АСПЕКОВДУН ОКУЯСЫ АТАЙЫ ЖАСАЛГАН ЧАГЫМБЫ?

Шайлоо күнү жакындаган сайын интернет айдыңына күмөндүү сүйлөшүүлөрдүн аудиотасмалары байма-бай чыгууда. Буга чейин парламент депутаты, Өмүрбек Бабановдун тарапташы Канат Исаевге интернетке тараган аудио жана видеолор жүйө келтирилип, «шайлоо жыйынтыгында Бабанов утпаса баш аламандык кылууга даярданган» деп кылмыш иши козголгон. Ошентип Исаев 2 айга тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 9-октябрда жарандык активист Мелис Аспеков «Бабановдун тарапташтары менен баш аламандык кылууга даярданууда» деп камакка алынды. Анын кармалышына кайра эле интернетке таратылган телефондук сүйлөшүү себеп болду. Сүйлөшүүдөн Мелис Аспеков деп көрсөтүлгөн адам менен бир нече адамдын алдыдагы шайлоодо жасалчу иштер, адамдарды топтоп шайлоо күнү баш аламандык жаралса аларды алып чыгуу боюнча сөздөрүн угууга болот. Аудиотасмада Аспеков деп белгиленген адам Бабановдун аты, фамилиясын атайылап тактап атап, аудиожазууга толук түшүүсүнө аракет кылганы байкалат. Камакка алынган активистке байланыштуу телефондук сүйлөшүүлөрдө учурда Бабановдун тарапташы болуп жүргөн Мурат Жетимишбаевдин Аспеков менен сүйлөшүүсү деген үзүндү келтирилген. Мурат Жетимишбаев Аспеков менен социалдык тармактар аркылуу гана тааныш экенин, жарыяланган аудиотасма монтаждалгандыгын билдирди.
Мелис Аспеков Өмүрбек Бабановду кескин сындап, БШКга «ал талапкер катары катталбасын» деген арыздарды берип келген адам. Кечээ Бабановду сындап келген адамдын бүгүн «Бабанов үчүн баш аламандык жасоого катышам» дегени коомчулукту ишендире албады. Тескерисинче, «бул атайын кызматтар уюштурган чагымбы?» деген күмөндүү суроолорду жаратты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан