Бишкектин четинде болгон Боинг кырсыгынан жабыркагандарга Түркиядан акыркы каражат которулду. «Учак кырсыгы боюнча 135 макулдашууга кол коюлуп, жабыркагандарга Түркиядан компенсация алынды. Анын суммасы жабырлануучулар менен макулдашылып, ачыкка чыгарбоо чечими кабыл алынган»,- деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Атасынан да, энесинен да ажырап жетим калган жана жарым жетим калган балдардын компенсациясы депозиттик эсебинде сакталып, 18 жашка чыкканда гана пайдаланууга берилмекчи.
Белгилеп өтсөк, ушул жылдын 16-январында Бишкектин жанындагы Дача-СУ тилкесине Гонконг-Стамбул багыты менен бара жаткан Боинг учагы 85 тонна жүк менен кулаган. Натыйжада жай турмушта жашап жаткан 35 кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза болгон. Учак ээси болгон түркиялык "ACT Airlines" авиакомпаниясы жабырлануучуларга компенсация төлөөнү моюнуна алган. Ал эми өлкө жарандарынан банктагы атайын эсепке
102 миллион сом жардам чогултулган. Коомчулукта жаралган «учак Бишкекке контрабандалык жүк жеткирип турган» деген күмөн ойлор ынанымдуу фактылар менен жокко чыгарылбай кала берди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg