2017-жылдын 16-январында бейпил жаткан айылдын башына кырсык келип, 39 кишинин өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз абалга кептеген. Жакындарын жоготкон адамдардын жарасы алиге чейин айыга элек. Каза болгондордун ар биринин өзүнчө тагдыры, максаты бар эле. Кырсыкта карындашынан айрылган Урмат Исаков ал күндү төмөнкүчө эскерди.
«УРАНДЫНЫН АЛДЫНДА КАЛГАН ЖЭЭНИМДИН ҮНҮ УГУЛУПТУР»
– Бул кырсыкта мен карындашым Гүлжанды жоготтум. Кичинекей баласы менен сөөгүн топурак алдынан чыгардык. Ошол күндү эстесем ушуга чейин жаман болом. Саат канча экени эсимде жок, али таң агара элек маал болчу. Алыстан жапжарык болуп келип эле дүң деген үн чыкты. Терезени карасам кошуналар жүгүрүп жүрөт, үйлөр кыпкызыл болуп күйүп жатты. Менден бир аз алыс жашаган карындашым Гүлжан үй-бүлөсү менен эсиме түшүп, кийинбей эле жүгүрүп чыктым. Учактын вентилятору жерде жатыптыр, ага чалынып жыгылып кыр сөөгүмдү оорутуп алдым.
Карындашымдыкына жетип келсем үйү жалбырттап күйүп жатыптыр. От деген жаман экен, эч бирибиз киргенге даай албай койдук. Сыртта карындашымдын эки баласы жылаңач отурушуптур. Кайра үйгө чуркап барып эле кийим алып келе калдым. Карындашым менен кичинекей баласын таппай «жок эле, жок» болуп, издеп жаттык. Жарык кирип калганда өрт өчүргүчтөр, «Тез жардам», ӨКМнын адамдары, Дача-СУнун соо калган тургундары келип каза болгондорду алып чыгып тизе башташты. Аябай жаман көрүнүш. Биринин ичегиси чубалып жүрөт, биринин жартысы күйүп калган, биринин колу-буту... Айтор, алаамат болгондой болду. Баарын жүктөп шаарга алып кетишти. Анан моргдон карындашым менен баласын таап, Кочкорго алып барып жерге бердик.
Күйөөсү таң атпай от жагып жаткан экен, ал үйдүн сыртына ыргып кетиптир. Үйдө карындашым, үч уулу, иним бар экен. Учак келип үйдү талкалап өткөндө баары эле топуракка аралашып калыптыр. Иним өзү эптеп чыгып, бир жээнимди топурактын арасынан сууруп чыгыптыр. Анын бети, кулагы күйүп, ооруканага жатып чыкты. Экинчи баласы топурактын алдында калыптыр. Экөө топурактын алдын казып издеп жатышса «ы-ың» деген эле үн чыгат. Көрсө, экинчи жээним топурактын алдында басылып калыптыр. Ошол үндү уга калып казып жатып экинчисин аман чыгарып алышыптыр. Ошентип эки баласы аман калып, үчүнчүсү, мектеп босогосун жаңы аттаганы жаткан уулу апасы экөө каза болду.
«ЖАҢЫ ҮЙҮНӨ БИР КЫШ ДА КЫШТАБАЙ КАЛЫШТЫ»
– Мындай кырсык эч кимдин башына келбесин. Бул жерге 2016-жылы эле көчүп келишкен, жаңы үйүнө бир кыш да кыштабай калышты. Балдары жаман болушту. Жээндерим бири 11-класс, экинчиси 9-класста. Апасын эстеп куран окуп, «апам болсо баары башкача болот эле» деп ыйлап алышат. Ары-бери өтүп мен да эстеп жаман болом. Үйү пайдубалынан бери жок, сапырылып эч нерсе калбаптыр.
Карындашым атасынын жакшы көргөн кызы болчу. Колу ушунчалык жөндөмдүү эле. Бир нерсени карап туруп эле окшоштуруп тигип бере салчу. Тигүүчү болуп иштечү, үйгө да буйрутма алчу. Учак түшөрдүн алдында эле кичинекей балама тумак тигип барыптыр. Улуу балам болсо Жаңы жылда «Зорро» болуп кийинип бармак. Биздин колубуз бошобой, базардан кийим алып бере албай калдык. Сабактан кирип келе жатып эле Гүлжан эжесине кирип «мага ушул форма керек болуп жатат» десе жарым сааттын ичинде тигип кийгизип коюптур. Үйгө «эжекем тигип бере салды» деп сүйүнүп келген. Аябай эмгекчил жан эле, жалаң колунун жөндөмү менен балдарын багып, эч нерседен кем кылган жок. Ар бир баласына өз-өзүнчө тамак жасап бакчу.
Мамлекет бөлүп берген акча калыс эле тийдиби билбейм. Күйөө балам алса керек. Учурда шаарда жашашат. Жээндерим менин колумда болчу, жакында эле шаарга атасына кетишти.
«УЧАК КЕЛЕ ЖАТСА БИЗ ЭМЕС, МЫШЫК КИРЕРГЕ ЖЕР ТАППАЙ КАЛАТ»
Дача-СУ аймагында учурда тургундар жашап жатышат. Алардын кырсыктан кийинки абалдары кандай? Бул тууралуу кийинки каарманыбыз Исак Анарбаев айтып берди:
– Учак түшкөндөн бери жабыркагандар мына биз. Үйлөрүбүздөн жарака кетти, эл чогулткан акчадан бизге 25 миң сом тийди. Айрымдарга 70 миң, 40 миң, 30 миң доллар жардам берилди деген имиштерди угабыз. Кырсыктан эки кызым, келинчегим психологиялык жардамга муктаж болуп ооруканага жатып чыгышты. Окуядан кийин 2-3 ай ичинде медициналык жардам катары психологдор келип турган. Андан кийин эч ким келген жок. Бир кызым катуу коркуп калган экен, жалгыз баспайт. Басып баратып эсин жоготуп койчу болду. Сабакка бара жаткан жеринен жыгылып калат. 9-класста окумак, эми аны кайда окутам, эмне кылам, баш катып жатат. Чындап жардамга муктаждарга эмес, эки буту соо басып иштеп жүргөндөр жардам алып жатат. Үйлөрдөн жарака кеткен, чатырлары сынган абалда эле жашап жатабыз. Мамлекет көчүрбөйт же көчүрөбүз дебейт. Ошол боюнча эле күн кечирип жатабыз. Бир-эки аял бакырып чыга калса эле, ошолордун оозун басып 25-30 миңден берип коёт, биз эч нерсе кыла албай отуруп калабыз. Максатыбыз – бизди ушул жерден көчүрсө дейбиз. Бул жер кооптуу, анан да кырсык болгон күн ар бир кадам сайын эске түшөт.
Бир окуяны айтып берейин. Ошол күнү үйлөр өрттөнүп жатканда бир мышыктын жону жалбырттап күйүп жатканын көрдүм. Чуркап барып өчүрүп, үйгө алып келип багып алганбыз. Күйүп кеткен жерлери айыгып, эми жүн чыгып калды. Ошол мышык дүрүлдөп учак учуп келе жатса тырмалаңдап коркуп мештин астына же бир жерге кире качат. Биз деле ошол мышыктай эле коркобуз. Учак келе жатканда үрөй учат. Бул кырсыкта жалаң жаштар кетти. Элестеткиле, кечинде уктап, эртең менен жок. Эмне дейбиз, жаткан жерлери жайлуу болсун.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg