КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

–Бирок сен жасай турган жамандыктын баары айланып кайра сага барат да.
– Аны да көрө жатарбыз.
– Бул дүйнөдө эч ким жазасыз калбайт да, Арсен.
– Оо, муну сиз кайсы китептен окуп алгансыз?
– Муну мен өз башымдан өткөрүп жаткан үчүн айтып жатам,- Бегимай ыйлап жиберейин деди.
– Бара берсең болот,- жигит терс бурулуп терезеден көчөнү тиктеп катып калды. «Туңгуюкту көздөй баратам» деди ичинен. Көкүрөгү кайра ооруп чыкты.
Арсендин түпөйүл ойлорун телефонуна келген чалуу бузуп жиберди. Чыңгыз экен.
– Арсен, тиги Лиза келиптир Оштон.
– Таак...
– Сени күтүп жатат үйдө.
– Жөн-жай элеби?
– Билбейм. Кичине кызуураак экен. Сени чакыр деп жатат.
– Азыр барам.


ххх


Борбордогу батирде Чыңгыз менен Арсен жашайт. Ата-энесине ал СИЗОдо жатканда сатылып кеткен үйдү жигит кайра алып берип, 5 бөлмөлүү чоң там салып берип койгон. Бирок ал жакка кээде гана барат. Дуулат уулунун заматта көп акча таап иштеп баштаганына санааркап келет, «бирдин ичинен чыкпаса экен» деп тиленип жүрөт.
Арсен бул батирде отуруп алып эмне деген иштерди гана бүтүрбөйт. Бир нече акча алмаштыруучу жайларды тескейт, жер тилкелер менен соода, укук коргоо органдарындагы тааныштары аркылуу четтен уурдалган унааларды сатмай Арсен жасаган иштердин бир бөлүгү гана. Жакында эле Жалал-Абаддагы жеке алтын өндүрүүчү ишканага Чыңгызды киргизип койду. Жасай турган жумушу деле жок Чыңгыздын ал жакта, билген иши күзөт кызматын сатып алып, алтынды кочуштап уурдап чыкмай. 15 күн Жалал-Абадда, 15 күн Бишкекте жүрөт Чыңгыз. Мунун алып келип жаткан кирешеси зор. Ал жакка кириш үчүн толтура акча сарпташкан, эми ошону эки-үч эсе кылып кайтарып алуу керек.
Жолдо баратып да жасалчу иштерди мээсинде тизмектеп келе жатат. Лизанын эмне үчүн келгени ага түшүнүктүү болчу. Ал тууралуу ойлонгон деле жок.


ххх


– Сары-ы...- эшикти ачып жатып Арсен Лизага кайрылды.
– Таш боор...- кыз таарынып калгандай тултуйду.
– Эмне болуп кетти сага?
"Арсен менин сүйүүмдү сезбей жатат" деп жарым сааттан бери ыйлап отурат,- Чыңгыз жактырбагандай сүйлөдү.
– Келчи бери,- Арсен жумшак отургучта капаланып отурган Лизаны өйдө көтөрүп кучактап алды.
– Жакшы көрөм мен сарыны. Кана айтчы, иштериң кандай? Санжар аке кандай жүрөт?
– Санжар жоголуп кетмек беле, жүрөт. Акча дегенде жантыгынан жата калмай адаты күн өткөн сайын күчөп баратат. "Жакында товар жөнөтөм" деп жаткан, Тажикстанга кетет болуш керек. Сен аны менен кечээ эле сүйлөшүп жатпадың беле? Эмне анткорлонуп менден сурап жатасың?
– Лиза, биз Санжар аке экөөбүз команданын акчасын көбөйтөлү деп чуркап жүрөбүз. Бул баарыбызга керек. Ал жөнүндө жаман сөздөрдү айтпа, макулбу? Сен жакшы кызсың да,- Арсен тамашалай сүйлөп, кызды тизесине отургузду.
– Эми айт, неге келдиң?
– Сени сагынган үчүн келдим.
– Саунаны ким карап калды?
– Санжар бар, Нурдин бар. Карачы, менин абалым кызыктырган жок сени, акча тууп жаткан саунаны сурайсың биринчи.
– Сүйө ала турган кишини сүйүш керек эле, Лиза,- сөзгө Чыңгыз аралашты.
– Арсенде жүрөк жок да. Буга киреше болсо болду.
Досунун сөзүнө Арсен чын дилинен каткырып күлдү.Чыңгыз сөзүн улап жатты.
– Айтчы, Лиза, эмнеге мени сүйгөн жоксуң? Мисалы, мен чындап эле сени жакшы көрөм. Кайдан кара басып Арсенге жүрөгүңдү алдырып жибердиң?
– Билбейм, Чыңгыз. Түшүнбөй жатам. Ушуну эле сагына берем. Мүмкүн, бул сулуу болгон үчүн жакшы көрсөм керек да же акылдуулугун жакшы көрдүмбү? Билбейм, айтор, жанымдан артык көрөм,- Лиза Арсенди бекем кучактап алды. Жигит эмнегедир Лизадан башкача жылуулукту сезип кетти ушул тапта. Бул ишенимге, жакшы көрүүгө толгон өзгөчө кучактоо эле. Жүрөгү "зырп» дей түштү. Ичи элжиреп кетти. Жооп кылып сары кызды бооруна кысты.
– Омей, могулар соо эмес го?- Чыңгыз бири-бирин жакшы көрүү менен кучактап, жылмая түшкөн Арсен менен Лизаны карап элейди.
– Мен деле жакшы көрөм сарыны. Чын. Эми жүргүлө сейилдейбиз,- Арсен кызды маңдайынан өөп, ордунан турду. Баары эшик тарапка басышты. Бирок Чыңгыз күрмөсүн кийип, босогодон сыртка кадам таштап чыкканда эле Арсен эшикти жаап алды.
– Сен жалгыз эле сейилдеп келчи, Чыңгыз,- деди Арсен эшикти бекитип жатып.
– Тууй ата, бизди жалгыз калтыр десеңер эле кетип калмакмын да. Жаш баланы алдагандай алдадыңар. Эми жок дегенде Гелендвагендин ачкычын берип койгула.
– Мына,- Арсен кайра эшикти ачып Чыңгызга ачкычты сунду.
– Жаным...- эшик жабылары менен Лиза Арсендин моюнуна асылды. Кыздын көздөрүндө үмүт толтура болчу. Жигит аны деле байкаган жок. Лизаны өзүнө тартып, эриндеринен катуу өөп алды. Күтүүсүз келген бакыттан Лизанын кулактары тунуп чыкты. Ал өзү билген бардык жакшы сөздөрдү Арсенге айтып жалбарып жатты.


ххх


Бегимай Арсен берген диктофонду кантип Болуштун иш бөлмөсүнө коюунун айласын издеп башы маң. "Эмне деп барам? Кантип коём?" деп тынчсызданып жатты. Акыры кичине кара сумкасынын түбүнө салып, Болуштун иш бөлмөсүнө кирип аны менен 1 саатка чукул эркелешкен соң унуткан кишидей кетип калды. Жолдо бара жатып Болушка чалды.
– Мен жинди сиздикинде сумкамды унутуп калыптырмын. Тура берсинчи, эртең же бүрсүгүнү алып кетем,- деди билмексен болуп.
– Мейли, мен шкафка коюп коём.
Болуш эртеси кечинде Бегимайдын сумкасын өзү ала келди. Ал эч нерсени байкабаптыр. Кирип келип эле кызды өөп, аны төшөккө сүйрөдү. Болуштун кучагында жатып, кыз көз кыйыгы менен диктофон салынган сумканы тиктеп жатты. Арсен бардык жерде аны көзөмөлдөп алгандай өзүн ыңгайсыз сезип кетти.


ххх


Горький көчөсүндөгү мейманканага кыз түш оой келди. Адаттагыдай Арсен аны жалгыз күтүп отурат деп ойлогон. Бөлмөгө кирип келип, жигит чырайлуу орус улутундагы кыз менен кофе ичип отурганын көрүп тайсалдап кетти.
– Алып келдиңби?- Арсен учурашпастан сурады.
– Ооба. Мына.
– Абдан жакшы,- жигит Бегимайдын колунан диктофонду алып, орус кызга сүйлөдү: "Кеттик, Лиза".
Коштошпой туруп чыгып кетти. Бегимайды тебелеп, ылайга таштап салгандай болду Арсендин бул жоругу. Кайда бармак элең, эми сага ушундай гана мамиле болот. Жакшылык күтпө деген ишараттай туюлду кызга. Арсен болсо тиги орус кыз менен бактылуудай. Аны колунан аяр кармап жетелеп алганычы... Бегимай кызганып кетти. Канткен менен ал дагы эле Арсенди жакшы көрөт окшойт. Ичинен ушинтип жоруду кыз. Шалдырап керебеттин бурчуна отурду. Бир чекитти тиктеп отуруп, оюна бир нерсе келгендей телефонун алып чыкты да апасына «мен бактысызмын» деп жазып жиберди.
Ооба, ушул күнгө кептелгенине кыз бир эсе апасын күнөөлөп жаткан учур. Алгач ирет эле Болуш тууралуу айтканда апасынын көздөрү жайнай түшкөн, анын аялы бар экенин дагы кулак сыртынан кетирип, «колуңдан келсе ага тийип ал» деп көкүткөн да апасы болчу. Ал да өз күнөөсүнүн азабын тартсын деди кыз. Ыйлагысы келип чыкты. Көп өтпөй апасынан чалуу келди.
– Эмне болуп кетти?
– Жөн эле.
– Бул эмне болгон кат? Эмнеге бактысызсың?
– Жөн эле бактысызмын. Туура эмес тандоо кылгам.
– Баштадыңбы кайра? Ушу сен баягы Арсениңди кайра таап алган эмес белең? Акыркы күндөрү мага ошондой сезиле баштады.
– Арсен менен баары башкача болмок экен.
– Койчу, и-ий. Жинди кыласың кишини. Кет анда ошонуңа.
– Аны кайдан табам? Эми ал жок,- «эми ал жок» кыз ичинен кайра кайталады.
– Уф-ф. Деги сага эмне жетпей жатат?
– Сүйүү.
– Сүйүүң тамак бышырган мештин жанынан бүтмөк Арсениңе тийгенде.
– Жок. Башкача болмок.
