МЫРЗАЛАР МЕНЕН ДОСТОШКОНУ ҮЧҮН СЫНГА АЛЫНГАН ПАК ШИН ХЕ

ПАК ШИН ХЕ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1990-жыл, 18-февраль
Туулган жери – Түштүк Корея, Кванджу шаары
Кесиби – Ырчы, актриса, модель
Жактырган тамагы – Кимчи
Жактырган ичимдиги – Сыра
Жактырган аксессуары – Шляпа
Жактырган өлкөсү – Греция
Жактырган спорт түрү – Бейсбол, волейбол
Учурда – 24 сериалга, 10 тасмага, 10дон ашык клипке тартылган, 10дон ашуун наамдардын ээси
Бош убактысында – Музыка угат. Чет жерге чыкканда көпчүлүккө кошулбай өзү жалгыз шаар кыдырганды жактырат.
Ким болгусу келчү – Полиция кызматкери. Кичинекей кезинде үйүнө ууру кирип, ошондон баштап полиция кызматкери болууну кыялданчу.


АКТРИСАНЫ ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНТКАН 5 ДОРАМА

1. «Асманга карай тепкич»
Аталган сериал Шин Хенин кино дүйнөсүнө алгачкы кадамы болгон.
2. «Сен кереметсиң»
«Асманга карай тепкич» сериалынан кийин коомчулуктун мага болгон көңүл буруусу күтүүсүз жана оор болгон. Кийин башка тасмаларга роль сунушталганда кайрадан элдин элегинен өткүм келген эмес. Бирок «Сен кереметсиң» сериалындагы өнөктөшүм Чан Гын Сок мага актёрлук кесиптен кантип ырахат алса болорун көрсөттү»,- дейт актриса.
3. «Мураскерлер»
Кино дүйнөсүндө Пак Шин Хенин актрисалык ордун бекемдеген сериал «Мураскерлер» болгон.
4. «Пиноккио»
«Пиноккио» сериалындагы каарманымдын мүнөзү мага окшошуп кетет. Бул сериалга тартылуу мен үчүн сыймык болгон».
5. «Дарыгерлер»
«Дарыгерлер» актрисанын карьерасында мушташ сценалары бар алгачкы сериал.


ЖАРНАМА АГЕНТТИКТЕРИНИН ТАЛАШЫНДА КАЛГАН

Болочоктогу актриса бий өнөрүнөн да куру калбай, 11 жашында белгилүү ырчынын клибине тартуу үчүн жаш таланттарга кастинг жарыяланганын угуп, өзүнүн бийлеп жатканын видеого тартып жөнөткөн. Бактыга жараша ал кастингден өтүп, Сеулга келген. Клиптен соң жүзү анча-мынча таанылып калган Шин Хеге 13 жашында «Асманга карай тепкич» сериалына тартылууга сунуш түшүп, кино дүйнөсүнө кеңири жол ачылган. Актрисалыктан сырткары ырчылыктан өзүн сынап, бир нече ыр жаздырып, альбом чыгарууга жетишкен. Атактуулугу күн сайын арткан ырчы, актриса жарнама агенттиктеринин талашында калган. Учурда өзүн мыкты фотомодель катары көрсөтө алган Пак Шин Хе косметикалык каражат, кийим, тамак-аш, техника чыгарган компаниялардын жүзү болуп келет. Актриса Түштүк Кореядагы кайрымдуулукка көп каражат сарптаган жылдыздардын катарына кирет.

ПАК ШИН ХЕ – АШПОЗЧУ...

Көп өтпөй ата-энеси, агасы да Шин Хенин артынан Сеулга көчүп келишкен. Актрисалык карьерасынын 10 жылдыгынын урматына Шин Хе ата-энесине чакан ресторан сатып берген. Актриса ар кандай телешоулордо тамакты мыкты жасаарын далилдеп келет. Бош убактысы болгондо ата-энесин саякаттоого жиберип, өзү ресторанда ашпозчу болот. Бул учурда актрисаны көрүү үчүн Кореянын ар тарабынан күйөрмандары, белгилүү актёрлор келгендиктен, көчөдө кадимкидей майрам болорун кошуналары айтышат.

КЫЗГАНЧААК КҮЙӨРМАНДАР...

«Менин ачуум чукул, чагылгандай эле чарт-чурт дей түшөм. Андыктан назик айымдар менен көп дос боло албайм. Менин досторумдун көбү мырзалар» дейт актриса. Сөзүнө аралжы, Пак Шин Хе менен чогуу бир тасмада роль жараткан көпчүлүк мырзаларды актриса менен жакын мамиледе деген кептер айтылат. Бирок ал маалыматтардын бири да такталган эмес. Шин Хе болсо жигиттердин жүрөгүнө чок салган боюнча бирөөнө да мүмкүнчүлүк бербейт. Интернеттеги өздүк баракчасына кайсы бир мырза менен чогуу сүрөткө түшүп жүктөсө, ошол замат күйөрмандарынан «биз сени гана көргүбүз келет», «эркектердин сүрөтүн киргизбе», «ал сага татыктуу эмес» сыяктуу нааразы болгон билдирүүлөр жаайт.

ПАК ШИН ХЕ:

"Аял 40 жашка чыкканда гана чыныгы сулуулукка жетет".

"Мурда 23 жашта турмушка чыгам деп ойлочумун. Азыр 27демин, эми 30га чыккыча күйөөгө тием деп ойлойм".

"Ыйлаакмын. Болор-болбос нерсеге ыйлай берем. Жакшы жагы кинодо роль жаратып жатканда эч кандай каражат колдонбой өзүм ыйлайм".

"Көйнөккө караганда шым кийгенди жактырам. Көйнөк кийсем эле уяла берем".

"Мураскерлер" сериалында атактуу актёр Ли Мин Хо өнөктөшү болгон".


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
arzygulR
2017-10-24 15:14:46
Мен жактырган актириса
+4
Upol11
2017-10-24 15:53:37
Дагы башка Корей актёр актрисаларды чыгаргылачы
0
shadyeva
2017-10-24 16:08:05
Ушул актриса катышкан дагы кандай кинолору бар?
0
NIkalike
2017-10-24 18:27:17
Корей кинолорундагы кыздардын суйлогону жасалмадай эле сезиле берет.
0
Aziko0696
2017-10-25 13:37:58
Мага жагат
0
Aziko0696
2017-10-25 13:39:14
Врачи деген сериала ойногон.
0
Targarien
2017-10-25 13:54:07
Сулуу деле эмес экен
0
anandi
2017-10-25 19:07:05
"асманга карай тепкич" аябай жакшы сериал жакшы аткарган,таланттуу актриса
0
Aruwka.89
2017-10-26 07:34:25
Сюзи беле 94 болчуго
0
minchynardanbolom
2017-10-26 17:47:46
ДОРАМАбы же драмабы ? Же менин сабатсыздыгымбы ? Супер карап койсоңор тартылган дорамаларын
0
admin_media
2017-10-26 18:04:45
minchynardanbolom,
Саламатсызбы! Макалада туура жазылган, дорама.
0
Асылжан
2017-10-27 22:59:56
minchynardanbolom,корейлер сериалдарын дорама дешет)
+1
anandi
2017-10-30 00:22:09
Саламатсызбы админ Корей сериалы "Жумонг"жонундо маалымат бериниздерчи!!!
0
admin_media
2017-10-30 09:40:17
anandi,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан