Кыргыз-казак чек арасы: САЯСИЙ ТААРЫНЫЧТАРДАН ЭЛ ЗЫЯН ТАРТТЫ

10-18-октябрь күндөр аралыгында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттерде жөө жүргүнчүлөр менен жеңил жана жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду. Эки өлкөнүн саясий мамилелеринин зыяны карапайым калкка тийди.

ШАЙЛОО ШЫЛТОО БОЛГОН КӨЙГӨЙ

Бекеттердеги катаал текшерүү казак тараптын демилгеси менен ишке ашып, Астананын расмий билдирүүсү боюнча, көзөмөлдүн күчөшү Кыргыз өлкөсүндө 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого карата болгон. Буга байланыштуу Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттарына да кысым күчөп, ар кандай текшерүүлөр жүргүзүлгөнү белгилүү болду. 7-октябрда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов менен шайлоо алдында жолукканын сындап, «өлкөнүн ички ишине кийлигишти» деп айыптаган. Андан сырткары Назарбаевдин чейрек кылымдан бери Казакстанды башкарып келе жатканын эскертип, «жаш президент бизге эмес, аларга керек» деп кесе айткан. Ушул сөздөрдөн кийин кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү катаалдашып, жарандар сааттап кезек күтүп калышты.

ЧЕК АРА ЧУУСУ ЕАЭБге ЖЕТТИ

Кыргыз өкмөтү 17-октябрда чек арадагы кырдаалга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономика биримдигине (ЕАЭБ) кайрылды. Анда казак тарап күтүүсүздөн чек ара текшерүүсүн татаалдаштырып, эркин соода жүргүзүү нормаларын бузгандыгы айтылган. 15-октябрда президент Алмазбек Атамбаев да ЕАЭБдин кезексиз жыйынын чакырууга даяр экенин айткан эле. Бул кадамга Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейменов нааразычылык билдирип, кырдаалды саясатташтырбоого чакырган. Азырынча эки уюм тең расмий жооп бере элек.

КАЙЫМ АЙТЫШКАН БИЙЛИК, КЫЙНАЛГАН ЭЛ...

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйгө байланыштуу бекетте кезек күткөн жүздөгөн жарандар эки өлкө бийлигине тең нааразычылыгын билдирип, маселени тезинен чечүүнү талап кылышууда. Ал эми кыргыз бийлиги менен казак бийлигинин «расмий кайым айтышуусу» уланууда. Чек арадагы катаал шарттан улам 5 сааттай кезек күткөн бир казак жараны бекетте оорусу күчөп каза болду. Чек арадагы тоскоолдуктардан ишкерлер да зыян тартышууда. Учурда Кыргыз өлкөсүнөн казак элине сатылчу азык-түлүктөр чек арада токтоп турат. Ал эми Казакстандан сатып алынчу көмүр, цемент жана дан азыктарынын баасы кымбаттай баштаган. Мисалы, цемент Таласта 30 сомго жогорулаган.

ЗАРЫЛЧЫЛЫК 6 СААТТАП ТУРУУГА МАЖБУР КЫЛЫП...

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде 500дөй адам, 45-50нүн тегерегинде жеңил жана киши ташуучу автоунаа (16-октябрга карата) Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күтүп жатышкан. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тосмонун ичиндеги элдин алды кеминде 6 сааттан бери турганын айтышты. Арасында жаш балдар, кары-картаңдар жана кош бойлуу аялдар да бар. Төбөдөн тийген күнгө акактаган жүргүнчүлөрдөн коңшу мамлекетке бараткан максатын сураганыбызда, бири майда коммерция кыларын айтса, экинчилери тажыяга, дагы башкалары Алматынын аэропортуна шашып баратканын билдиришти.

Толгонай Саидова, жүргүнчү: «5 СААТ ТИКЕДЕН ТИК ТУРУУ ОҢОЙ ЭМЕС»

– Менин Кыргызстанда да, Казакстанда да жашаган балдарым бар. 10 жылдан бери чек ара аркылуу өтүп, алардын үйлөрүнө байма-бай каттап турам. Мындай кырдаалга биринчи жолу туш болушум. Жашым 50дө. 5 сааттап тикеден тик туруу оңой эмес экен. Жаан-чачындын жогуна шүгүр деп жатабыз. Кыргыз-казак эзелтен бир тууган болуп, эриш-аркак жүргөн элбиз. Саясий таарынычтар үчүн ортодо карапайым эл жапа тартып калганы кейиштүү болуп турат.

Константин Поздняков, жеңил унаанын айдоочусу: «ШАЙЛООНУ ШЫЛТОО КЫЛЫП ЖАТЫШАТ»

– Бул жерде түшкү саат 12ден бери турабыз. 6 сааттан бери тамак-аш жок, ачка да болуп кеттик. Чек арадан өткөрбөй жатканынын себебин сурасак, ар ким ар кандай жоопторду берүүдө. Көпчүлүгү "шайлоого карата күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыктан ушундай тыгын пайда болуп жатат" деген түшүндүрмө берип жатышат. Бирок шайлоо деле өттү, абал дагы деле өзгөрүүсүз.

УЧУ-КЫЙЫРСЫЗ ФУРАЛАР. КҮТҮҮСҮЗ ЧЫГЫМДАР

Ал эми оор жүк ташуучу унаалар «Ак-Тилек» өткөрмө бекети аркылуу эки өлкөнүн аймагына кирип-чыгат. Алар негизинен мөмө-жемиш, кийим-кече, курулуш каражаттарын ташышат. Өткөрмө бекетке барганыбызда (17-октябрь) жолду катар тизилген фуралардын узундугу 5-6 чакырымга чейин жетип калыптыр. Айдоочулардын айтымында, фуралардын ар биринде 20 тоннадан ашык жүк бар. Алардын арасында бат бузулуучу азыктарды муздаткычы жок ташыгандар күтүү менен өткөн 4-5 күндүн ичинде мөмө-жемиштеринин жарактан чыкканын, бир топ чыгымга учураганын айтып кейишти.

"20 ТОННА АЛМА БУЗУЛУП КЕТПЕСЕ ЭКЕН"

Тизилген унаалардын арасынан Казакстандын номери тагылган Шахин Хамедов аттуу айдоочу муздаткычсыз алма ташып баратканын айтат.
– Мен бул жерге 12-октябрда келгенде алдымда болжол менен 300дөй фура бар болчу. Бүгүнкү күнгө алардын саны эки эсеге көбөйдү. Мен Новосибирскке алма ташыйм, муздаткычым жоктугуна байланыштуу багаждагы 20 тонна алма бузулуп кетпесе экен деп турам. Балким, биз Казакстандын номери менен кыргыз тараптын фураларын ашып өтүп кезексиз кирип кетсек болмок. Бирок Кыргызстандын өкмөтү, токмоктук жай тургундар бизди бекер тамак-аш менен такай камсыз кылып, сыйын көрсөтүп жатышат. Мындай жакшылыкка кантип жамандык менен жооп бересиң? Айдоочулардын арасында улут жок. Биз баарыбыз бирдейбиз. Адамгерчиликти жоготкончо, кыйынчылыкты чогуу басып, бирге ач-ток калганыбыз жакшы.

«БИР СААТТА БИР ФУРА ӨТКӨРҮП ЖАТЫШАТ»

Фуралардын арасында өткөрмө бекетке жакындап калган Жылдызбек Асанбеков курулуш материалдарын ташып баратканын, буюртманын жеткирүү мөөнөтүнөн кечигип калганын айтып иши үчүн кабатыр.
– Бизге буюртма берген тарап мөөнөтүнөн кечиккен товар үчүн айып пул салышы мүмкүн. Аларга чек арада ушундай маселе болуп жатканын айтып, түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Өткөрмө бекеттен бир саатта бирден фура өткөрүп жатышат. Кыбыраган кыр ашат болуп, саатына 20 метр жылып отуруп, 4 суткада ушул турган жериме жеттим. Жакындап калдым, буюрса, бүгүн түндө өтүп кетсем керек. Кырдаал күчөгөн күндөн тартып өкмөттүн кылган жардамы 3 маал ысык тамак бергенинде болду.

КӨЙГӨЙ ЖАКЫН АРАДА ЧЕЧИЛЕБИ?

Шайлоодон улам деп чек ара бекетиндеги текшерүүлөрдү күчөткөн казак бийлиги жаралган тоскоолдуктарды шайлоо бүткөндөн кийин деле ала элек. 18-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөшүү үчүн Астанага барды. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков утуп чыккандан кийин казак парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аны «эки өлкөнүн кызматташтыгын түшүнгөн адам, тажрыйбалуу саясатчы» деп атаган. Назарбаев да Жээнбековду жеңиши менен куттуктап, расмий телеграмма жиберген. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде чек арадан жөнөкөй жүргүнчүлөр, жеңил унаалар жана бош ири унаалар өткөрүлүүдө. Товар ташып бараткандардын маселеси азырынча чечилбеген боюнча турат.

«Тез жардам» унаасынын нөөмөтчү медайымы 17-октябрда 7 айдоочу кайрылганын айтты. Алар суук өтүп сасык тумоолоп калгандар, аллергия жана кан басымы көтөрүлүп кеткендер болгон.
16-октябрда "Ак-Жол" өткөрүү бекетиндеги кезек күткөндөрдүн саны 500гө чукулдаган.
Кезегин күтүп чыдамы кеткен тосмодогу жүргүнчүлөр.
"Ак-Тилек" чек ара бекетинде ӨКМ тарабынан айдоочуларга тамак-аш берүү үчүн 3 чатыр тигилген.


Алтынай Тынышова,
Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
karonalaif
2017-10-24 10:06:41
Оозу еыйшык болсода Атамбаев суйлосун деген ушул экенда)))Кеткенде дагы жон кетпей Карарайым элдин жашоосун оорлоштуруп кетти!Чондор элдин жашоосун женилдетпей еле кайра оорлоштуруп жатасынар!
+3
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан