АШКАНА ХИТИ – КОТЛЕТТЕР

ЧЕВАПЧИЧИ

Керектелүүчү азыктар:

Уй же кой эти – 600 грамм
Пияз – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Крахмал – 2 чай кашык
Татымына жараша туз, мурч, калемпир


Даярдоо ыкмасы:

1. Эт, пияз, сарымсакты эт өткөргүчтөн өткөрүп алабыз.
2. Фаршка жумуртканы, крахмалды, татымына жараша туз, мурч, калемпир салып аралаштырып, 2 саатка муздаткычка салып коёбуз.
3. Колубузду майлап, фаршты алгач тоголоктойбуз, кийин диаметрин 2, узундугун 8-10 сантиметр кылып чучук формасына келтиребиз.
4. Эми муну жыгач таякчага сайып, табада ысып турган майга бардык тарабын кызарта кууруп алабыз.



ТООК ЭТИНЕН КОТЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 800 грамм
Каймак май – 100 грамм
Укроп жана петрушка – 4-5 талдан
Жумуртка – 1 даана
Нандын күкүмү – 4 аш кашык
Ун – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Кууруганга өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:

1. Укроп менен петрушканы майда туурап, каймак майга кошуп аралаштырабыз, чакан бөлүктөргө бөлөбүз.
2. Тооктун сулп этин эт туурагычтан өткөрүп, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырсак туурамжы даяр.
3. Туурамжыны алтыга бөлүп, ар бирин тегерек, жалпак формага келтиребиз. Эми бул тегерекчелердин ортосуна каймак майдан салып, жылчыксыз кылып тоголоктойбуз.
4. Тарелкаларга өз-өзүнчө нандын күкүмүн, унду салып, чыныга жумуртканы чалып даярдап алабыз.
5. Котлеттерди алгач унга, кийин жумурткага, анан нандын күкүмүнө оонатып алабыз. Муну эки жолу кайталасаңыз да болот.
6. Эми табага майды куюп, котлеттердин сыртын кызарта кууруп алабыз да, кийин 180 градуста ысып турган мешке 15 мүнөткө салабыз. Тоок этинен жасалган котлетибиз даяр!


БАЛЫК КОТЛЕТИ


Керектелүүчү азыктар:

Балык – 1 килограмм
Пияз – 1 баш
Жумуртка – 1 даана
Ак нан – 100 грамм
Сүт – 100 миллилитр
Татымына жараша туз, мурч.
Кууруганга өсүмдүк майы


Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты тазалап, терисин сыйрып, этин сөөгүнөн ажыратып алабыз, эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Нанды сүткө жибитип коёбуз.
3. Пиязды майда туурап, майга чала кууруйбуз.
4. Эми балыктын этине сүткө жибитилген нанды, куурулган пиязды, жумуртканы жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
5. Алаканыбызды суулап, даяр аралашмадан чакан котлеттерди жасайбыз. Табаны майлап ага котлеттерди тизип, 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 40-50 мүнөт бышырып алабыз.


ШИРЕЛҮҮ КОТЛЕТ ЖАСООНУН СЫРЛАРЫ


Эт

  • Колуңуздан келсе котлет үчүн фаршты дүкөндөн сатып албай, өзүңүз үйдөн жасаганыңыз оң.
  • Фаршты кашык менен эмес, сөзсүз кол менен аралаштырып жана чапкылоо керек. Мындай кылганда фарш кычкылтекке каныгып, жумшак жана көпшөк болуп бышат.
  • Туурамжыга 2 аш кашык муздак суу, бир аз өсүмдүк майын же каймак май кошсоңуз котлет ширелүү болот.


Нан

  • Котлетке жаңы бышкан эмес, 1-2 күн туруп калган нанды кошсоңуз, жабышкактыгы жогору болот.
  • Нанды сууга эмес, сүткө жибитип кошсоңуз, котлеттин даамы артат.
  • Фарштын жабышкактыгын арттыруу үчүн нандын ордуна жумуртканын агын, крахмал кошууга болот.
  • Котлеттин калориялуулугун азайтууну кааласаңыз нандын ордуна сүргүчтөн өткөрүлгөн кабак кошуңуз.
  • Сүргүчтөн өткөрүлүп кошулган сабиз, ашкабак, кызылча котлетти ширелүү жана тез сиңимдүү кылат.


Жасоо

  • Котлетти жасаардан мурун даяр туурамжыны жок дегенде 30 мүнөт тыныктырып алуу туура.
  • Колуңузду суулап же майлап алсаңыз, туурамжыны порцияларга оңой бөлөсүз.
  • Котлеттер тегиз, жылмакай болушу шарт.


Бышыруу

  • Котлетти бышыруучу көмөч казан же электр меши сөзсүз ысык болушу шарт.
  • Котлет жумшак болуш үчүн алгач ысыган майга салып (күчтүү отко), эки бетин тең кытырак кылып бышырып алуу керек. Мындай ыкма котлеттин курамындагы пияз жана башка кошулмалардын ширеси майга агып чыгып кетпөөсүн шарттайт.
  • Котлетти көмөч казандан чыгарып алган соң биринин үстүнө бирин коюп жыя бербеңиз. Бул учурда котлеттердин ысыгы бири-бирине өтүп бууланат да, өңү агарып, сырты сууланып калат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
erkinay.s
2017-10-24 10:51:19
Тооктун этинен бышырсам окшобой калган
0
ayana16
2017-10-24 14:35:20
Кандай гана соонун кенештер,Рахмат
+3
Mara8492
2017-10-24 18:06:11
Балыкты соогунон кантип оной ажыратса болот?
0
ekaterinburg
2017-10-26 09:26:54
Mara8492,интернетте олтурасын,интернеттен табасын...
0
Miya
2017-10-24 22:22:26
Чон рахмат!
+1
Akzinat
2017-10-26 23:41:11
Мурда бир котлет тууралуу жазганынарда, усту-устуно жыйнагыла ошондо ширеси бири-бирине отуп даамы артат деген эленер.
+1
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан