30-сентябрь күнү Күмүш-Так ашуусунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары 3 короо кой, 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан. Окуя тууралуу аттын моюнуна жеткен калың кардан өтүп, суукта калган Көк-Таш айылынын чабандары өздөрү баяндап беришсин.
Нурлан Күмүшбеков: "АР БИР КОРООДОН 5-10 БАШ КОЙ ӨЛДҮ"
-Биз өзүбүздүн жана элдин малын алып жайлоодо багабыз. Ат-Ойнок жайлоосунан 27-сентябрда чыкканбыз. Ошондон баштап аба ырайы жакшырган жок. Жамгыр, кар токтободу. Кардын калыңдыгын сүрөттөсөм, аттын курсагынан ашат. 3 короо кой, 3 үйүр жылкы, биз – чабандар жана жардамчыларыбыз, менин жардамчымдын аялы болуп жалпы 8 киши,
7 эркек, 1 аял болчубуз. Ашуулардан аша албай калдык. Кардын калыңдыгынан улам түз аша албай, айланып Кара-Буура ашуусу менен Чаткалга өтүүгө туура келди. Ошол жолго салып ылдыйлап отуруп, 5 күн дегенде Чаткалдын баш жагына чыктык. Биз Чаткалга келгенге чейин бир күн мурда ӨКМ кызматкерлери бизди издеп барып, унаа, аттары менен бир аз өйдөлөп, Кара-Кулжа өзөнүнүн ооз жагынан эле кайрылып кетип калышыптыр. Кара-Бууранын ашуусунан өтүп бараткан айдоочуга жолугуп калсак, «силерди издеп, телеканалдар жаңылыктардан көрсөтүп жатышат» деп айтышты. Анан шыр эле телефон тарткан жактан үйдөгүлөргө чалып, аман-эсен Чаткалга түшүп алганыбызды кабарладык.
Жайлоодон айылга жалпы 13 күндө жеттик. Тамак маселеси бир аз кыйыныраак болду. 3 күндө жетип калышыбыз керек болчу, ошого тууралап эле тамак-аш алганбыз. Ачка болдук. Чаткалдан бир козуну сатып, тамак-аш сатып алдык. Малдар да кыйналышты. От жок, кар, суук. Адамбыз да, баарына чыдайт экенбиз. Малдар үшүп, жүдөдү, ар бир короодон 5-10 баштан кой өлдү, арыкташты. Биз үчүн аман-эсен келип алганыбыз олжо болду. Айрым учурда «ушинтип эле ашуудан чыга албай калып калабызбы?» деген сыяктуу ар кандай ойлор келди башыбызга. «Аман-эсен эле эл-журтка, үй-бүлөбүзгө жетсек экен» деп тиленип жаттык. Уйкудан калып, чарчап кыйналдык. Айылды көргөндө, албетте, кубандык. Үйгө кирип, балдарды, ата-эне, жакындарыбызды көргөнгө ыраазы болдук.
Негизи жыл сайын ушул убакта келчүбүз. Мындай болгон эмес. Кар жаачу, бирок кайра эле күн ачылып кетчү. Биз дагы эл жумуштарын бүтүрүп алсын, малды кечирээк түшүрөлү деп ойлогонбуз. Өлгөн малдар үчүн алардын ээлерине төлөбөй турган болуп сүйлөштүк. Алар түшүнүштү. Чаткалдан ӨКМ кызматкерлери нан, коюлтулган сүт, килькаларды алып келип беришти. 5-октябрда Таластан барган ӨКМ кызматкерлери унаасы менен кыйналып калган, баса албай калган начарыраак койлорду алып кетишти. Артынан биз 9-октябрь күнү кечинде келдик.
Ратха Субаналиева: «БИЗДИ ЭЧ КИМ ТАППАЙ КАЛАТ ЭКЕН ДЕП ОЙЛОДУМ»
Ратха айым муундарына суук тийип ооруканага түшүп калганын, мындай оор кырдаалда эркектер менен тең тайлашып ашуу ашуу аял киши үчүн канчалык оор болгонун кеп кылды:
-Негизи 20-сентябрда чыгабыз деген планыбыз бар болчу. Айылдан мал айдашчу адам кеч келип калып, 27синде жолго чыктык. Анда күн ачык болчу. Бир аз ылдыйлаганда эле аба ырайы бузулуп баратканынан токтоп, чатыр тигип 3 күн чатырда жашап калдык. 30унда аба ырайы жакшыра баштаганда жолго чыксак, эртеси эле кайра бузулду, жамгыр, кар жаап, токтогон жок. Үшүдүк, кийимдерибиз эч кургаган жок. Жолго камдаган тамак-ашыбыз 3 күнгө гана жетет болчу. Аягында вермишель эле калып, аны менен чай ичип курсакты алдап жаттык, ачка болдук. Аял киши болгондуктан мага эле кыйын болду го десем, эркектерге деле кыйын болду.
Үйүр жылкылардын бар болгону жакшы болду. Жылкыларды алдыга айдадык, алар жол салып, ошол жол менен өттүк. Кардын калыңдыгы аттардын курсагына чейин, бийик жерлерден моюндарына чейин жетип жатты. Кыйналганда оюма ар нерсе келди, «ата-энемди, эки кызымды көрбөй калдым окшойт» дедим. «Бизди ким издемек эле? Ушул жерде калып калат окшойбуз» деп үмүтүм үзүлүп калган учурлар болду. "Жазында гана кайра келген чабандар бизди көрүп табат окшойт" деп стресс да болуп калдым. Чаткалга келгенде сүйүндүм. Сүйүнгөнүмдөн башында ооруганымды сезбей жүрө бердим окшойт.
Чаткалдан бери 5-октябрда ӨКМнын унаасы менен келдим. 80ден ашкан ата-энемди, кыздарымды аябай көргүм келди. Айдоочу «токтобойм» дегенине болбой, «жолго чыгып тургула» деп ата-энеме телефон чалдым. Алтындарым, издешиптир мени, көрүп ыйлап калышты. Ачка болду деп нан, тамактарын көтөрүп алып көчөгө чыгып күтүп турушуптур. Ал учурда курсагым ток болчу, мен жөн гана ата-энемди көрөйүн дегенде эки көзүм төрт болчу. Кыздарым «силерди көрбөй калабызбы деп ойлодук» деп ыйлашты. Жакындарымдын баарын көрүп кубанып алдым. Анан эле үйгө кирип, жылыткычтын жанына отурганда эле калтырак басып, эсимди жоготкондо реанимацияга алып барышыптыр. Бир күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, терапияга которулдум. Врачтар "муундарга, нервдерге суук тийген" дешти. Башында 3 күн буту-колумду сезбей жаткам. Азыр жакшыраак. Каруу жок, кээде калтырак басып калат. Кээде басам, кээде баса албай калып жатам.
ӨКМдан кызыма «апаң дарылана берсин, биз жардам беребиз» деп айтышкан экен. Кайра келишип "эч кандай жардам болбойт" дешти. Азыр дарылануу үчүн акча жагынан бир аз кыйналып жатам. ӨКМ кызматкерлери унаасына салып алып келген малдарды да өзүбүздүн айылга эмес, Кара-Буура районуна алып барып ташташты. Аны кайра өзүбүз унаа жалдап алып кеттик.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg