ЧҮЙДӨ ҮЙ ЖАНА УНААЛАР ӨРТТӨЛДҮ. КЫЛМЫШКЕР ТАБЫЛА ЭЛЕК

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жана Бишкектин Ак-Босого конушунда бир нече атайылап өрттөө фактысы катталды. Кылмыш 16-октябрдан 17сине караган түнү болгон. 2 автоунаа жарым жартылай, 1 унаа толук жана 1 үйдүн эшиги күйүп кеткен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.


«ӨРТ ҮЙГӨ ӨТҮП БАШТАГАН ЭКЕН»


Унаасы толук күйүп кеткен Маевка айылынын тургуну Эрмек Кенжебаевдин айтымында, өрт үйүнө чейин өтүп кеткен:
– 30 жаштамын. КамАЗ оңдоп иштейм. Күйүп кеткен унаам Fiat үлгүсүндө эле. Бул үйдө квартирантмын. Күндөгүдөй эле кечинде жумуштан үйгө келип, уктап жаткам. Түнкү саат 2 жарымда кошунам ойготту. Сыртка чыксам унаам өрттөнүп, өрт үйгө да өтүп баштаган экен. Араң өчүрүп калдык. Кошунамдын унаасынын арт жагы күйүп жаткан экен, аны да өчүргөнгө жетиштик. Күйүп кеткен унаамды жакында эле сатып алгам. Жаңылап, жасап чыгайын деп көчөгө эле токтотуп койгон элем.


«КОРООМО КИРИП ӨРТТӨПТҮР»


Дагы бир жабырлануучу Нурлан Жумабаевдин унаасы короосунда турган жеринде өрттөлгөн.
– Түн жарымда кошунам ойготту. Эшикке чыксам унаамдын арты күйүп жатыптыр. 30-40 мүнөттөй өзүбүз суу чачып өчүргөнгө аракет кылдык. Кийин гана өрт өчүрүү кызматынан келишип, жардам беришти. Бул Toyota Caldina үлгүсүндөгү унаамды 6300 долларга сатып алып, 3 жылдан бери айдап жүргөм. Айрым күбөлөр «өрттөгөн адам кара куртка кийген, бою узун адам» деп жатышат. Үйдүн дарбазасы жабык эле, экинчи дарбазамдан кирип өрттөгөн окшойт.


«ТҮТҮНГӨ УУЛАНЫП КАЛАЙЫН ДЕДИК»

Үйүнүн эшиги өрттөлгөн Жаныш Нуралиев Ак-Босого конушунун тургуну. Ал «балам экөөбүз түтүнгө ууланып калайын дедик» дейт:
– Бул батирге жакында эле көчүп келгенбиз. Биз жашаган үй түнкү саат 3 жарымдарда өрттөлгөн. Үйдө ооруп жаткан балам экөөбүз эле болчубуз. Уктап жатсак эле эшигибизди 2 жигит ургулап, кыйкырып ойготушту. Чочуп ойгонуп карасам бөлмөнүн ичин түтүн каптап калыптыр. Дем жетпей кыйналып, сыртка араң чыктык. Ууланып калайын дедик. Бизди ойготкон адамдар күйүп жаткан эшигибизди өчүргөнгө жетишти. Үйүбүздүн жанында канал бар болгондуктан өчүргөнгө суу ташуу оңой болду. Өрттү өчүрүп бүтүп эле ал жигиттер «бул жак да өрттөнүп жатат» деп жаныбыздагы дүкөн тарапка чуркап кетишти. Көрсө кимдир бирөө дүкөндү да өрттөгөнгө аракет кылган экен. Дүкөн темир контейнерден жасалган үчүн өрттөнбөй калыптыр. Пластиктен жасалган эшик эрип кетип, жараксыз болуп калды. Бул айылда эч кимди тааныбайм да, ошондуктан ким өрттөгөнүн божомолдой да албай жатабыз.


«УЧУРУНДА ӨЧҮРҮП КАЛДЫК»

Өрттөлгөн Toyota RAV4 унаасынын ээси Алмаз Атабеков «унаам газ менен жүргөндүктөн жарылып кетиши мүмкүн эле» дейт:
– Түнкү саат 3 жарымдар чамасында 2 жигит үйүбүздүн дубалын ашып өтүп, мени ойготуп, «унааңыз өрттөнүп жатат» деп айтышты. Сыртка чуркап чыксак, унаамдын дөңгөлөгү күйүп жатыптыр. Кошуналарым кошулуп 7-8 адам болуп өчүргөнгө жетишип калдык. Машинанын алдыңкы дөңгөлөгүн гана өрттөгөндүктөн тез эле өчүрдүк. Машинам газ менен жүрөт эле. Эгер арт жагынан өрттөлүп, газдын багына жалын жеткенде жарылмак. Учурунда өчүргөнгө жетиштик. Жакын жерде турган башка унаалар, үй да кошо күйүп, чоң өрт чыкмак. Менин унаам жол четинде турган болчу. Кошунамдын үйүндө видеокамерасы бар эле. Камера карап турган тарапта 2-3 унаа турган, камера карабаган жакта турган менин унаамды өрттөшүптүр. Менимче, муну айылыбызды билген эле адам жасаган. Буга чейин өрттөлгөн унааларды көргөн жигиттер өрт койгон адамды издеп жүрүп күйүп жаткан менин унаамды көрүп калышыптыр. Алар «ким өрттөп жатканын таңга чейин издеп табабыз» деп кетишкен болчу.

«МЕНИМЧЕ, МУРУНКУ ӨРТТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ ЖОК»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алтынбек Карабековдун айтымында, аларга Маевка айылында катталган өрт боюнча гана кабар түшкөн:
– Бизге 16-октябрдан 17сине караган түнү унаалардын өрттөлүүсү боюнча телефон аркылуу маалымат түштү. Ак-Босого конушундагы үй жана унаа боюнча кабар түшкөн эмес. Буга чейин Маевка айылында 13-15-октябрларда чачтарачкана жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери кийим алмаштырчу жай күйүп кеткен. Азыркыга чейин муну кылгандар да кармала элек. Унаалар 5-10 мүнөттө эле күйүп кетет. Ошого биринчи унааны сактап калганга жетишпей калдык. Toyota Caldinaны болсо өчүргөнгө үлгүрдүк. Жалпы чыгым эсептелүүдө. Менимче, унаалардын өрттөлүүсү 13-15-октябрдагы өрттөр менен байланышы жок.

КЫЛМЫШКЕР ТАБЫЛА ЭЛЕК

Аталган окуяга байланыштуу ИИМ төмөнкүдөй маалымат таратты: "Маевка айылындагы унааларды өрттөө фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Күбөлөрдүн айтымында, өрт койгон адам 30-35 жаштын тегерегиндеги азиат түспөлүндөгү эркек. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мүлктөрдү өрттөгөн адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн деген божомол чыгууда. Учурда кылмышкер табыла элек. Издөө уланууда".


Жабырлануучулардын көпчүлүгү белгисиз жигиттер келип ойготуп, өрттү өчүрүүгө жардам бергендерин айтып жатышты. Алар кимдер? Өрттүн уланып кетишине жеткирбей убагында жардамга келген баатырларбы же өрттүн чыгышына себепкерлерби? Азырынча табышмак...


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан