«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Ойлонуп отуруп качып кете турган болушту. Ошондо гана Жамиля паспорту өзүндө эмес экенин билди.
– Паспорт...
– Эмне паспорт?
– Менин паспортум Керемде.
– Кайда катылганын билбейсиңби?
– Билбейм,- Жамилянын көзү жашылдана түштү.
– Негизи эмне деген адам бул? Сенин паспортуңду алганга кандай акысы бар? Көзүмө бир көрүнсө!..
Алибектин эрксизден жини келип баштады. Ал эми бул экөөнү тиктеп отурган адам эки чайнап, бир жуткусу келип жатканын байкаган жок. Ажырашкысы келбей жатып эки жакка тарашты.
Кеч. Алдында Ахмед төгүп-чачып жеп жаткан тамагын сабырдуулук менен жыйнап, кайра алдына берип жаткан кызды таң калып тиктеп отурду Керем. «Тим эле периште. Кимдин кучагынан келдиң? Эмне кылып келдиң? Тиги келесоо күйөөсүнүн капарына да келбес». Көз алдына бутунун учуна тура калып тиги эркектин моюнунан жыттаганын элестетип онтоп алды. Кыжырын баса албай столдон туруп кетти. Анын жеп койчудай көз карашын энеси туйду. Өз баласын билбейби? Эбак билет мунун оюнда эмнелер бар экенин. Ошол нерседен чочулачу. Эсма ханымдын бир ою эле эптеп бала төрөлгөндөн кийин Жамиляны мекенине кайтаруу. Каршы-терши баса берген уулун кыжырлана тиктеп койду. Бул көз карашты туйганы менен, токточудай эмес тиги. Өз бөлмөсүнө кирип бара жаткан Жамиляны колдон алды.
– Жүрү, сөзүм бар сага.
Көзүнөн жаалы учуп турган эркекти тиги токтоолук менен тиктеп турду. Эч коркуп койбогондой.
– Макул, менин да сага сөзүм бар,- деди акырын.
Азыр эле бүркүп ыргытчудай болуп жаткан тиги жоошуй түштү. Бул кызда бир нерсе бар аны токтото ала турган. Экөө бөлмөгө киришти. Түз, тайманбай тиктеп турган көздөн Керем жалтана түштү.
– Угуп жатам.
– Жок, биринчи мен сени угуп көрөйүн. Анан өзүмдүн версиямды айтам,- деди Керем.
– Мага паспортум керек.
– Эмнеге?
– Жөн эле, өзүмдө болуусун кааладым.
– Башка айта турган эч нерсең жокпу?
– Жок, баары биз сүйлөшкөндөй. Мен бала төрөлгөндөн кийин таштап кетем да, жаңы жашоо баштайм.
Керем жакындап келе жатты. Көздөрү чоңоюп, артка кетенчиктеген Жамиляны кимге окшоштуруп жүргөнүн эми билди Керем.
– Неслихан.
– Эмне?
– Сен ошол актрисага окшош экенсиң. Бирөөгө окшоштуруп эле таппай жүргөм. Анын көзү жашыл, сеники капкара. Болгону ошол.
Жамиля эч нерсени түшүнбөдү. Көк көздөрү гана түшүнүксүз жалт-жулт этет.
– Биздин балабыз кандай болорун элестетип жатам,- деди Керем.
– Кайдагы нерселерди айтпа, мага паспортумду бер. Сен аны менден алганга акың жок. Менин күйөөм Ахмед,- деди ал терезе жакка өтүп кетип жатып.
– Ахмед. Туура, сенин күйөөң Ахмед. Менин кем акыл иним. Кимди төшөгүнө салып бергеним менен иши жок, колунда бриллиант турганы менен иши жок кемпай. Мен андан өткөн кемпай. Баса, Жамиля, сен сүйдүң беле?
Үн каткан жок. Ушу мерез, жүрөгүндө таштай муздак робот менен сүйүү тууралуу сүйлөшөмбү дегенсип.
– Макул, эртең берем паспортуңду,- деди ал өкүнүчтүү. Жамиля бөлмөдөн чыгып кетти.
Керем аны ушунчалык эле оңой кутултат беле? Жамиля эртеси колуна тийген паспортун тиктеп ойлонуп турду. Ал билген, Керем анын эркиндигин минтип колуна тез сала койбойт экенин. Бирок үмүт жылт этип акылга баш ийбейт эмеспи. Ошол күнү Алибек менен жолугарын билди Керем.
Жамиля болжошкон жерине жеткенде күн батканы калган. Ары-бери карап Алибекти күтүп жатты. Экөө атайын эл көп келбеген жерден жолугуша турган. Айланага күүгүм кирип, күткөн адамы да келбей элеңдеп эки жагын карап жатты. Бир аз нары басканда эле бир адам сулк жатканын байкады. Жүрөгү шуу дей түштү. Жакындап барып анын Алибек экенин байкады.
– Али!- Чуркап жетип башын көтөрө берди. Жүзүндө, денесинде тамтык жок. Ийини менен араң дем алып жаткандай.
– Бул эмнеси? Бул эмнеси, ыя?- коркконунан үнү чыкпай шыбырап калды.
– Ким кылды? Сага эмне болду?- чырылдап үстүнө түшө калып жаткан кыз үнүнүн барынча түркчө кыйкырып жиберди.
– Жардам бергиле! Суранам, жардам бергиле!
Кимдир бирөөнүн дабышын укту. Кылчайып, Керем жанында турганын байкады.
– Сенби?
– Мен. Ким деп ойлодуң эле? Менден оңой кутулам дедиң беле?
– Жырткыч, айбан!
Керем кимдир бирөөгө кол шилтеди. Кайдан-жайдан пайда болгон 3-4 караан келип араң жаткан Алибекти дагы уруп киришти. Былч-былч муштумдар... Куду өзүнө тийип жаткансып дирилдеп турду Жамиля.
– Токтот!- деп бакырып жиберди ал. Тигилер кулак салбады.
– Токтот де буларды, макул, сенин айтканыңдын баарына макулмун. Мени эмне кылсаң өзүң бил. Алибекке тийбе.
– Менин айтканымдын баарын кыласың. Ошондойбу?
– Баарын.
– Эмесе мындай. Сен алгач бул келесоого бирөөнүн аялына тийсе болбой турганын жакшылап түшүндүрөсүң. Мекенине тез кетишине жардам бересиң. Өзүң карыныңдагы баланын ден соолугу үчүн кам көрүп, күйөөңдүн жакшы аялы болуп үйдө отурасың.
Эми тигилер колунун күчү калбай, буту менен тепкилегенге өтүштү. Жамиля боздоп жиберди.
– Ооба, мен баарын аткарам. Токтот де.
Тепки токтоду. Сулк жаткан жигиттен тирүүлүктүн кабары билинбейт. Жамиля жетип башын жөлөп, жүзүнө жүзүн тийгизип өпкүлөп жиберди.
– Өлбө, мени таштап кете көрбө. Баарын көтөрө алам мен. Бир гана сенин өлүмүңдү көтөрө албайм. Суранам, жаным, мейли башка жашооң болсун, башка аялың болсун, бирок жаша. Мен баарына макулмун. Алибек, сени кыйнаганым үчүн мени кечир, сүйгөнүм үчүн кечир. «Эми өлсөм да сенден айрылбайм» деп убада бергем. Бирок сөзүмө тура албай калганымды кечир.
Жамиля сүйлөп жатты, ыйлап жатты. Тигилерге колун шилтеп кете бергиле деп койгон Керем Жамиляны колдон ала ордунан тургузду да, машинасына жөнөдү. Жигиттин сулк жаткан денесин деңиздин толкуну чайпап кала берди.
– Эмне ыйлап жатасың? Өлбөйт аның.
Жамиля үн каткан жок. Машинанын күзгүсүнөн караган Керем Жамилянын өңү бопбоз болуп калганын байкап коркуп кетти.
– Сага эмне болду?
– Бала...
– Эмне-е?
Жамилянын жооп бергенге алы жок шалдырап барып эсин жоготту. Машинаны токтото калып арткы эшигине чуркап барган Керем катып калды. Жамилянын көйнөгүнүн этеги канга чыланып калган болчу.


ххх


Арзуу башын мыкчып отурду. Нурилянын курсагы күндөн-күнгө чоңоюп баратат. Арген болсо ошол боюнча жүзүн көрсөткөн жок. Эмне кыларын билбей башы маң. Ошол күнү курдашы үйүнө кирди.
– Ой, эмне сен аза күткөнсүп эле?
– Азасы менен кара жерге кирсин. Эмне кыларымды билбей отурам.
– Мурат кайда?
– Жамилядан кийин үйдөн чыгып кеткен. Тентип жүрсө керек, билбейм. Мен Нурилянын, кичүүмдүн азабын тартып отурам.
– Эмне болуп, кокуй?
– Билмексен болбочу, ай.
– Ботом, ой, ошону да ойлонуп... Жетелетип жибер бирөөнө.
– Тиги курсагы менен кимге?
– Ошол үчүн келдим мен сага,- эбирей калган курдашы тигиге жакыныраак отурду.
– Тиги Орусияда бизнеси бар инимди билесиң го. Ошого экинчи кылып алып берип койбойлубу? 20 жылдан бери балалуу боло албай куурап жүрүп аялы каза болуп калды жакында.
– 17 жаштагы кызды 50 жаштагы немегеби?
– Сен аки-чүкүсүн эмне кыласың? Азыр айылга кеп болбой, бирөөгө башын байлап койгонуң жакшы эмеспи. Анын үстүнө колунда бар.
– Менин кызымды 50 жаштагы иниңеби? Сенин акылың жайындабы деги?..


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Cleo-13
2017-10-24 09:12:28
Ии ушунча азбы
0
Munar8625
2017-10-24 09:27:04
азгоооооооь Админ
0
nuriwka
2017-10-24 10:29:45
омееей да... Неслиханга окшош турбайбы Жамиля... Болгону коздору кара. Анда сулуу эле экен. Неслихан деле аябай женственнаяга особенно мандай чачын эки Жака болуп укладка кылып жайып алса. Мм
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-24 10:37:05
Ии баласы тушуп калдыбы Жамилянын
+1
AKCAHAT
2017-10-24 14:48:41
Автор комментарийлерге карап эле сценарий жазабы дейм. Неслихан десе кулдумго))))
+2
nurhan2702
2017-10-24 15:19:13
Бир четинен баласы тушуп калганы жакшы болду. Алибек эмне болоор экен эми
0
aszyma
2017-10-24 19:48:44
Баласы түшпөйт кыз төрөйт.
0
originalkgz96
2017-10-24 23:46:11
...
0
aytkulova
2017-10-25 00:00:41
Бул жагы "Черная любовь")). Неслихан - Жамиля, Кемаль - Алибек, Эмир - Керем)).
+5
mechta2016
2017-10-26 12:29:09
aytkulova,кыска нуска дал озундой чагылдырыпсында.
0
Sanjar96kgz
2017-10-27 00:50:10
Урматтуу админ.супер инфонун эски сандарын окуй албай жатам ачпай жатат эмнеге???????
0
admin_media
2017-10-27 09:44:35
Sanjar96kgz,
Саламатсызбы! Макаланын астында "Башка сандарда" деп көк түстө жазылып турат.
0
Mederbek1992
2017-10-28 02:41:47
Байкуш кыргыз кызы кор эле болуптур эптеп уйуно кыргызстанга жетип ал эми
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан