Төшөк оюну болду, мырза өзүнчө эле бактылуу. Бирок дубал тарапты карап жатып алган сиз «эмнеге төшөк кумарын ала албайм?" деп ойлонуп жатасыз. Статистика боюнча, айымдардын 25-30 пайызы жыныстык жашоодо жашап жатса да, оргазм эмне экенин сезген эмес, сезсе да кээде гана. Мунун себебин сексопатологдор төмөнкүчө түшүндүрүшөт.
ОРГАЗМДЫН ТҮРЛӨРҮ
Клитордук оргазм. Өзү айтып тургандай, клитордун, тактап айтканда, жыныс тилчеси аркылуу ишке ашат. Мындай оргазмга жетүү айымга табият тарабынан тартууланган жана ага мастурбация жолу менен да максатка жетүүгө болот. Клитордо 8000дей нерв чекиттери жайгашкан. Алар мээге өзүндө кандай жыргал болуп жатканын дароо жеткирип турушат. Бирок бул ыкманы адат кылууга болбойт. Анткени жыныстык катнаштан оргазм ала албай кыйналышы мүмкүн.
Жыныс кындык (вагиналдык). Эрогендик чекиттер жыныс кынынын капталында жайгашкандыктан айымдардын көпчүлүгү мындан оргазм ала алышат. Бул жерде эркектин ролу чоңураак. Анткени эркек шамдагай кыймылдап, жакшылап ыйкай алса, айым оргазмга оңой жете алат. Бирок бул нерсе бардык айымдарга таандык деп айтуудан алыспыз. Анткени кээ бирлердин жыныс кынынын сезимталдуулугу начар. Айрымдардыкы тубаса ошондой жаралса, кээ бирлеринде ар кандай жугуштуу оорулардан улам сезимталдыгын жоготуусунан болот.
Мындай айымдардын эрогендик чекиттери жыныс тилчесинде көбүрөөк жайгашкан. Айым тартынбастан эле шеригине клиторун укалатып, анан жыныстык катнашка баруусун сунуштоосу керек.
Жатындык оргазм. Көпчүлүк окумуштуулар оргазмдын мындай түрүн жокко чыгарып келишет. Анткен менен аялдын жатынына атайын аппарат коюп изилдешкенде кээ бир аялдар жатындык оргазм алары аныкталган. Бул кээ бир аялдардын эрогендик чекити жатын кынынын эң тереңинде жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай оргазмга жетүү үчүн аял жамбашынын алдына жаздык коюп алуусу, ошондой эле бутун эркектин ийинине асып алуусу керек.
ОРГАЗМГА ЖЕТYYГӨ ЭМНЕЛЕР ТОСКООЛ БОЛОТ?
Астра Айдарова
erotika@super.kg