Окуяда бир нече дарыгерлер катышкан, бир нече жоопсуз суроолор бар. Азырынча эч кимдин күнөөсү тактала элек, бирок 4 баланын энеси болгон жаш келин каза болду. Окуянын кандай болгонун маркум Жылдыз Төрөбекованын иниси Султан Төрөбеков айтып берди.
ДАРЫГЕРЛЕР БИРИНИН КАТАСЫН БИРИ ЖАШЫРГАНБЫ?
-Менин эжем, бир боорум, ата-энемдин сүйүктүү кызы, 4 баланын энеси, 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болду. Биздин кайгыбызды, жоготуубузду сөз менен айтып жеткире албайм. Карыган ата-энем, энесинен айрылган төрт бала... Эжем 3 баласын мурун өзү эле төрөгөн. Айылда мугалим болуп иштечү. 5-сентябрь күнү Чаткал райондук ооруканасынын акушер-гинекологу Динара Мунарбаева «Түйүлдүк чоң салмакта экен. Кесарево жолу менен төрөшүң керек» деп Ала-Бука райондук ооруканасына багыттама жазып жибериптир. Ала-Бука районуна 6-сентябрь күнү кечки саат 17:00дө алып келишет. Ал жерде Айнек аттуу акушер кабыл алат. «Азыр толгоо жок экен, толгоо болгондо чакырабыз» деп кайненесин үйгө жиберип койгон. Саат 22:00дө эжемдин толгоосу башталат. Төрөй албай 2-3 саат аябай кыйналыптыр. Төрөтөм деп ичин сыгып аракет кылып, бирок өзүнүн алы жетпей койгондо Мейман Жолдубаева аттуу врачты түнкү саат 01:00дө чакырышат.
Кайненеси келсе эжемдин көздөрү чакчайып аябай кыйналып жаткан экен. Операция жасаган дарыгер 70ке чукулдап калган Мейман Жолдубаева деген эже экен. Ошентип кыз төрөлөт. Чын эле 4 килограм 800 грамм төрөлүптүр. Ооруканада 12-сентябрга чейин жатышат. Ал жерден операциянын жибин да албастан, УЗИге да түшүрбөстөн эле чыгарып ийишиптир. Апам «ичи шишик болгондой го» десе «баары жакшы эле, кызыңыздын ден соолугу мыкты экен» деп чыгарып беришиптир. Аларга ишенип үйгө кетишет. 15-сентябрь күнү эжемдин дене табы көтөрүлүп, Чаткал райондук ооруканага алып келишип, Динара Мунарбаева аттуу дарыгер операция жасаган врач менен телефон аркылуу сүйлөшүп 2 күн дарылайт. Динара айым «ичинде кичине кан калып калыптыр, аны сордуруп алабыз, ошого дене табы көтөрүлүп жатыптыр» деп айткан экен, бирок аны жасаган эмес. Ал жатын ириңдеп кеткенин билген экен, бирок айтпай коюптур. Кийин баары кеч болуп, жездем Ошко алып кетип бара жатканда телефон чалып «аялыңдын жатыны ошондо эле болбой калган» деп айтыптыр.
Эжем 2 күн жаткандан кийин Мейман деген операция жасаган айымга чалып «мен кыйналып жатам» деп айтса «силер мени тойгуздуңар го, жакшы элесиң» деп кагып-силкип салыптыр. Эжем ыйлап күйөөсүнө чалып, ал келсе Чаткал районунун аймактык дарыгери Кочкор «тез операция кылган адамга алып барышың керек» дептир. Ал жерден кайра Ала-Бука райондук ооруканага алып барышып УЗИге тартып, Мейман Жолдубаева экинчи жолу операция жасайт. Ошол жерде жатынын алып салышкан экен. Бирок жашырып «ичегиси менен майы оролушуп калган, ошого дене табы көтөрүлүп жатыптыр» деп коюшат. Наркоз бергенге уруксат алып кол койдуруптур, анда "жатынды алып салдык" деген сөз болбоптур.
Жандандыруу бөлүмүндө эжем 2 күн жатат. Заара кыла албай кыйналат. Жездем «заара кыла албай кыйналып жатат» десе «Мындайлар көп эле болот, жакшы болуп кетет. Мен азыр телефон менен сүйлөшүп Ош шаарындагы оорукана менен кеңешип карап жатам» дептир. Болбой "Ошко алып кетем" деп айтат жездем. Ошондо Мейман Жолдубаева Ош шаарына багыттама жазып берет. Ала-Букадан такси менен алып жөнөп, жарым жолго келгенде Оштон реанимобиль жиберишиптир, эжемди ага салып түнкү саат бирде Ош облустук ооруканага алып келишет. Ал жерге келгенде «Бизге эч ким айткан эмес. Ушунчалык оор абалга алып келип туруп ким жөнөттү, биз ала албайбыз» деп кабыл албай бир топ убакыт туруп калат. Жездем жалынып жатып араң дегенде киргизишет. Эртеси 6 саатка созулган операция болот. Мына ошондо табарсык менен заара чыгаруучу каналдар тешилгенин, жатындын жок экенин айтышат.
Ош облустук ооруканада гинеколог Айгүл Абдыкадырова, уролог Сарвар Абдуллаев деген эки дарыгерге дагы төртөө кошулуп 6 адам операция жасашат. Алар тешилген табарсык менен заара чыгаруучу каналды тигип, жатындын жок экенин аныктап айтып беришти. Эжем жандандыруу бөлүмүндө 4 саат жатып көз жумду. Дарыгерлер «2-3 саат эрте алып келгенде, балким, сактап калмакпыз» деп айтып жатышат.
Эжемдин ден соолугу мыкты болчу. Ушунчалык чыдаган экен. 6-сентябрда төрөп, 22-сентябрда каза болду. Бири болбосо да, бири кесибине жоопкерчилик менен карап койгондо кеч болуп калбайт эле. Нес абалда калдык. Эжем өзү деле өлүп калам деп ойлобосо керек. Башка эжемдерге «Ыйлабагыла, мен жакшы болом. Андан көрө апамды жакшы карагыла. Балама эч кимдин эмчегин эмизбегиле» деп айтып башын бурган боюнча экинчи эч кимибиз менен жүз көрүшкөн жок. Учурда жаңы төрөлгөн кызын кайненеси багып жатат. Эжемди жерге бергенден кийин Ала-Бука райондук прокуратурасына арыз жаздык. Бул мамлекеттик деңгээлде карала турган окуя.
«ЭКСПЕРТИЗАДАН КИЙИН ТЕРГӨӨ БАШТАЛАТ»
Ал эми дарыгер Мейман Жолдубаевага телефон аркылуу байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
-Уктап жатсам "бейтаптын абалы начар" деп ооруканадан чалып машина жиберишиптир. Барсам, Жылдыз Төрөбекова кыйналып жатыптыр. Жыныс мүчөлөрү шишип, бала такалып калган экен. Операция жасап, баланы алдык. Жакшы болуп калгандан кийин үйүнө жибергенбиз. Абалы начар болуп кайра алып келишти. Төрөттөн кийин жатында инфекция пайда болуп күчөп кетиптир. Ошондуктан жатынды алып салууга мажбур болдук. Ошол жерде кайненеси, дагы 3-4 адам турган. «Ичегилери көөп турат» дегенди өздөрү жакшы түшүнбөй калышыптыр. Жатынды алып салууга макул болуп кол коюп беришкен. Азыр кимиси кол койгону так эсимде жок, бирок ал кагаз бар. Азыр «бизге айткан жок» деп жатышыптыр. Айтылган болчу.
Абалы жакшы болбой Ош облустук ооруканага жибердик. Ал жактан «табарсык каналдары буулган жана заара чыгаруучу каналды тешип салган» деп айтышыптыр. Бул жалган маалыматты тараткандары үчүн аларды да сотко берем. Мен адамдын анатомиясын 43 жыл бою иштеп жакшы эле өздөштүргөм. Табарсыкты кантип бууп салат элем? Бөйрөк инфекциядан улам өзү эле жараксыз абалга келген. Мындан оор операцияларды жасап жүрчүмүн. Бороондо, ашууда калып да адамдардын өмүрүн сактап калган учурларым болгон. Азыр ооруп үйдөмүн. Жакшы болгондо бардыгын териштирип, күнөөлүү ким экени ачыкталат.
Ала-Бука районунун аймактык ооруканасынын директору Жыргалбек Осмоналиев менен байланышып, анын пикирин уктук:
-4 баланын энеси өлүп жатат, эмоцияларды түшүнөбүз. Бирок бир тараптуу маалымат кетирбөөңүздөрдү суранам. Мейман Жолдубаеванын күнөөсү экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана аныкталат. Эже 70 жашка чукулдап калганы чын. Көп жылдар эмгектенип келген адам. Каза болгон келиндин энесин да ушу врач төрөткөн экен. Учурда ооруп үйүндө. Экспертиза чыккандан кийин бардык суроолорго жооп табылат.
Биз Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланыштык:
-Жабырлануучу Жылдыз Төрөбекованын иши боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Жыйынтыгы али чыга элек. Биз экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин гана тергөө ишин баштаганга укугубуз бар. Учурда күтүүдөбүз.
Окуяда түрдүү суроолор чыкты. Мисалы, Чаткалдан жиберген дарыгер «операция жолу менен төрөйсүң, түйүлдүк чоң өлчөмдө» деп жиберсе эмнеге толгоосун күтүшкөн? Дароо операция кылса болбойт беле? Чаткал районунун аймактык гинекологу жатын жабыркаганын билгенде эмне үчүн дароо Ош шаарына же борборго багыттама жазып бербей, 2 күн кармаган? Кайрадан Ала-Бука райондук ооруканасына эмнеге жиберген? Жатынды алып салганда эмне үчүн аны анализге жиберишкен жок? Ош облустук ооруканасы кабыл албай талашып-тартышып жатканда деле 2 саат өтүп кетиптир. Абалы оор бейтапты кабыл албай койгонго болобу?
Окуянын жүрүшү менен окурмандарды кабардар кылып, кийинки сандарыбызда суроолорго жооп тапканга аракет кылабыз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg