кээде сиздин тасмаңыздан ачык сценаларды көрүп калабыз. Андай эротикалуу эпизодду «Көк-Жал» фильминен көрдүм эле...
– Менин тасмамды ачык деп жатсаңар, анда кинодо сүйүүнү көрсөтпөй эле коюш керек. Биз ошондо Азатты (ред.: актёр Азат Кусеинов) сүйдүрө албай кыйналганбыз. Ал колуңду кармаганды же бетиңди сылаганды билбейт. Айла жок ошол эпизодду тарттык. Анын үстүнө аны ачык деп эсептебейм.

– Күйөөңүз кызганган жокпу?
– Күйөөм тасма тартып жатканда жанымда жүрөт. Ал Азатка кандай сүйүштү үйрөтүп, көрсөтүп жатты. Жазында Болотбек Тилек менен 18+ кино тарталы деп жатабыз. Ал экинчи режиссёр болот. Башкы каарманды мен ойнойм. Силер бардыгына даяр болгула, мен да даярмын.

– Сиз башкы каарманды ойногон тасмада кинонун режиссёру сизди жактырып, артыңыздан катуу чуркаган деген имиштер бар, жообун өз оозуңуздан уккум келет.
– Ал киши тууралуу айтсам, үй-бүлөсү туура эмес кабыл алат. Аялы бар эркектер менен иштешүү кыйын. Анткени аялына эч нерсени далилдей албайсың. Баары бир ишенбейт, уруш-чатак чыгарат. Сүйүү – бул оору. Ар бир адамдын башынан сүйүү өткөн, аны мазактабаш керек.

– Сени кичүү келин экениңди билебиз. Эгер кайненең «Баткенге келип жашайсыңар» десе макул болот белең?
– Дайыма кайненем каалагандай болот. Ал айтса барып жашамакмын. Акыры сөөгүм ошол жерге коюлат да.

– Айымдар стресстен арылыш үчүн кийим сатып алышат дешет. Сиз көңүлүңүздү кантип көтөрөсүз?
– Менин көңүлүмдү акча көтөрөт. Акчаны көрсөм жыргай түшөм. Кийимге көп кызыкпайм. Бирок башка бирөө мага окшош кийинип жүрсө дароо чечип салам.

– Душманыңыз барбы, алар кимдер?
– Ийгиликтүү адамда душман болот. Аларды жакшы тааныйм. Кээ бири күлүп жайласа, экинчиси эски жараны эстетип жайлайт. Кичине кезимде бир кызды топко кошпой жүрчүмүн. Аны менен кийин бир кинодон кезигип калдык. Ал мени аябай жек көрөт. Кинолорумду, чыгармачылыгымды жамандап жазат. Ийгиликке жетпеген, кебетесине ыраазы болбогон адам ич күйдүлүк кылат экен.

– Акыркы убакта атактуулар тишине брекет салдырып, тиш түздөөнү адатка айлантып алышты. Алардын катарында сиз да барсыз...
– Чыгармачылыктагы адамдардын арасынан биринчи болуп брекет салдырган мен болдум окшойт. 1 жылдан бери тагып жүрсөм да аябай кыйналып кеттим. Жакшы күлө албайм же сүйлөй албайм. Бир жолу «болду тажадым, чечем» десем, жолдошум «сени ушунчалык чыдамкай, кыйын кыз экен деп жүргөм, көрсө жаңылыптырмын» дегенде «ушунча болду чыдайын» деп чечпей калдым.

– Мурдагыдан да сулуу болуп калгандайсың. Сулуулукка кандай кам көрөсүң?
– Мени сулуу кылып сүрөткө тарткан – бул Айфон. Сулуулугума эч кандай кам көрбөйм. Сулуулук салондорунун кызматын колдонбойм, өзүм боёном. Сулуумун деп эсептебейм, бирок өң-келбетиме нааразы эмесмин.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы, актриса Асема: "18 жаштан жогоркулар үчүн тасма тартам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
sayana
2017-10-18 02:35:59
Окшош болуп калса чечип салса ысырафчылык, кудайга жакпаган сапат дейбизби, ошол кийимге муктаж болгондорго бериш керек жок дегенде. Башкасын алганга акча бар чиренип атасын, жок болгондо 1оо эмес 10 адам ошондой кийсе деле киет адам.
+7
erkeleim
2017-10-18 02:46:58
Такыр жакчу эмес корбой окубай бул келинден айлынып отчумун кайненен баткенге кел десе эмне кыласын десе апам айтканы болот дегенин окуп алып озумчоле суйунуп журом кайненесин сыйлайткен азамат деп
+2
Nibiru.
2017-10-18 05:31:52
erkeleim,сен да бир кызык неме коруносун. Ал жон гана ошентип, конул учун суйлоп койду да. Чакырбасын, кел дебесин билет эн сонун. Кел, болду уйдо болосун десе, ошол кайненесинин баласы менен ажырашып кетер жон эле.
+7
Bilal2014
2017-10-18 17:01:27
Кайненеси чакырса жизнь барвайт.
+3
tamchy555
2017-10-18 20:07:08
Күйөөңүз кино тартуу учурунда сиздин артыңыздан жүрүп,өпкөн эпизоттордо башка эркектерге үйрөтүп берип жатса,билбейм кандай эркек?Мага ишенет депсиз.Кызганыч балким,ишенимдин жоктугунан эмес жакшы көрүүдөн,сүйүүдөн,эркектик намыстан болот

18+ кино тартсаңыз бул жакта "хит" болуп кетишиңиз мүмкүн,бирок жердин түбүнө киргенде жооп берүү бир топ эле кыйынга турат деп ойлойм.

Мен кийип жүргөн кийимди бирөө кийгенин көрсөм,чечип салам депсиз,бирөөдөн калган кийимде
+2
gulzat85
2017-10-18 20:44:04
Ырдай албайт.боз салкында жакшы ойногон.
+1
Saliha91
2017-10-18 21:13:41
Buga emne bolgon kaiwalandap jon suiloboi kalyptyr
+3
maks123
2017-10-19 20:08:24
Ишинизге ийгилик сиздин аткарган кинодогу рольдорунузду эн мыкты деп баалайм жана дагы жаны тасмаларды кутом
+2
Aikoo2014
2017-10-19 22:39:24
18+ кинону жон койбоптур. Тайрандап баштагандар узака узабай калды эле, булда бир кун ажырашып тынбасын.
0
Beka.kaba
2017-10-20 12:20:27
Жон еле суйлой бетбегилечи оозум бар деп ХХХ жакшы соз чыкпайт чынында асема кыйын кыз ырлары катышкан кинолору мага жагат
0
Nanei
2017-10-20 16:12:52
Актриса одной роли.
+1
Sanjar96kgz
2017-10-22 01:28:57
Чындык ушундай ачуу болот достор,баарыңар чычаладыңар го,
0
Abdizhapar
2017-10-23 10:05:22
Жок эле нерсеге кыпчып айфонун мактанып сен ошондой ачык ролго тартылып жатсан карап турган ХХХ
0
Abdizhapar
2017-10-23 14:46:41
Куйооно рахмат ошондой ролдорго тартылсан карап турган ХХХ
0
cfif03748
2017-10-24 00:45:24
Ой боой.коменттерди окуп алып.жалан Асеманы коро албагандар топтолуп алышканбы деген ойго кеттим.
0
perish
2017-11-04 19:30:33
Мага жакеты интервью,жасалмаланбай барын туз айтыптыр,А то кээбир газетадан башы тушпой калган ырчы ой мен кыйынмын,мен жонокоймун,мен идеальнаямын Деп эле тишин орсойто берет...Асема барын ачык суйлоптур.Озубуз деле жашоодо идеальный эмеспиз го,биз интервью берсек(эгер вообще бироо Жарым чакырса ))))ушундай эле болобуз да.Без фальша,спокойно,уверенно суйлогон кыз экен.Лично мен ишендим.
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан