Ушул жылдын май айында Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды үйгө камап алып 1 жума бою сабап, зордукташкан деп шектелип 3 адам кармалган эле. 25-сентябрда Майлуу-Суу шаардык соту кылмышка шектелип кармалгандарды күнөөлүү деп таап, аларга карата өкүм чыгарды.
1 ЖУМАГА СОЗУЛГАН ТОЗОК
Эске салсак, бул кылмыш тууралуу гезитибиздин №763 санында жазганбыз. Жалал-Абад ОИИБи бул коркунучтуу кылмыш тууралуу төмөнкүдөй маалымат берген. 2017-жылдын 18-майында Сузак районунун 41 жаштагы тургуну Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагы таанышыныкына конокко келип, кайра болжол менен күндүзгү саат 3-4төр чамасында Жалал-Абад шаарына кайтуу үчүн унаа күтүп аялдамада турган. Алыстан автоунаа келе жатканын көргөн аял кол көтөрүп унааны токтотот. Ал ак түстөгү унаанын ичинде 30-40 жаштардагы мас абалдагы 3 эркек бар болгон. «Жалал-Абад шаарына чейин барасызбы?» деген аялдын суроосуна айдоочу «Кочкор-Ата шаарына чейин барабыз, отуруңуз» дейт. Эч жамандык күтпөгөн аял унаага отуруп алат. Бирок алар жүргүнчүнү Кочкор-Ата шаарына алып барбастан, унаанын ичинен эч себепсиз эле ур-тепкиге алышып, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге алып келишет. Батирден да сабашып, каршылык көрсөткөнүнө карабай кезектешип зордукташат. Бул тозок бир жумага созулган. Кылмышкерлердин оюна эмне келгени белгисиз, аялдын чачын сакал алгыч менен кырып салышкан. 23-май күнү гана жабырлануучу үйдө алардын жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп качып чыгып, милицияга кайрылган. Жабырлануучу денесинен алган көптөгөн жаракаттардан улам Майлуу-Суу шаардык биргелешкен ооруканасына жаткырылган.
ЖАБЫРЛАНУУЧУ ООРУКАНАДАН КАЧЫП КЕТКЕН
Жабырлануучу аял арыз жазган соң Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 24-май күнү бул кылмышка шектелип 43 жаштагы З.К. аттуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Т.К. аттуу Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы К.А. аттуу Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Бул факт боюнча Майлуу-Суу ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Коомчулуктун талкуусуна калгысы келбеген жабырлануучу аял ооруканадан качып кеткен.
СОТ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАПТЫ
Бул кылмыш ишин караган Майлуу-Суу шаардык соту 25-сентябрда кылмышка шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Анын негизинде, 43 жаштагы З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо), 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) жана 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, жалпы 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал эми 22 жаштагы Т.К. менен 36 жаштагы К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Үчөө тең жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөкчү.
Нурбек Абдыкадыров