БИР БҮРКҮМ. МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ 97,71 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ӨСТҮ...
Кыргыз өлкөсүндө 2015-2016-жылдары 13 миңге жакын ЖЕР ТИТИРӨӨ катталган. 2019-жылы сейсмикалык активдүүлүк мындан да күчөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында айтылды.
2017-жылдын 6 айында Кыргыз мамлекетине кирген түз ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ 369,5 миллион долларды түзүп, былтыркыдан 8,17 пайызга жогорулаган. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
Октябрь айынын аягына чейин республика боюнча «Кыргыз-почтасынын» курамында 432 КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ маалыматтык күркөлөр ачылат. Бул жөнүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.
Кыргыз Республикасындагы орточо АЙЛЫК МАЯНА 15 миң сом деп эсептелип, дүйнөлүк рейтингде 122-орунга жайгашты. 258 миң сом менен Швейцария биринчи орунда баратса, кошуна Казакстан 32 миң сом менен 86-орунда.
2017-жылдын 8 айында МИГРАНТТАР Кыргыз өлкөсүнө 1 миллиард 581,1 миллион доллар которушту. Маалыматты Улуттук банктан таратышты.
Бишкек шаары менен ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШКАН негизги инвестор мамлекеттер болуп Кытай, Япония, Сингапур, Казакстан, Нидерланды жана Түркия эсептелет.
11-октябрда Онкология жана гематология улуттук борборунун капиталдык ремонтунун 95 пайызы аяктап, 3 күндөн кийин ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛМЕКЧИ. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Акыркы бир айда Кыргыз өлкөсүнүн МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫ 97,71 миллион долларга көбөйдү. Ал эми жыл башынан бери 313,97 миллион долларга өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ 2018-жылы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт.
Кыргыз өлкөсүнө 33 ПАМИРЛИК КЫРГЫЗ алып келинди. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын маалыматына караганда, Ооганстандан келген кыргыздар Нарын облусуна жайгаштырылат.
12-октябрда "ЖЕБХАТ АН- НУСРА" террордук уюмунун мүчөсү болгон 1978-жылы туулган К.Х. аттуу кыргыз жараны колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Кыргыз өкмөтү ГЭС КУРУУЧУ чехиялык "Liglass Trading CZ SRO» (LTDCZ) компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.