– Ой, сен мени жинди кыласың. Айтчы, ал сага эмне бере алат эле?
– Сүйүү бермек.
– Дагы?
– Андан башка мага эч нерсенин кереги жок болуп калды.
– Сүйүү менен курсак тоймок эмес.
– Эмне адамдар дүйнөгө курсак тойгузуу үчүн эле келеби?
– Уф-ф, Бегимай! Айтор, тагдырыңа балта чаппа. Колуңдан келсе Болуштун көзүнүн агы менен тең айланып жаша. Бул эң жакшы тандоо,- Бегимайдын жообун күтпөстөн апасы телефонун коюп салды.
Бирде өйдө, бирде ылдый болгон жашоо апасын турмушта чарчатып бүткөнгөбү, ал дайыма кызын «бай жерге турмушка чык» деп үндөп келчү. «Байлык болгондо деле бактылуу болот деген кепилдик жок экенин апам билген эмес», апасын актап койду ичинен. «Мен билип калдым...»


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Nargiza1987k
2017-10-17 10:01:56
Ырас болуптур
+2
camry_tayota
2017-10-17 10:08:45
Уфффф мынча аааз
+2
eldar96
2017-10-17 10:49:27
Дагы 1 жума кутмой. Бирок ото аз, дагы бир аз кошуп чыгарсанар боло
+3
nurhan2702
2017-10-17 11:06:18
Байлыкка кызыккан кыздарга сабак болчу мыкты чыгарма экен
+5
dasta
2017-10-17 12:40:01
Ааа жап боптур бегимай суулу
+2
alisha00
2017-10-17 13:33:44
Башта Бегимайга жинденип айтсам азыр боорум ооруп атат)))) Болуш ит экен апасы дагы
+1
AiturganTolonova
2017-10-17 14:02:13
Бегимайдын абалын элестетип мен жаман болуп кеттим го
+1
Eliza.nurjanovna
2017-10-17 14:08:20
Арсен Лиза менен дагы Бегимай менен дагы калбайт го ушу.анткени Лиза досунун "подружкасы",Бегимай атасынын шефинин "подружкасы".олуп албаса болду аягында
+2
originalkgz96
2017-10-18 00:15:59
Китеп бекен
0
mechta2016
2017-10-18 11:06:58
сайтга караганда газетасынан эрте окуп жатамго же мен жанылотамбы кайсы жакка эрте чыгат сериал айтып койгулачы Супер
0
Emkgupa
2017-10-18 11:57:28
mechta2016, гезит биринчи чыгат да.
0
mechta2016
2017-11-01 10:41:52
Emkgupa,аа рахматик))
0
Aiziusman0101
2017-10-19 21:01:29
Сейилдегени кеттик деп Чынгызды эшикте калтырып эшикти жапканда мен ынгайсыз абалда калып кеттимго)) ачыгын эле айтпаптырда чын эле. Бизди жалгыз калтыр деп э?))
0
Djka
2017-10-21 00:37:58
Ak4a Biiilik Mansap U4un Ozun Arnap Koigon Kyzga Suiuundun Kor Boluwuna Tebeleniwine Aga Ubaktyndyn Bir Bolugun Alywyna Jol Berbe Arsen Kudaiga Koi Ne Kylasyn Myndai Kyzdy Suiup Ubaktyndy Tekke Ketirip Andan Koto Seni Suigondordun Kadyryna Jetsen Baktyluu Bolosun Kalganyn Kudai Ozu Korgozot
0
ArietAli
2017-10-23 17:23:05
Daa sonun 4ygarma
0
Gulnaz.GS
2017-10-23 20:37:56
жаны саны качан чыгат.артта калып кетип атабызго
0
said9595
2017-10-24 08:59:47
Супер инфо эмне болуп атат жаңы саны качан чыгат?
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан