«БАЛАМДЫ ӨЛТҮРГӨН АДАМ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ»

Ата үчүн жалгыз уулунан айрылуудан, ошол уулунун канына забын болгон адамдын эркиндикте жүргөнүн көрүүдөн өткөн оор нерсе болбосо керек. Редакциябызга келген Мыктыбек ага мистикасы да, криминалы да аралаш баянды минтип баштады...

“УУЛУМА ҮЧ ЖОЛУ КОЛ САЛЫНДЫ”
– Уулум Азамат 18 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Өзүм айдоочумун. Аялым пол жуугуч болуп иштеп жүрүп, Азаматтын көзү өтө электе инсульт болуп жыгылган. Бир уул, бир кызым менен өз чарбабыз өзүбүздө болуп жашап келгенбиз.
2009-жылдын 1-май күнү түнкү саат үчтө Азаматтын жол кырсыгына кабылып, реанимацияда жатканын уктук. 4-май күнү катуу жараат алган уулум сөзгө келбей үзүлүп кетти.
Бул окуядан бир аз мурун эле Азамат: “Ата, менин артымдан кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү машина калбай жүрөт. Билбейм, эмнеге экенин...”- деген. Мен баламдан машинасынын ачкычын алып, “эч кайда чыкпа” деп койгом. Бирок бала деген бала экен. Эки күн өтпөй кайра эле ачкычты сурады. “Сүйлөшкөн кызым менен тоого чыгып келейин, машинаны берип турчу, ата” дегенине жок дей албадым.
Ошол бойдон бул тууралуу мен да унутуп калган экем. Мындай кырсык болорун билсем кана?! Уулум аябай жоош, элпек, бирөөгө жамандык кылайын дебеген бала болчу. Каза болгондо кошуналарыбыз, достору түп көтөрө келип жардам беришти.

“СЫРДУУ СҮРӨТ”
– Азаматтын жөн жерден каза болбогонун ушул күнгө чейин сезип турам. Ошол каргашалуу күнү биздин терезеге (биринчи кабатта жашайбыз) аза лентасы байланган орто жаштагы орустун сүрөтүн бирөө коюп кетиптир. Мен тегеректе жүргөн орус балдар үйлөрүнөн алып чыгып ойношуп, анан унутуп коюшкан го деп ойлогом. Алып обочороок ыргытып жиберип, реанимацияга жөнөдүм.
Барсам, Азаматты дарылап жаткан дарыгерге уулумду машинасы менен койдуруп кеткен Барашкин “биротоло тынчыт” деп шыбырап, колуна акча берип жатыптыр. Мени көргөн дарыгер аябай чочуп, акчасын албай шашып кетип калды.
Балам үзүлүп кеткен күнү үйгө келсем, сүрөт кайра биздин терезеде туруп калыптыр. Ошондо гана бул жерде жашыруун сыр бар экенин түшүндүм. “Бул түйүндү кийин чечем” деген ойдо каргашалуу сүрөттү үйгө алып киргим келбей, кашаага илип койдум. Азаматты жерге бергенден кийин ал сүрөттү таппай калдык.

“ТИГИ ДҮЙНӨДӨ ДА ЧОГУУ...”
– Уулумдун каза болгону бир кайгы болсо, сүйлөшкөн кызынын өз жанын кыйганы экинчи кайгы болду. Балам каза болгон күнү сүйлөшкөн кызы биздин көчө менен келатыптыр. Боз үй тигилип турганын көрүп, курбусунан “ким каза болуптур?” деп сураган экен. Ал оозу барбай, “өзүң барып карасаң...” дептир. Боз үйдө илинип турган Азаматтын сүрөтүн көрүп, өзүн жоготуп койгон окшойт бечара кыз. Угушума караганда, үйүнө барып катуу ыйлаган экен. Анын ыйлаганын көргөн апасы “анчалык кыйналгандай, ал сенин күйөөң беле?!” деп урушуп коюптур. Балким, ошого намыстанганбы же уулумду абдан жакшы көргөндүктөнбү, кыз уксус ичип, өз жанына кастык кылыптыр.
Ошентип, Азаматтын артынан ал бечара кыз дагы кете берди. Жок дегенде мага жолугуп сүйлөшсө, акылымды айтсам анчалыкка барбайт беле, ким билсин. Кечээ-жакында эле маркум кыздын бейитине барып гүл коюп келдим. Баарынан да таң калганым, мүрзөсүнө татынакай гүлдөр өсүп калыптыр.

“АДИЛЕТ ЖАЗА ИШ ЖҮЗҮНӨ АШПАДЫ”
– Уулумду сүзүп кеткен машинанын чыныгы ээси милиция кызматкери экенин уктум. Ал эми Барашкин ишеним кат менен айдап жүрүптүр. Баламдын өлгөнүнө бир жыл болду. Бирок адилет жаза иш жүзүнө ашкан жок. Барашкин абакка да жатпады. Ар кандай шылтоо менен соту 8 жолу артка жылды. Анысына да макул элем. Күйгөнүм, күнөөлүү адам 8 жылга шарттуу түрдө кесилди. Эмнегедир Барашкиндин сөзүн сүйлөшүп, анын айтканын кылып жатышты. Ким билет, балким, аларга Барашкин көп акча төлөгөн чыгар? Кантсе да бул жоруктары мага түшүнүксүз болду.
Менин оюмча, түнкү саат үчтө трасса ээн турганда мындай кырсык болбош керек болчу. Бул иш атайын кимдир бирөөнүн буйругу менен жасалды деп ойлойм. “Балам кандай ишке кириптер болду экен?” деген ой көкүрөгүмдөн кетпейт. Жогоруда айткан сүрөт биздин терезеге уулум өлгөн күнү туруп калганынан улам “бир сыр бар болсо керек...” деп ойлоп жатам. Азаматтын өлүмүнөн кийин эч ким биздин алдыбызга келип кечирим сураган жок. “Билгениңерди кылгыла” дегенсип, жок дегенде көңүл айтып койгонго жарашпады. Уулум минип жүргөн машина токочтой болуп эки бүктөлүп калыптыр, “түзөтүп берейин” деген да жок.
Жакында Азаматымдын ашын бердим. Уулумдун досторуна рахмат, мага колунан келген жакшылыктарын көрсөтүштү. Баламдын өлүмүнөн кийин өзүмдү катуу жоготтум. Сөз сүйлөбөй, күнү кечке жалдырап отурган күндөрүм көп болду.

“СӨЗ СОҢУНДА...”
– Сөз соңунда айтарым, бир эмес, эки адамдын убалына калып, өмүрүнө кара чекит койгон адам эркиндикте жүрөт. Адилеттикти сурап, барбаган жерим калбады. Бирок мени эч ким уккан жок. Акырында силердин гезит аркылуу элге бугумду айтып алайын дедим. Баарынан кыйнаган нерсе – эмне үчүн уулумду артынан кууп жүрүп өлтүргөнүн билбегеним. Адилеттиктин болушун тилек кылып, талап кылып келем. Үйдө уулунун сүрөтүн кучактап ыйлап отурган апасынын ойлогону да ушул.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
safina
2010-05-18 09:27:11
Сабыр кылыныз байке мен чындык такталып адилеттик болооруна ишенем, азыр болбосо да анын да убагы келет байке. мени тан калтырганы жанагы орустун суроту, балким чын эле байланыш бар балким ал суроттогу адам да бул дуйнодон кайтыш болгон анан тиги Барышкин кайсыл бир себептерден сиздин баланызды куноолу деп чечип оч алгандыр
0
AazamatBBB
2010-05-18 17:45:19
аяынычтуу окуя! бизде чынында закон иштебейт кимдин созу, капчыгы калын болсо ошонун созу отот кыргызстанда. Анткени менинда башыман да бир окуя откон ошондо укук коргоочулар каратып туруп, куноолу тараптын созун суйлогондо жиним келип иштин баарын жаап салгамда, иштин жайын кудайга койуп койгом.
0
ultramarynA
2010-05-21 09:50:02
Баланыздын арты кайрылуу болсун. Сабырдын тубу сары алтын. Куноолуу адам оз жазасын кандай да болсо алат. Жашоо улана берет экен. Башынызды ойдо которуп, келечекти ойлонуз. Баарыбыз пендебиз да.
0
guliz
2010-05-23 22:29:33
Баланыздын арты кайрылуу болсун байке.
Чынын айтсам менин иним да авто кырсыктан каза тапкан мына 3жылдын жузу болуп олтурат,курандан башка жардам жок экен.
Ошондуктан башка арга жок экен,ал эми киши олтургондор бул дуйно болбосо тигил дуйнодо оз жазасын алат деп ишенем.
Ишинизге ийгилик каалайм

Дагы
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан