АИДА САЛЯНОВА 5 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

Парламенттеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынан депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылды. Аталган өкүмдү 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды. Өкүмгө ылайык, Салянова жаза мөөнөтүн 12 жылдан кийин аткарат. «Кылмыш-жаза кодексине ылайык, соттолуучу 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка жеткенден кийин жазасын өтөйт. Мүлкү конфискацияланат»,- деп айтылат өкүмдө.
Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок. Өкүмгө депутаттын жактоочусу нааразычылык билдирип, шаардык сотко даттанарын айтты. Аида Салянова өкүмдү мыйзамсыз деп атап, убагы келгенде акталып чыгарына ишенерин билдирди.
Эске салсак, парламент депутаты Аида Саляновага кылмыш иши 2016-жылдын декабрь айында козголгон. Башкы прокуратура «Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыптаган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан