58 ЖАШТАГЫ АДАМ АЯЛДЫ ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРҮП САЛГАН

Жакында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 44 жаштагы аялды сабап өлтүргөн деп шектелип 58 жаштагы адам кармалды. Тергөөдө кылмышка спирт ичимдиктерин ичкен соң чыккан чыр-чатак себеп болгону такталды.

ЭЭН ТАЛААДАН ТАБЫЛГАН ЖАНСЫЗ ДЕНЕ

2017-жылдын 24-сентябрдан 25ине караган түнү Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жарандан ээн талаадан аялдын өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарек боюнча барып, Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Жийде-Бел участкасынын Кербен – Таш-Көмүр жолунун 42-чакырымында, жол четинен 22 метр алыстыкта ээн талаадан ички кийимдери жок, көгүш түстөгү футболкасы кан болгон аялдын жансыз денесин табышкан. Маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 44 жаштагы Роза аттуу Таш-Көмүр шаарынын тургуну экендиги билинген. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары 58 жаштагы А.Э. аттуу Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасынын тургуну кармалып, кылмышты моюнуна алган. Бул факт боюнча Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү А.Э. Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

КАТУУ САБАЛГАНДАН КАЗА БОЛГОН

Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүүнүн да, маркумдун да үй-бүлөсү жок. Экөө тең спирт ичимдиктерине жакын болгон. Маркум ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон жана Таш-Көмүр шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү батиринде жалгыз жашачу. Ал эми кылмышка шектүү Аксы районунун аймагындагы бир сарайда жергиликтүү тургундун малын багып иштечү. Ал мурун да зордуктоо кылмышы үчүн 10 жыл абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү кармалган убакта ал колу, кийимдери кан боюнча уктап жаткан. Ал кылмышын моюнуна алып, эмне себептен кылмышка барганын айтып көрсөтмө берген.
Кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, ал батага барып келе жатып Таш-Көмүр шаарынан бир нече кишиге жолугуп калып, алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишет. Арасында маркум да бар болгон. Андан соң кылмышка шектүү менен ал аял экөө дагы спирт ичимдиктерин алып такси менен кылмышка шектүү иштеген сарайга жөнөшөт. Сарайга жакын жерден экөө түшүп калышат да, жолдун боюна отуруп дагы спирт ичимдигин ичишкен. Ошол убакта экөө уруша кетишет. Кылмышка шектүү аялды зордуктап, андан соң колу менен да ырайымсыз мамиле кылып жиберген. Алган жараатынан улам кансырап аял каза болуп калган. Ал эми кылмышка шектүү өзү сарайга барып уктап калган.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Syn4y
2017-10-24 13:28:54
owondo kolun salyp jatynyn jaryp salgan okwoit
+2
Mara8492
2017-10-24 19:40:03
Ошондо колу менен эмне кылып жиберген. Бул жагы аял корбогон ..... олтурот болуптур го. Ырайы суук акмак экен. Эх ичкилик
0
adila1993
2017-10-24 23:39:49
арака катуу тыйуу салынышы керек.баардык жамандыктар арактан чыгып жатат
0
zaika95
2017-10-25 10:12:39
Акыркы кезде ушуга окшогон окуялар коп болуп жатат... адамдар оздору ойлонбойбу жырткыч болуп баратканын !
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан