БАЖАЛАР АЯЛДЫ ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРҮП САЛЫШКАН. СОТ АЛАРДЫ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ

Жакында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аялды күч колдонуп зордуктап, андан кийин сабап өлтүргөнгө шектелип кармалган 2 жаранды күнөөлүү деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Белгилүү болгондой, аялды зордуктап, өлтүргөндөр бир тууган бажалар болгон.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП БИР ТУУГАН БАЖАЛАР КАРМАЛГАН»

Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасынын кызматкери Бакыт Доктурбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 10-март күнү Бишкек шаарынын Достук кичи районунун Кайназарова менен Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган кылмыш катталган. Анда белгисиз жарандар 1983-жылы туулган К.Н. аттуу аялды зордуктап, сабап өлтүрүп салышкан. Соттук-медициналык экспертиза маркум баш мээсине бир нече жолу жумуру нерседен сокку жегенден жабыркап, баш мээсинин шишип, кан айлануусунун начарлоосунан каза болгондугун жана анын көтөн чучугунда көп жаракаттар болгондугун аныктаган. Анын эртеси милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1979-жылы туулган Байжан жана ошол эле райондо 1989-жылы туулган Жаныбек аттуу жарандар кармалган. Бул экөө бири-бирине бир тууган бажа болот. Байжандын 4, Жаныбектин 1 баласы бар. Ал эми маркумдун артында 3 баласы жетим калды.

«ӨЛҮП КАЛГЫЧА САБАП, КАЧЫП КЕТИШКЕН»

– Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, ушул жылдын 10-мартында болжол менен саат 22:00 чамасында борбор калаанын Достук кичи районунда бажалар спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Ошол убакта дүкөнгө барып үйүнө кайтып келе жаткан маркум К.Н. алардын жанынан өтүп калат. Экөө маркумдун астын тосуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылышкан. Маркум каршылык көрсөткөндө алар ага күч колдонуп экөөлөп зордукташкан. Биринчи болуп Байжан ал келинди жакын жердеги үйдүн шиферден тосулган заборунун жанына алып барып жыныстык катнашта болгон. Андан соң Жаныбек зордуктамакчы болгондо маркум каршылык көрсөткөн. Ошол учурда экөөлөп алсыз аялды бети-башына уруп-тепкилешкен. Аял катуу соккулардан улам эс-учун жоготуп койгондо, көчөдөн ары-бери өткөн адамдар көрүп калбасын деп аны экөөлөп 30 метрдей ары сүйрөп барышкан. Ал жерден дагы зордуктап жатышканда аял эсине келип каршылык көрсөткөн. Экөөлөп аны дагы сабашкан, эсин жоготкондо аялды 100 метрдей ары жактагы гараждардын арасына алып барышкан. Ал жерден да аны экөөлөп кезектешип зордуктап, андан соң Байжан жерде жаткан сыранын айнек бөтөлкөсүн алып аялдын көтөн чучугуна тыгып жиберген. Андан соң алар кылмышын жашыруу максатында аял өлүп калгыча дагы сабап, кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

«КҮНӨӨЛӨРҮ ТОЛУК ДАЛИЛДЕНДИ»

– Кылмышка шектелип кармалгандар сотто күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алышты. Алардын берген көрсөтмөсүнө караганда, окуя төмөнкүчө болгон. Экөө тең курулуш тармагында иштечү. Кылмыш болгон күнү Жаныбек жумушта болгон. Жумуштан соң алган маянасы ал ойлогондой тийбегенине жини келип Достук кичи районундагы бажасынын үйүнө бара жатып дүкөндөн стакандагы арактан алып ичкен. Андан соң жездеси Байжан экөө дүкөнгө барып дагы спирт ичимдиктерин сатып алып ичип, Байжан жашаган батирдин электр энергиясы үчүн акчасын төлөөгө кетишкен. Кечки саат 11-12лерде кайра үйүнө келе жатышып дүкөнгө кирип арак ичишкен. Анан 2 бөтөлкө сыра алып, үйүнө бараткан жолдо бир жерге токтоп сыра ичип отурушкан. Ошол убакта алардын жанынан белгисиз аял өтүп баратканын көрүп чакырышат. Чогуу спирт ичимдиктерин ичкен соң аял мас болуп калган. Ошондо Байжан аны менен жыныстык катнашта болгон. Андан соң экөө аялды ошол жерде калтырып кетип калышкан. Аялдын өлүп калгандыгын эртеси билип, ал кылмыш тууралуу өздөрү милиция кызматкерлерине кабар беришкен. Бирөөсү «сабаганбыз» десе, экинчиси «сабаган эмеспиз» дешүүдө. Бирок тергөөнүн материалдары, тиешелүү соттук экспертизалардын корутундулары жана далил заттар экөөнүн күнөөсүн толук тастыктады.

ЗОРДУКЧУЛАР ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Бул ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 4-октябрда кылмышка шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Байжан менен Жаныбек Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер адамдар тобу тарабынан алсыз аялга карата өзгөчө катаалдык менен жасалып, бул жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе) жана 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6,7,13,14-пунктары (киши өлтүрүү өзгөчө мыкаачылык, зордуктоо же жыныстык кумарын башка түрдө күч колдонуп канааттандыруу менен коштолгондо, кылмышты жашыруу менен, адамдар тобу тарабынан жасалганда) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага ылайык экөө тең мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөмөкчү.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
nurhan2702
2017-10-17 17:11:22
Чогуу арак ичкени жалган болуш керек. Ким эле бейтааныш адам мн туну ичкиси келсин. Зоокурлор кордоп олтургону аз келгенсип жалган корсотмо беришиптир. Окуп алып калчылдап коркуп кеттим. Байкуш аял аябай кордук коруптур. Акмактар турмодо оной дагы эмес кыйналып чирип кетсенер экен
+17
Azaika.t.b
2017-10-17 18:33:52
ХХХ
+1
meduza123
2017-10-17 20:12:04
XXXXXX омурунор турмодо отсун чирип олгуло.
+4
karonalaif
2017-10-17 21:12:43
Педофилдерге дагы катуураак чара корулсун!
+6
Shama7Toto
2017-10-17 22:52:23
"Мулкун конфискациалоо" деген эмне?
0
toma95
2017-10-18 00:52:13
Shama7Toto,мал мулкун мамлекет алат дегени
+2
doping1
2017-10-17 23:27:52
Туура кылыптыр ХХХ
+2
Shahrizaada
2017-10-18 03:00:57
Бала-чаканардын эл астында сөзүн кыска кылып, намысын тебелеп кеттиңер. Ага кошуп маркумдун балдарын жетим калтырдынар.
+8
Mamatmuso84
2017-10-18 06:48:07
Мына эми жакшы болуптир омур бойу эркинен ажратип негизи олум жаза киргизиш керек
+4
Saparbekova
2017-10-21 15:27:38
Mamatmuso84,
Туура айтасыз, олум жазасы кирсе мындай жолго баргандан коркушмак адамдар, олкодо тартип болмок.
Аай Кудайым аай, элибизге ыйман-ынсап берчи!!!
0
nurai3410
2017-10-18 15:34:39
Айбандар
+1
ALMAAAN
2017-10-18 23:07:12
Туура чечим чыгыптыр жазасын алышсын
0
Bishkek
2017-10-19 02:33:04
Тура чечим чыгарыптыр маняктарга эми турмодо коросунор кандай болот экен эордукдо чирип олгуло, окуп алып жаман болдум куносу жок айалды айабай кордоп олтурушуптур
0
mym
2017-10-19 15:47:50
Туура чечим болуптур омур бою эркинен ажыратылып. Турмодо силерге маркум коргон азаптан 10 эсе коп азарты кундо корсотушсо экен зоокурлор. Ошол дагы силер учун аздык кылат. 3баланын убалы 2дуйно тынчытпасын!
0
Asyl10
2017-10-19 18:02:30
Айбандан да макоо кандай немелер окшошкон. 3 баланын убалы ургурлар, алардын да артына кесилген ботолко тыгыш керек. Шумшуктор. Байкуш аял балдарына бир нерсе зарыл болуп чыга калган го тундосу. Эки зоокурдун жубайларына (эже-синдиге) аябай эле шок болду го эки бажанын зоокурдук кылыгы. Эркектер деги эмне эле болуп баратышат.
+1
AsmanNuru
2017-10-23 03:03:35
Туура чечим. Мындай акмактарга бул да аз. ХХХ Маркумдун 3 баласына өз энесиндей ким камкор болот? Маркумдун 3 баласына өз балдарынаңды кошкондо 8 баланын убалына калдыңар зөөкүрлөр!
+1
perish
2017-10-31 08:00:51
Окуп атып денем дуркуроп кетти.Байкуш аял,аябай кыйналып олгон экен да.Жаткан жери жайлуу болсун.Балдары бактылуу болсун.Урматтуу эркектер!!Эмне учун аялдар тороп,балдарга тарбия берип,тазалык,тамак ашты жазап баарына жоопкерчиликтуу болуп,тунго чейин иштеп анан ушундай зоокурлордон зордукталып,сабалып,уят болуп акыры олуш керек???Аялдарды аяп,коргобойсунарбы?Бул аялдын ордуна куйоосу ,иниси ,агасы ж.б. Эркек чыкса мындай болмок эмес.бирок бул иш уже болду. Эми Сабак болсун,Зоокурлор толтура
0
Baiaman170395
2017-11-02 23:12:55
perish, туура айтасыз, бирок. Эркектердин деле, аялдардын деле жакшысы жаманы болот да, аял кишилердин деле оз баласын олтуруп туалетке таштап ийген факттар болуп ататко. Байкуш аялга жаман эле болуптур. Кудай озу жазасын берсин.
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан