Аликбек Жекшенкулов: «БААРЫН АКЫЙКАТ ЖЕҢЕТ»

Маанилүү маек

Бакиев бийлигине каршы чыгып, учурунда болбогон айыптар менен камалган И.Исаков, А.Жекшенкулов жана Э.Булекбаевди билсеңиздер керек. Учурда И.Исаков, Э.Булекбаев деген саясатчыларыбыз акталып, эл кызматын аркалап жүрүшөт. А бирок Аликбек Жекшенкуловдун бүгүнкү күнгө чейин акталбай жатышы табышмак...

АКЫРКЫ ЖОЛУ...
– ... качан ыйлагансыз?
– Апамды эстегенде.
– ... кимге СМС жазгансыз?
– Кытайда окуган балама.
– ... кайсы китепти окугансыз?
– Айатолла Хомейнинин өмүр баянын.
– ... кимге, эмнеге таң калгансыз?
– Саясий “сойкуларга” абдан таң калдым.
– ... качан эс алгансыз?
– Түрмөдө аябай эс алдым (тамаша).
– ... кимден көңүлүңүз калган?
– Чогуу чоңойгон досторум сатып кеткенде көңүлүм калган.

– Аликбек мырза, сизди коомчулук Убактылуу өкмөткө оппозиция катары кабылдашууда. Кечээ эле үзөңгүлөш жүргөндөрдөн бүгүн башка жээкте калгандайсыз...
– Туура, андай ойго келгендер жок эмес. Атүгүл өзүмдөн да: “Эмнеге Убактылуу өкмөттө жоксуз. Алар менен бирге жүрчү эмес белеңиз же оппозицияга өтүп кеттиңизби?”- деп сурагандар арбын. Бул суроону Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнө берсеңиздер, канааттандырарлык жооп алсаңыздар керек. Ал эми “Утурумдук өкмөткө оппозициядасызбы?” деген суроо менин сот аркылуу актала элегимен улам чыгып жатса керек. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин мурунку бийликке оппозициялык көз карашта болчумун, бирок учурдагы өкмөткө каршымын деп айтпайм. Жаңы өкмөттүн түзүлгөнүнөн бир ай өтүп-өтпөй жатып эле “бийлик-оппозиция” деп бөлүүнүн өзү туура эмес. Баарын мезгил көрсөтөт.
– Бакиев бийлиги бир катар саясатчыларды соттогон эле. Анын ичинде сиз да барсыз. Учурда 7-апрелдин шарапаты менен башка саясатчылар акталып чыгышты. Тилекке каршы, сиз актала элексиз. Себеби эмнеде?
– Буга өзүм да түшүнбөй турам, бирок аягы жакшы болоруна көзүм жетет. Ушундай убакыттан пайдаланып, көрө албастар ортого от жагышы да мүмкүн. Жеке пикиримде жаман ойдон алысмын. Балким, менин акталбай жатканымдын бир сыры бардыр. Аны да көрө жатарбыз. Кыргызда “ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы сөз бар. Баары бир акыйкат жеңет.
– Сөзүңүзгө аралжы, бир кезде Тышкы иштер министри болуп турган Роза Отунбаеванын ордуна сиз келдиңиз эле. Ошондо сизге тиш кайрап калган эмеспи? Дегеним, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси ошол киши эмеспи...
– Ал киши менден өч алып жатат деп ойлобойм. Ортобузда эч кандай тирешүү жок. Ошол кезде “Роза Отунбаеванын ордун мага алып бергиле, мен Тышкы иштер министри болоюн” деп кызмат үчүн чуркаган эмесмин. Ал кездеги парламент көшөгө артында тымызын оюндарды жасап, эжени кызматтан кетиришкен. Менин деле министр болушум өзүмө күтүүсүз болгон. Айта кетчү нерсе, Роза Исаковнаны жакшы билем.
Кыргызга күйгөн айбаттуу айым. Чындыгында, ал киши менин жетекчим, министр болуп турганында орун басары болуп 4 жыл иштешкем. Демек, Роза эженин саясий тажрыйбасын, иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн жакшы билем. Менин ишим 19-майда кайрадан каралат. Ошондон кийин бир чечимге келип, “минткеним үчүн минтип жатат” деген бир жактуу пикир айтпасам, азыр эч нерсе айта албайм.
– Буга чейин­ сиз жетекте­ген “Акыйкат үчүн” кыймылын эми партия катары жарыялай баш­тадыңыз. Муну алдыдагы боло турган шайлоого даярдык деп түшүнсөк болобу?
– Албетте, “Акыйкат үчүн” кыймылын билесиздер. Бүгүнкү күндө “Акыйкат” республикалык партиясы деп айта берсеңиздер жаңылбайсыздар. Кудай буюрса, алдыдагы шайлоого катышабыз деген ниетибиз чоң.
– Жалгыз эмес, шайлоого башка бир партия менен биргеликте барбайсыздарбы?
– Аны айтууга азыр эрте. Биздин максат эптеп эле бийликке жетип, өзүбүздүн кызыкчылык үчүн иштөө эмес. Учурда өлкөдөгү кырдаал ар бир жаранды ойго салып жатканы талашсыз. Ушул абалдан кантип чыгабыз? Биздин мамлекеттин, бала-бакырабыздын эртеңки келечеги кандай болот? Мына ушул суроолордун негизинде иш алып барып, жаңы саясий күч катары элге кызмат кылалы дегендерденбиз. Маанилүү максаттарыбыз арбын. Буюрса, 18-май күнү Опера жана балет театрында партиянын 1-Курултайын өткөрөлү деп турабыз. Каалоочулар ошол жерге келип, партиянын максаты менен кененирээк таанышып кетишсе болот. Негизги максат – ыймандуулук, рухий байлыгыбызды жогорулатуу жана чыныгы мекенчил жаштарды колдоонун негизинде өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошуу. Ошону менен бирге өлкөбүздүн экономикасын, маданият тармагын жана илим-билимди көтөрүү. Эл аралык укуктук ченемдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Конституциялык кепилдик берилген жарандардын коопсуздугу менен эркиндигин камсыз кылууга көмөктөшүү. Булар негизгилери, мындан башка да бир топ максаттарыбыз бар.
– Өмүрбек Текебаев менен мамилеңиз жакшы экен. Үйүңүздү “Ата Мекен” партиясына кеңсе кылып берген экенсиз...
– Ооба, бергеним чын. Азыр деле “Ата Мекен” ошол мен берген үйдө. Мен аны Өмүрбек Чиркешовичтин кадырын сыйлап, партиясына кеңсе катары бергем. Берерин берип алып, кайра док арткандай болбоюн. Бул жөн эле сиз берген суроодон улам чыгып кеткен кеп.
– Жаңы Баш мыйзамга кандай пикир айтат элеңиз, купулуңузга толдубу?
– Эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамы 8 жолу оңдолду. Бул жагынан дүйнөлүк рекорд койдук. А бирок ошол Баш мыйзам ордун таба алдыбы? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айтат элем, Конституцияны кабыл алардан мурда шашпай бардыгын таразалап карап көрүп, анан бекитсеңиздер деп. Акаев-Бакиев бийлигинин учурунда бир нече жолу шашылыш кабыл алынган Баш мыйзамдар элге кандай кызмат кылганын көрбөдүкпү. Баш мыйзам мыктылап иштелип чыкканча ансыз жашап турсак болот. Англия, Израиль өңдүү өлкөлөр Баш мыйзамы жок эле жашап жатышпайбы.
Биринчиден, Баш мыйзамды жакшылап иштеп чыгышыбыз керек. Экинчиден, референдумга койбой, Баш мыйзамды парламентке сунушташ керек. Анан аны парламент карап чыгып, кемчилик болсо толуктоо киргизип, кабыл алуу туура деп ойлойм. Ал эми референдумду биз Баш мыйзам кабыл алуу боюнча эмес, “парламенттик башкарууга өтөбүзбү же президенттик-парла­менттик башкарууга өтөбүзбү?” деп өткөргөнүбүз туура болмок...
– Убактыңыз тар болсо да ой бөлүшкө­нүңүз үчүн рахмат, ишиңизди ийгиликтер коштосун.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Debi
2010-05-18 12:19:23
Иши кылып, сөздөрү жакты
0
Таллас
2010-06-05 03:55:22
Шайлоого барса барсын!!!
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан