Мьянма-Кыргыз өлкөсү 2:2. КОЛДОН УЧКАН ЖЕҢИШ

10-октябрь күнү Мьянманын Янгон шаарында Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында үй ээлери менен кыргыз футболчулары кез келди. Аталган оюн Александр Крестининдин шакирттери үчүн абдан маанилүү болуп, оюндун жыйынтыгы «Ак шумкардын» тайпадагы тагдырына түздөн-түз таасир бермек.

«ҮЙДӨ БОЛО ТУРГАН ОЮНДАН КОЛ ЖУУДУК»

Кыргыз футболчулары Азия Кубогунун 3-турдук оюнун ойногон эмес. Эске салсак, сентябрдын башында Кыргыз-Мьянма беттеши Бишкек шаарында орун алмак, бирок өлкөнүн премьер-министри Сапар Исаков коопсуздук үчүн бул оюн болбой тургандыгы тууралуу чечим чыгарган. Маселени Азия футбол конфедерациясы да колдоп, азырынча аталган оюн кайда жана качан өтөрү тууралуу бир бүтүмдүү чечим чыга элек.
Ал эми 10-октябрда кезек тайпадагы 4-турдук оюндарга келди. Мьянма өз үйүндө «Ак шумкарды» кабыл алса, Индия Макао менен ойномок. Кыргыз футболчуларынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн алдында: «Тилекке каршы, өз үйүбүздө боло турган оюндан кол жууганбыз, эми конокто 3 упай алуу үчүн аракет көрөбүз. Атаандаштын күчтүү жана алсыз жактарын изилдедик»,- деп билдирген. Азия Кубогуна чыгуу үчүн Мьянма «Ак шумкар» үчүн башкы атаандаш, андыктан бул оюн эки команда үчүн олуттуу эле.

АНТОН ЗЕМЛЯНУХИН ИШЕНИМ ЖАРАТАТ

Бул оюндун башка беттештерден айырмасы, биздин курамдын негизги оюнчуларынын көпчүлүгү даяр болгондугу. Байматов, Кичин, Бернхардт жана Землянухиндин негизги курамга чыккандыгы башка футболчуларга ишеним берди. Ошондой эле тактикалык өзгөрүүлөргө келсек, Виктор Майер жарым коргоочу болсо, улуттук курама команда үчүн алгачкы оюнга Авазбек Откеев чыкты. Күчтүү курам менен чыккан «Ак шумкар» алгачкы мүнөттөрдөн тарта ишенимдүү оюн өткөрүп, 8-мүнөттө эле Майер пенальтиге ээ боло алды. Антон Землянухиндин 11 метрлик айып соккусу таамай болду. Бул гол Кыргыз өлкөсү үчүн да, Землянухин үчүн да маанилүү эле.
1-таймдын калган мүнөттөрүндө Мьянма футболчулары чабуулдарын күчөтүшүп, бир канча олуттуу соккуларды узатышканы менен эсеп өзгөргөн жок.

ВИКТОР МАЙЕР ЭМИ КОРГООЧУ БОЛБОЙТ

Оюнда Виктор Майер коргонууга караганда, чабуулда да мыкты экендигин көргөздү. Экинчи таймда дал ушул футболчу сол капталдан кирип келип, экинчи голду киргизди. Бир канча коргоочуларды жазгырып өткөн футболчуга чындыгында чабуулчулук милдет жарашат экен. Кубанууга эрте экендигин Мьянма 52-мүнөттө эскертти. Алардын 9-катардагы футболчусунун соккусун Павел Матяш тосо алган жок. Аба ырайынын ысыктыгы, оорчулук жараткан талаа оюну жана буга кошумча футболчуларыбыздын чаалыккандыгынан улам атаандаштар алдыга өтө баштады.

ПАВЕЛ МАТЯШТЫН ОДОНО КАТАСЫ

Экинчи бөлүктүн соңку мүнөттөрүндө Крестининдин алмашууга чыккан Мурзаев, Жыргалбек уулу жана Сыдыков аттуу оюнчулары эч кандай жыйынтык көргөзө албай жатышты. Мьянма футболчулары оюндун соңку мүнөттөрүнө чейин гол жаратарына ишенип тургандай эле топко ээлик кылып жатышты. Негизги убакытка 4 мүнөт кошумча берилди. Үй ээлери оң капталдан чыгарып берилген пастан чабуулчу сокку узатты. Жай узатылган соккуну негедир дарбазачыбыз Павел Матяш колдон чыгарып жиберип, жетип келген чабуулчу гол киргизип кетти. 2:2. Жеңиш колдон учту. Түз жана кыйыр мааниде дагы…

АЛДЫДА ДАГЫ ҮЧ ОЮН…

Оюндан кийин Александр Крестинин «2 гол артыкчылык менен утуп жатып, жеңишти тарттырып жиберүү жарабайт. Биз каталарыбызды жоюшубуз керек» деп белгиледи.
Тайпада Индия менен биринчи орунду талашуу татаал болуп калды. Эми жок дегенде 2-орунду багынтып, Азия Кубогунун финалдык баскычына аттануу керек. Тайпада дагы 3 оюн бар. Кыргыз өлкөсү кезектеги оюнун Макаого каршы конокто 14-ноябрда өткөзөт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тайпада 3-орунда келе жатат.
Өз үйүндө дубалдар жардам берип, Мьянма эсепти теңей алды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
doping1
2017-10-17 13:18:08
Кыкендер топ тепей эле койгулачы нендер
-3
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан