«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурланбек Шакиев: «КОНСТИТУЦИЯ КЕЛЕЧЕККЕ ЫЛАЙЫКТАЛСА...»

Блицмаек

Өлкөбүздү кайрадан шайлоо толкуну каптады. Жаңыдан партиялар түзүлүп, айрымдары өз катарына ийгиликтүү ишкер, коомдук кызматкерлерди тартууда. Алардын бири – Нурланбек Шакиев.

– Нурланбек Тургунбекович, апрель окуясынан кийин ЭлТРдин башкы директорлугунан кетип калдыңыз. Андан бери эмне менен алексиз?
– Жумушумду өткөрүп бергенден кийин туура жыйырма күн таптакыр телевизор көрбөй, гезит окубай, үйдө эс алып, үй-бүлөмдүн маңдайында болдум. Чынын айтсам, көп жылдардан бери мындай эс алган эмесмин. Жыйырма күндөн соң ар кайсы саясий топтордон, өлкөбүздүн эртеңине кайдыгер карабаган атуулдарыбыздан ар кандай сунуштар, чакыруулар болуп, эс алууну жыйыштырууга туура келди. Тактап айтканда, кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешине кирип, партиянын иштери менен алпурушуп жүрөбүз ушул тапта.
– Бул жаңы түзүлгөн партиябы?
– “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2006-жылы Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. Мадумаров мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөндүктөн, төрагасы башка адам болгон.
Учурда өлкөбүздүн бардык облустарында партиянын кеңселерин ачып, облустук, райондук комитеттерин түзүп жатабыз. Июнь айынын башында кезектеги Курултайыбызды өткөрөбүз.
– Учурдагы кырдаалга силердин партиянын көз карашы кандай?
– Коомчулукка маалым болгондой, 11-май күнү биздин партия Кыргызстандын элине алгачкы кайрылуусун жолдоду. Кайрылууда учурда Убактылуу өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат кескин сындалып, өлкөбүздөгү бардык саясий тараптарды тезирээк бийликтин жаңы органдарын мыйзамдаштыруу үчүн биригүүгө жана артты карабай, алдыга жылууга чакырык таштаган.
– Референдумга коюлуучу Баш мыйзамдын долбооруна кандай пикирдесиздер?
– «Бүтүн Кыргызстан» Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болуп, колдобой турганын билдирген. Тактап айтканда, биз парламенттик башкарууга каршыбыз. Биздин өлкөдө күчтүү президент, күчтүү көзөмөлдөөчү парламент жана кулачы кең, күчтүү аткаруу бийлиги болушун жактайбыз. Сунуш кылып жаткан долбоордо президент бир эле мөөнөткө шайланат экен. Демек, бир мөөнөткө шайланган президент эч качан жарытып иштебейт. Анткени ага эптеп убакыт өтсө болду. Ал эми эки мөөнөткө шайлана турган президент белгилүү деңгээлде эмгек өтөп, экинчи мөөнөткө барышка жандалбастайт. Анан дагы бир жагдай, аталган долбоордо “өлкөнүн ички, тышкы саясатын парламент аныктайт” деп жазышууда. Мамлекет башчылары жолугушуп калган отурумдарда биздин президент алар менен тең ата сүйлөшө албай же маанилүү тышкы саясатка байланышкан чечимдерге кол коё албай калабы?! Өкүнүчтүүсү, кимдер бийликке келсе, Баш мыйзамды келечекке эмес, өздөрүнө иштей тургандай кылып өзгөртүшүп, кол жоолукка айландырып алышууда.
– Акыркы убакта айрым басма сөз беттеринде сиздин дарегиңизге бир топ сын пикирлер айтылууда...
– Мен эл шайлаган президенттин Басма сөз катчысы катары кыргыз элине, мамлекетке кызмат кылдым. Ошол кезде президентке маалыматтарды так жеткирип, чындыкты түз айтып жүргөнмүн. Акыркы бир жылда ЭлТРге башкы директор болдум. Анан айрым гезиттерге Жамбыл Камчиев деген куудул чындыкка дал келбеген кепти айтып, кайдагы бир далилсиз фактылар менен мени каралаптыр.
– Ал куудулдун сизге эмне нааразычылыгы бар?
– Ал өткөн жайда концерт коёт. ЭлТРден жарыя кетиргендиги үчүн 19 миң сом карыз болуп калат. Кийин акчаны төлөгөндөн кача баштайт. Мен аны чакыртып: “Жаке, карызыңызды төлөп койбойсузбу?..”- десем: “Менде акча жок. Анын ордуна ошол концертимдин дискин берейин, карызымды жаап койгула”,- дейт. Мен: “Андай болбойт!”- деп катуу айттым. Мына ошол сөзгө таарынып, жанагыдай жалган жалааларды жазып жүрөт. ЭлТРдин юристине “менин Шакиевге жеке таарынычым бар, өчүмдү алып жатам” дейт имиш.

Гүлнара Акылова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kirgizjigit
2010-05-17 22:02:57
MAdumarov Owol oz kolu menen Bakiyevdi jerden kokko alip 4ikkan adamdardan ele,jana Kirgizstanda traybolizmdin ku4owuno salim kowkon adamdar menen kelgen ele 2005 jili KTR 2 kun boyu traybolistter tuwtuk ele tuwtuk dep kiykirip jatkanda emne kirgizstandi bolup jatasinar BIz kirgizstan revolutsiya uyuwturduk desener bolboyt bele. Men al rev-ga karwi elem. Dagi aytayin degenim Men traybolizmdi joyuuga araket kilbagan biylik bawindagilardi e4 koldobym.Madumarov owolordon kiyin bizge kele4ek muunga
0
Kirgizjigit
2010-05-17 22:08:23
joop bereerinerdi unutpagila. Biz birdikte bolsok ku4tuu bolobuz. Siz bolso partiya tuzup jatiptirsiz traybolizmge karwi ne plandarinar bar. Je dagi ele asmandan beyiwti silerge tuwurup berem degen oyunar barbi? Bizge kuru kalpti koyup iw menen ozulorun korgozgondor kerek. Podhalinder kerek emes
0
Usubaly
2010-05-19 06:08:57
Карышкырдын оозу жесе да кан,жебесе да кан деп коюшат го,айтайын дегеним Адахан мырзанын куну Бакиевдин доору менен батып кетти окшойт.
0
Fred
2010-05-20 12:49:34
кандай болгон учурда да Мадумаров,эми мурунку абройду калыбына келтире албайт.Анткени эгер ушунчалык элине куйгон жан болгондо Бакиев менен ишетеп жатканда эле саясатына каршы болуп дароо кетип калыш керек болчу.Бирок бийликтин ушундай таттуу экенин билген Адахана аке кеталбады.Арман гана жаш саясатчы жаш бойдон озунун саясий карерасына чекит коюп алды.Эх эмне кылаар болду экен.
0
imperator
2010-05-20 17:58:56
Менимче Мадумаров ошентууго айласыз болгон.Себеби,Бакиев ошого мажбурлаган.Бираз убакытка иштештиКийин кетип калды го кысымына чыдабай.Муну айтардан мурун ар бир адам озун Адахан байкенин ордуна озун койуп корсун.Озун ошонун ордунда болсо кандай кадамга бармак.Мадумаровду билим менен саяатка суугарылган инсан катары баалайм.Балким,оз алдынча иштешкенден кийин мурунку жоруктарын кайталабас.Аны менен тирешсе бир Текебаев тиреше алат.Атамбаев болсо-анын мээси орусташып калган/озу деле айтып атпайб
0
ultramarynA
2010-05-21 11:24:30
Эки моонотко шайланган президенттердин кылган иштерин коруп туруп, ушинтип айтканыбыз туура эмес. Мамлекетибиз тажрыйба топтоп жатат. Биз уулу калкпыз. Эгер президеттик мамлекет болуп калсак, Орусия, АКШ жен ичинен башкарган мамлекет болуп калуу коркунучу бар.
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан