АВРААМ РУССО ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШУУДА

Белгилүү орусиялык ырчы Авраам Руссо 12 жыл чогуу түтүн булаткан жубайы америкалык Морела Фердман менен ажырашып жатканын коомчулукка жарыялады. Ажырашуунун себебин ырчы «Бири-бирибизди түшүнө алган жокпуз, буга чейин деле ортобузда көп карама-каршы пикирлер болгон, бирок бул жолкусунда мамилебизге чекит коюуну туура көрдүк» деп түшүндүргөн. 48 жаштагы ырчы жубайы менен мүлк бөлүшүүдө да көйгөйлөр жаралып жатканын айткан. Ырчыга эки кыз төрөп берген Морела Авраамдан кыймылсыз мүлкүнүн теңинен көбүн талап кылып жатканы тууралуу кеп болгон. Бирок Авраамдын жубайы Морела "Мага ажырашуу тууралуу документтер келген жок. Авраам мага нике келишимди жөнөтүптүр, келишимде үй мүлкүбүздүн теңинен көбү Авраамда калышы керек экен. Мен буга, албетте, макул эмесмин. Анан Авраамдын мага келишимди жөнөткөнү эле ажырашууга даярданып жатканынан кабар берет. Авраам кезинде Орусиядан алдамчылык боюнча иштери менен АКШга качып келген. Мени жашырынуу үчүн колдонгон, муну эл билбейт" деп агынан жарылган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
toma95
2017-10-17 20:46:37
мм дааа катынына эр табылат озуна катын табылат ортодо балдары не болот аны ойлошту бекен??,
+6
nurhan2702
2017-10-22 15:22:38
Булар балдарын ойлобойт. Байлыгын болушо албай убара
+1
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан