«КАЙСЫ АРЫМА КӨБӨМ?»
– Ар бир пенденин тагдырын Алла Таала күн мурунтан маңдайына жазып коёт экен. Айланаңды карасаң оорчулук жашоо келгендей, мисалы, адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү. Мунун баары адам бардык нерседен дүнүйөнү алдыга коюп койгонунан. Мисалы, өткөндө колунда бар бир адам «Маке, мен бүгүн 3 адамга 5 сомдон садага бердим, болобу?» дейт. Бул болбойт. Садаганы алган адам бир тоё жеш керек.
Бөлөк-бөтөнгө жардам бере албасам да ата-энеме, жакындарыма кайрымдуу болууга аракет кылам. Мисалы, апама күнүгө телефон чалам, ай сайын жакшылык кылууга аракеттенем. Ден соолугун чыңдоо үчүн ар кандай санаторийлерге жиберем, көптөн бери көрүшө элек туугандарын кыдыртам, кыскасы ушундай. Адамдын көзүн май басып, «мен» деп көөп калганда кыйынчылык келет экен. Менин көпкөн учурум болгон жок. Кайсы арыма көбөм? Атам 40 жыл темир уста, апам барсканчы болгон. Экөө бизди кыйналып чоңойтушкан. Атам жалгыз бала болсо, апам жетим өскөн. Ата-энебиз өздөрү өткөргөн турмушун, бизди кантип чоңойткондорун кулагыбызга куюп чоңойтушкан. Таенем апама колхоздун чөбүн чабышып кел деп эшегин берчү экен. Эшек да аял кишинин алсыздыгын билет окшобойбу. Кош бойлуу, колунда көтөргөн баласы бар апама эшек жаткан жеринен турбай койчу тура. Апам байкуш талаанын алыстыгына карабай жөө барып колхоздун чөбүн чаап бир сындырым нан тапканына сүйүнүп келгенин айтып калат.
«МЕНИН ООРУМ – КУРУЛУШ ИШТЕРИ»
– Атам уста болгондуктанбы, сырттын жумушун жакшы көрөм. Менин оорум – курулуш иштери, мен ансыз жашай албайм. Колума акча тийсе эле тактай алам, үй курууга керектүү аспаптарды алам, эскисин айылга жөнөтөм. Аялдын ишине эч качан кийлигишпейм. Бир жолу бир аял көчөгө чогултуп койгон топурак аралашкан таштандысын айры менен салып жатат. Топурак айры менен алынабы, өзүң ойлосоң? Анан мен «ме, калак менен сал» деп калагымды алып барып бердим. Муну мен майдачылдык эмес, көрөгөчтүк деп билем. Аял үйдө болгон мезгилде «чайыңды бер, кетейин» дегенден ашык сүйлөбөйм. Эгер аялдын ылаңдаган оорусу кармап калса, мисалы, «жасабайм, бүгүн эч нерсеге көңүлүм чаппайт» десе унчукпай эле тамак жасап, балдардын кийимин үтүктөп, бут кийимдерди сүртүп коё берем. Анткени мен аялсыз жашап, мындай иштерге бышып калгам. Идиш жууп,тамак жасап койгонду жардам деп түшүнөм. Мисалы, менин кызыма күйөө балам колдоо көрсөтүп, жардам берсе мен сүйүнөм.
«ҮЙ ТАЛАШЫП ЖҮРҮП АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ЮРИСТ БОЛДУК»
– Жашоодо ар кандай сыноо болот экен. Үй-бүлөмө байланыштуу сыноону мен да башымдан өткөрдүм. 2009-жылдан ушул жылга чейин жубайым экөөбүз үй талашып соттошконубузду көпчүлүк билет. Балдарымдын улуусу жетинчи, кичүүсү үчүнчү класс, үчөө тең акыл-эсине кирип, көп нерсеге баам сала башташты. «Ата, эмне үчүн биз ушинтип кыйналышыбыз керек? Эмнеге биз бактылуу болбошубуз керек? Эмнеге биз чогуу жашабайбыз?» деген суроолорду бере башташты. Анан мен ары ойлонуп, бери ойлонуп калчап отуруп, балдарымдын тың чыкма апасын үйгө алып келгем. Кайрадан чогуу түтүн булатып жатканыбызга жарым ай болду. Үй талаштын эсебинен мен дагы, жубайым дагы юрист болдук. Азыр кимде үй маселеси болсо «консультацияны» укмуш берем. Мен дагы үйлөнүп, ал төрөп, кайра бала бакчага каттап жүрөмбү. Анын психологиясын түшүнүп, арам-адал ойлорун жаттап, жүрүм-турумун тактап отурбай, балдар чоңоюп калганда, буларды жер каратпайын деп аялым менен жараштым. Балдарым эртең эле турмуш жолуна аттанышат, ошондо тойдо «атам келет бекен?» деп кыжалат болушун каалаган жокмун.
«ТАКЫР КЕКЧИЛ ЭМЕС ЭКЕНМИН»
– Аялым мени 8-9 гезитке жамандап чыкканда, мен кырк күндүк дааваттан келгем. Ошонун мага аябай пайдасы тийди. Гезитке чыкканымды жөн гана кабыл алдым. Көпчүлүк «Майрамбек, эр жигиттин башына эмнелер келбейт, сынбай, чөкпөй, сабыр кыл, жеңип кетесиң, бул деле унутулуп калат» дешти. Башымды жерге салып алып бекингеним жок. Тескерисинче, башымды бийик көтөрүп алып элдин жакшылыгында кызмат кылдым. Ырларымдын эки-үчөө хит болду, наам алдык.
Келинчегимдин мени жамандаганынын негизги себеби кызганыч болду го дейм. Балким, мени башкага бергиси келбегендир. Ага болгон мамилемдин башкага арналышын алдын алып, жан дүйнөсүндө будуң-чаң болгондур. Мен азыр аялым менен жарашып эрдик кылдым дейм. Ушундай оош-кыйыш жашоомдон кийин өзүмдүн кекчил эмес экенимди түшүндүм. Азыр жашообуз мурункудай эле уланып жатат. Укмуш өзгөрүүнү деле байкай элекмин, анткени чогуу жашаганыбызга жарым ай болбодубу. Азыр жарнама, кино баштала элек дебейинби. Жалпысынан бири-бирибиздин сырыбызды билебиз. Ал эмоцияга алдырып сүйлөй баштаганда эле «уруштун сөзүн сүйлөбөчү, мен тынч жашагым келет» деп тыйып жатам.
«АЗЫРКЫНЫН ЭРКЕКТЕРИ АЯЛЫН УГУП КАЛЫШЫПТЫР»
– Азыр биздин эркектер энесине кылбаган жакшылыкты катынына кылып, энесине айтпаган жакшы сөздү аялына айтып калышыптыр. Аялы кыл десе кылат, кылба десе кылбайт. Ар ким өзүнүн оорусунун дарысын издейт дегендей, мен ушуга аябай иликтөө жүргүзүп, апаларыбыз менен көп сүйлөштүм. «Апа, келиниңиз кандай чыкты?» деп сурасам «келин кара жерге кирсин, балам ошонун этегине кирип алган» деп калышат. «Санаторийге ким алып келди?» десем, көпчүлүгү «кызым» дешет. Ата-энеге кыз киши күйөт экен. Өзүмдүн эле агаларым «жеңеңден сура» дешкенин билем. Аял кишилер үйдөн бир нерсе ысырап болуп, талаага чачылып кетсин дешпейт. Бирок кайненеге келгенде жакшы ниеттерин жабышат экен. Мен муну аябай көп көрдүм. Апам менен жубайымдын ортосунда кайым айтышуу деле болгон эмес. Психологдук жайым күч, аялым сүйлөй электе эле анын турпатынан, кыймыл-аракетинен апамды жаман көрүп жатканын билчүмүн. Апам тарсылдаган, бетке айткан, ичине эч нерсе жашырбаган адам. Элдешкенден кийин жубайым менен апам жаткан ооруканага бардык. «Садага болоюн, арыктап кетипсиң» десе, тигинин көзүнөн жаш тегеренди. Кандай болгон күндө да эрди-катын урушуп жатканда эч качан ата-энени аралаштырбаш керек. Ушул нерсе жаман экен.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg