ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНЫН КООПСУЗДУГУ: МОБИЛДИК БАНКИНГ


Кыргыз Республикасынын финансылык системасы бүгүнкү күнү банктык кызмат көргөзүүнүн кеңири тармактарын сунуш кылат. Инновациялык технологиянын өнүгүүсүнүн натыйжасында, банктык кызмат көргөзүү дагы өнүгүп-өсүп, учурда жаңы денгээлге келип жетти. Мындай кызмат көргөзүүнүн түрү катары аралыктагы банктык кызмат көргөзүүнү, банктык төлөм карттарын, төлөм жүргүзүүчү терминалдарды, электрондук капчык жана мобилдик банкингди атасак болот. Бул ирет сөз кылалы деген темабыз дал ушул мобилдик банкингге арналат. Тагыраак айтсак, мобилдик банкинг жана анын коопсуздугу тууралуу Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын адиси Таалайбеков Нурсултан Таалайбекович төмөнкү маанилүү маалыматтарды билдирди.

ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНДАГЫ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯ

Маалымат технологиясынын тез өнүгүшү менен жашоо деңгээлин жогорулатууга карата муктаждык күчөп, азыркы кезде финансылык кызмат көрсөтүү тармагына да өзгөчө талаптар коюлуп, ага карата бир кыйла жагымдуу шарттар сунушталып жатат. Азыр жарандарды кантип жана каалаган убакытта өзүн тейлеген банк менен байланышып, тийиштүү кызматтарды пайдалана алары кызыктырат.
Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле санариптик жана таза экономикага өтүү үчүн «Таза коом» долбоорун ишке ашырууга ниетин коюп жаткандыгын жарыялады. Санариптик акчалар жана нак эмес төлөмдөр – бул заманбап экономиканын негизги жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондугуна байланыштуу, калктын саны жана киреше деңгээли өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Мунун баары санариптик экономиканын инфраструктурасын өнүктүрүүгө таасирин берет, анткени инфраструктура – бул кымбат долбоор жана ал көптө барып өзүн-өзү актайт.
Бирок ошого карабастан санариптик технологиясынын өнүгүшүнө кызыккандар жылдан жылга өсүп жатат. Улам-улам көп жарандар нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн ыңгайлуу экендигин баалашты. Айтсак:

  • коммуналдык кызматтарды каалаган жерде жана каалаган учурда төлөө;
  • товарларды (анын ичинде интернет-дүкөн аркылуу сатып алынган) жана тейлөө кызматтардын акысын (жеткирүү кызматы, такси, химиялык тазалоо ж.б.) төлөө;
  • байланыш (стационардык жана уюлдук телефон, интернет) жана башка кызматтардын (кабелдик жана санариптик телекөрсөтүү, билим берүү)акысын төлөө;
  • акча каражаттарын каалаган жерде жана каалаган учурда которуу;
  • эсептердин ар кандай түрлөрүн ачуу жана аларга акча которуу;
  • санариптик акчаны интернет, мобилдик телефон, банктык карттар аркылуу башкаруу.


МОБИЛДИК БАНКИНГ ЖАНА АНЫН МААНИСИ

Бул макаланын алкагында биз уюлдук аппараттар аркылуу мобилдик банкинг деп аталган аралыктагы банктык кызматтардын бир түрү менен эсепти башкарууну карап чыгууну сунуштап жатабыз.
Мобилдик банкинг дүйнө жүзү боюнча көп жактоочуларды топтоп жатат. Эмне себептен? Себеби мобилдик колдонмо аркылуу төлөмдөр жана акча которуулар бир шилтем аркылуу жана бир секунданын ичинде ишке ашырылат. Уюлдук интернет менен уюлдук аппараттар кызматтык төлөмдөрдү адамдын кайсы жерде жүргөнүнө жана убакыт-саатына карабай тейлейт. Ал үчүн болгону жеткиликтүү интернет жана анын ылдамдыгы талап кылынат. Мунун баары жашообузду жеңилдетип жана убактыбызды үнөмдөөгө жардам берет. Ар бир технология колдонуучуларга өз каражаттарын аралыктан башкаруу үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.
Азыркы күндө негизги мобилдик банкинг колдонуу кызматтары болуп нак эмес төлөмдөр, бардык операциялар боюнча SMS-билдирүү, уюлдук байланыштар менен интернет, коммуналдык төлөмдөр, акча которуулар жана башка төлөмдөр саналат. Мобилдик банкингдин жөнөкөй жарандардын арасында популярдуулугу өсүүдө, анткени күнүмдүк сатып алуулар жана төлөмдөр оңой, ыңгайлуу жана дайыма жаныңда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мобилдик банкинг кызматын 6 коммерциялык банктар көрсөтүүдө: «Кыргыз-Швейцар Банкы» ЖАК, «Оптима Банк» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «БТА Банк» ЖАК, «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» ААК.

ЭЛКАРТМОБАЙЛ

Кыргызстандын рыногунда эң новаторлук буюмдардын бири мобилдик колдонмо ЭлкартМобайл болуп саналат. Ал «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу 2017-жылдын сентябрь айында ишке кирди. Бул бир колдонмо аркылуу ар башка коммерциялык банктардан чыгарылган Элкарт төлөм карттарына байланган бир нече эсепти башкарууга болот. Төлөм карттын жайгашкан ордуна карабай, бир эле тиркеме аркылуу каалаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыкта туруп төлөөгө болот. Ошондой эле уюлдук телефон же планшеттен башка атайын аппараттын кереги жок. ЭлкартМобайл эч кандай банкка байланышсыз, терминал менен банкоматты талап кылбаган акча которууга жана төлөм жүргүзүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүк.
ЭлкартМобайл аркылуу өз карттар арасында жана башка Элкарт карттарга которууларды, эсептин балансын кароо, уюлдук телефонго жана электрондук капчыкка акча салуу, коммуналдык төлөөлөр, интернет, ТВ жана башка төлөмдөрдү аткарса болот. Мындан тышкары бул колдонмо аркылуу карттагы эсебиңизди көзөмөлдөө, карттын минивыпискасын алуу жана мындан аркы төлөмдөрдү жеңилдетиш үчүн шаблон түзсө болот. ЭлкартМобайлдын жакында турган төлөм, Элкарт картасын кабыл алган банкоматтарды жана соода пункттарды издөө функциясы да бар.
Бул колдонмо толук интернет банкингден кем эмес жана ошондой эле эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык заманбап коопсуздук системасы тарабынан корголгон.


МОБИЛДИК БАНКИНГ КООПСУЗДУГУ

Ар бир процесстин жана аспаптардын өз тобокелдиктери бар. Айтсак, ар бир эле адам нак акча менен жүргөндө тонолуп, акчасын жоготуп же жарактан чыгарып алуу, алдамчылардын тузагына чалынуу жана башка тобокелдиктерге туш келиши толук мүмкүн. Ошондой эле мобилдик банкингдин дагы өзүнүн тобокелдиги бар. Биринчи кезекте бул техникалык себептерге байланыштуу болот. Атап айтсак, банктын же төлөм системасынын операторлорунун байланыш же компьютер системаларында авариялар; кардардын уюлдук аппаратына жана банктын системасына кибер чабуул коюлушу мүмкүн (мисалы, уюлдук телефондогу жеке маалыматтарды жана банктык эсептер маалыматын вирустар аркылуу уурдоо же блокко салуу); банктык маалыматтык же мобилдик банкинг системалары нормалдуу иштешинен чыгуу; банктын кызматкерлеринин туура эмес иш-аракеттери (анын ичинде алдамчылыктар); форс-мажорлук кырдаалдар (табигый жана башка кырсыктар). Кардар үчүн тышкы таасирлерден сырткары, уюлдук аппараттын жана электрондук банк системасынын кирүүгө мүмкүндүгүн жоготуу жана башка туура эмес иш кылуу учурлары буга мисал боло алат.

АЛДАМЧЫ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ

Техниканын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн күч алганы менен ар кандай алдамчылык схемалардын өсүшү токтоп калган жок. Буга байланыштуу өтө ишенимдүү коопсуздук системалары менен дагы сак болушубуз керек. Банктык тобокелдикти төмөндөтүү үчүн төлөм системаларынын операторлору атайын эрежелерди иштеп чыгышат. Бул эрежелерди так сактаса колдонуучулар акчанын сактыгынын эң жогорку коопсуздугун камсыз кылат жана ошондой эле төлөм тобокелдигин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мобилдик банктын коопсуздук жана ыңгайлуу ишин камсыз кылуу үчүн кардарлар төмөнкү жалпы сунуштарды жүзөгө ашыруусу керек:

  • сиздин ДБО боюнча жеке маалыматтарды чоочун жак тарабына билүүгө шарт түзбөө керек (банк карттын номери, PIN-код, банктагы эсептин номери, паспорттук маалыматтары, мобилдик банкинг системасына кирүү мүмкүндүгү);
  • мобилдик колдонмону шек жараткан соода жана тейлөө көрсөтүү мекемелеринде колдонбоо;
  • мобилдик колдонмо аркылуу операцияларды жүргүзүп жатканда уюлдук аппаратты көз жаздымында калтырбоо;
  • банктын SMS-кызматын бүтүмдөр боюнча кабарлоо жана эсепти же картты онлайн-блокко/блоктон чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен пайдалануу;
  • мобилдик банкинг система аркылуу иштеп жатканда өзүңөрдүн уюлдук телефонуңарды зыян келтирүүчү программаларга каршы текшерүү. Вирустар жана зыяндуу программалар көпчүлүк учурда жашыруун маалыматтарды үчүнчү жакка жиберүүгө багытталат. Андыктан антивирус программасын орнотуу жана дайыма антивирус базаларын жаңылап туруу керек;
  • мобилдик колдонмо ишенимдүү булактардан жүктөлгөндүгүнө ынануу. Байланыш коопсуздук режимде кошулгандыгын текшерүү;
  • мобилдик банкингдин персоналдык маалыматтары башкаларга билинип калганына шек болсо логинди жана паролду/кирүү кодду алмаштыруу зарыл;
  • банк электрондук почта же уюлдук телефон аркылуу өз кардарларынан жеке маалыматтарды эч качан сурабастыгын билүү (мисалы, карттын номерин, PIN-кодду, эсептин номерин, паспорт маалыматтарын, мобилдик банкинг системасынын парол/кирүү мүмкүндүк кодун). Банк менен колдонулуп жаткан маалыматтык карым-катнаш бир гана байланышуу үчүн көрсөтүлгөн документте макулдашылган кеңседен же тейлөө пункттарынан гана ишке ашырылат.

Эскертүү! Эгерде сиз өзүңүздөрдүн мобилдик банкинг системаңыздын персоналдык маалыматын жоготуп жиберсеңиз же бул жеке маалыматтарды башкалар билип алган болсо же уюлдук телефонуңузга бөтөн бирөөнүн киргенинен шек санасаңыз (сиздин уюлдук аппаратыңызга чоочун жак тарабынан уруксатсыз кирүү аныкталса) тез арада мобилдик банкингдин ишин жана картты блокко салууга шашылыңыз. Ошондой эле кыска убакыттын ичинде банк менен байланышуу талап кылынат.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Syn4y
2017-10-24 13:35:31
baw ailanat go
+1
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан