АКТРИСАЛАРДЫ ТӨШӨК МАМИЛЕСИНЕ МАЖБУРЛАГАН ПРОДЮСЕР ЖУМУШТАН АЙДАЛДЫ


«Рэмбо», «Авиатор», «Биллди өлтүрүү» тасмаларына продюсерлик кылып жүргөн белгилүү Голливуд продюсери Харви Вайнштейн өзү иштеген «The Weinstein Company» кинокомпаниясынан жумуштан айдалды. Себеби продюсер фильмге тартылгысы келген актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлачу экен. Продюсердин курмандыгы болгон актрисалар Эшли Жадд менен Роуз Магкоуэн бул окуяны ачыктап элге айтып чыгышкан. Харви менен көп жылдан бери иштешкен актриса Мерил Стрип да досунун бул жоругун сындап «уят иш жасады, бул жоругун эч кандай жакшы иш менен актай албайт» деп айткан. Ал эми окуя күч алганда белгилүү актрисалар Гвинет Пэлтроу менен Анжелина Жоли да кезинде бул продюсерден ыплас сунуш алган соң аны менен иштешүүдөн баш тартканын айтышкан.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Nevestkaa
2017-10-17 12:09:17
Буларда боло берет эле го бул жолкусунда болбой калыптыр да.
+35
Girl1996
2017-10-17 18:43:18
Nevestkaa,деген менен ыйман ар бир адамдын озундо да жаным
+4
Boha1
2017-10-17 19:01:07
чал болсо да алы бар экен да
+6
Nibiru.
2017-10-18 04:52:29
Аты аталган актрисалардын баары ошол аркылуу киного отушкондугун элдин баары эле билет. Ансыз болбойт да.
+15
meni_kut
2017-10-20 03:26:26
Nibiru.,видеого тартса кобу уят болот го супер келинчектеги кыздай
+1
Akyl78.1501
2017-10-18 14:47:50
Голливуд эмес бүт жерде ошондой главный ролду сатып алуу үчүн актрисалар режиссёр м.н жатышат экен интернетте видеолору жүрбөйбү
+5
cfif03748
2017-10-18 19:14:07
Бул чалдын жардамчысы олуптурда.ошон учун эле актрисалар паниковать этишсе керек.аларга олгон жардамчынын эмне кереги бар.
0
mym
2017-10-19 13:58:22
Шоу бизнесте ушундай жорук коп болот го негизи,мусулмандарда деле болуп жатпайбы
+4
MaksAruna
2017-10-21 02:20:07
Бул нерсе конумуш адат го Галивудда
+2
didu
2017-10-21 21:30:28
чал экенда жашырак болгондо оздору сунуштамак
+3
sardaralay
2017-10-23 21:47:29
Дуйно жылдызы болгун келсе жол ошол, болбосо иди пошел.
0
sardaralay
2017-10-23 21:48:23
Тошоко макул болбосон кетебер дейт. Анан атактуу болгусу келгендер макул болушат.
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан