КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Лиза, Арсен, Чыңгыз Ошту көздөй чыгышты. Сары кыз уйкуга кетип, Чыңгыз рулда өз ойлору менен алпурушуп калган маалда Арсен диктофонду наушникке туташтырып угуп баштады.
Тыкылдаган таканын үнү угулат. «Бегимай» деп койду Арсен үндөрдү угуп жатып.
Кимдир бирөө менен сүйлөшүптүр, кыязы катчы кыз окшойт.
– Саламатсызбы?– Өзүндөбү?
– Ооба.
– Бегимай келди деп айтыңызчы.
– Болуш Сардарович, сизге Бегимай келиптир. Аа... Кириңиз.
– Рахмат.
Эшик ачылды.
– Таак, алтышка, келип калыпсыз?- Болуштун үнүн диктофондон укканда эле Арсендин муштумдары өзүнөн-өзү түйүлүп, ачууланып чыкты. Эң жек көргөн үн. Маңдай-тескей көрүшсө муну жанчып салчудай. Бирок ошондо көксөөсү сууйт болду бекен? Арсен тажабай баарын угуп отурду. Кыздын кыткылыктап эркелегенин, экөөнүн шыбырашканын, Болуштун ар кимге тапшырма бергенин, жумуштарын бүтүргөнүн, өзүнчө сүйлөнгөнүн угуп чыкты.
Бир убакта ага достору келди окшойт. Алардын учурашкандарынан эле ортолорунда жумуштан сырткаркы мамиле бар экендиги байкалды.
– Ассалоому алейкум, Боке. Кандайсың?- жасалма кубаныч менен шаңкылдады кирип келгени.
– Уалейкум, Асаке. Кел, кел.
– Кандай, Боке?- дагы бирөө жүрөт. Анысы жай гана учурашты.
– Жакшы, Шаке. Өзүң кандай? Мал-жан тынчпы?
– Кудайга шүгүр.
– Отургула.
– Өткөндө деги үйүңө тынч жеттиңби? Бу сен тойбойт экенсиң, эй,- жанагы Асаке дегендин үнү. Сүйлөп бүтүп каткырып алды.
– Үйгө барган жокмун ал күнү. Ойгонсом эле "Хаятта" жатам. Тууй ата, бул жакка качан келгем деп башым маң. Карасам жанымда бирөө жатат. Капкара. Аны көрүп алып несмин,- Болуштун жанындагылар ыкшып күлүп калышты.
– Анан?
– Акырын туруп жардамчыма чалдым. «Эй, эмне болду эле?» десем, «түндө негритянка тап дебедиңиз беле» дейт. Таптакыр эсимде жок. Бир маалда тиги ойгонуп кетти. Карасам, супсулуу, анан капкара кыз экен. Тим эле жанагы чет элдин клиптериндеги кыздардай, мени карап ыраазы болгондой жылмайып коёт. Анча-мынча орусча сүйлөйт экен. Түндөгүсү эсте калбаганы чатак болду баарынан да.
– Кап атаңды...
– Бирок эртең мененкиси эсте калды да,- Болуштун жанындагылар муну угуп дагы каткырышты.
– Бу сенде энергия ашып-ташып турат экен, эй. Жаман таң калдым,- жанагы Болушка жагалданып сүйлөгөнү кайра жасакерленип жатты.
– Деги байка, досум. Ашыкча катынпоздук деле болбойт. Жаш болсоң бир жөн эле.
– Энеңди урайын, эмне деп жатат могу? Жаман пессимистсиң, эй. Ансыз да карып баратам. Карачы, чачтагы акты. Ашып кетсе 5-10 жылым бар. Андан аркысы небере эркелетмей, байбиченин чайын ичмей менен өтөт. Ошого чейин жыргап алалы. Эмоция чогулталы.
– Эй, Боке, бу сен жөн адам болсоң бир жөн. Сен деген кыргызга таанымал ишкерсиң да. Алдыңкы 20 байдын катарында экенсиң, окудуңбу? Гезиттер жазып жатышат. Атыңды, жүзүңдү эл тааныйт. Анан ушинтип жүргөндүн өзү кадыр-баркыңа доо кетирип коюшу мүмкүн.
– Тууй, Асаке, айтчы могунуңа.
– Эй, Шаке, мына сен экөөбүз саясатчыбыз. Биз эл көзүндөбүз, а бул ишкер. Бул эркин куш. Каалаганын кыла берсин, мүмкүнчүлүгү барында.
– Ушинтип коркутасыңар анан саясатка аралашайын десе.
– Кой, Боке, сен коркпой кал,- дагы каткырып калышты.
– Эми келгиле, олуттуу сүйлөшөлү. Эмне болуп жатат?
– Ачыгын айтканда, баары эле жан талашып жатышат. Себеби могу шайлоодо акча болсо өтүп кеткенге реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Муну баары эле түшүнүп жатышат. Бирок биринде каражат бар, биринде жок дегендей.
– Өткөндө келишиптир мага, «алдыңкы тизмеден орун берели, каржылык жардам кылбайсызбы?» деп.
– Ким?
– Ээ, баягы погончон неме да.
– Боке, баягы планды эле ишке ашыралы. Мына, Асакеңде харизма бар. Биздин фракцияда эң көп интервью берген ушул экен, өткөндө карап көрсөм. Телевизордон түшпөйт. Муну жүзүбүз кылалы, лидер кылалы. Калганын мунун артына жашырып, анча-мынча аты чыккан политикандарды тизмеге тыгымыш болуп туруп, акчаны күчтөп койсок...
– Ушул нерселер эле жетиштүүбү?
– Калганын мага койгула. Боке, бул реалдуу мүмкүнчүлүк, эртең премьер болуп калууң да ажеп эмес. Эмне деген ресурс бул?
– Эми дагы 10 ай бар, ээ?
– Азыр башташ керек. Шашылыш.
Арсен баарын түшүндү, алдыда парламенттик шайлоо болмок, бул байлар ошого кам көрүп жатышкан экен. Башына кайра түркүн идеялар келип баштады.


ххх


Эмнегедир Оштун маанай көтөрчү касиети бар. Жигит келген сайын муну байкайт. Шаарга киргенде эле бул ирет да көңүлү көтөрүлдү. Бул жакта жашоо – жашоого көбүрөөк окшош. Жигит ушундай бүтүм чыгарып койду. Түз эле саунаны көздөй айдады Чыңгыз.
Нурдин менен Санжар адаттагыдай экинчи кабаттын жасалгаланган бөлмөсүндө экен. Бишкектен келгендерди жылуу тосуп алышты.
– Эми көксөөң суудубу?- Санжар Лизага карап күлүп койду.
– Эки күндүн биринде мас, ыйлайт. «Сен жашоомду талкаладың» дейт. Башка аял болгондо... Лиза болгону үчүн гана унчукпадым. «Арсен» деп эле шолоктойт. Муну деги дубалап алган эмес белең?- Санжардын бул сөзүнө баары күлүштү. Лиза акырын гана Арсенге ыктап жылмайып алды.
Аз өтпөй ортого тамак тартылды. Аш демдетип күтүп турушкан экен Санжарлар. Аркы-беркини сүйлөшүп, тамактанып отурганча түн бир оокум болду.
– Санжар аке, жүрүңүз, Ошту бир айланып келеличи,- Арсендин бул сөзүнөн эле Нурдин, Чыңгыз, Лиза бул экөөнүн кеңешчү иши бар экенин түшүнүштү. Бир кезде тагдыр бириктирип, бир кемеге салып койгон бешөөнүн жол баштоочулары Арсен менен Санжар болчу. Бул экөөнү кыңк этпей угуп, айтканын жасаганга көнүп калышкан. Себеби Санжар менен Арсен аларды чоң олжого гана жетелеп жүрүшөт. Маселе чыкса сууруп алар да ушулар.
Гелендваген күр-р эте саунанын короосунан чыгып кетти. Лизада «булар эмнени сүйлөшөт болду экен?» деген түпөйүл ой калды. Бирок Санжар менен Арсен орус кыздын маселесин сүйлөшүшпөйт. Алар үчүн андан маанилүүрөөк маселелер бар.
– Иштериңиз кандай болуп жатат?- Арсен рулда баратып сүйлөдү.
– Жаман эмес.
– Сыйлагандар көбөйүптүр сизди.
– Андай нерсе да бар. Эми бул жалгыз менин аракетимдин жыйынтыгы эмес да, Арсен. Сенин да зор салымың бар го.
– Санжар аке, бир чоң иш баштообуз керек болуп турат. Сиз менен кеңешейин деп атайын келдим.
– Угуп жатам.
– Болуш Сардарович дегенди уккансызбы?
– Ким эле ал? Уккандай болуп жатам.
– Ишкер. Өлкөнүн бай адамдарынын бири.
– Анан?
– Мен ошонун токолу менен көңүлдөштүк кылып жүрөм.
– Оо...
– Кыскасы, анын токолу менин тузагыма түштү. Эми күйөөсүн кармаш керек. Ал боюнча иштеп баштадым.
– Эмне, сындыралы дейсиңби?
– Анын колдоосу кандай болду экен? Мени ошол кызыктырып жатат. Муну кармайбыз деп тигил жактын куйругун басып албайбызбы? Адатта байлардын баары тигил жактын алдынан өтчү эле го.
– Мдаа... Өлкөдөгү бай адамдардан болсо, колдоосу бар чыгар. Бирок карыштыра кармап алсак өзүбүз деле саай бергенге жакшы болмок.
– Мен азыр ага компромат тапсам бир багыт көрүнөт эле.
– Арсен, байга кандай компромат болушу мүмкүн? Сен тапкан бардык компроматты ал жок кылып коё алат. Ошондой бай неменин салык кызматында да, прокуратурада да таанышы бар. Сен экөөбүздүн артыбыз таза эмес. Биздин тапканыбыз суу кечпей калат.
– Мен да ошону ойлодум. Бирок эгер сиз айткандай карыштыра кармачу болсок, анда бизге бийликке жол ачылчудай болуп турат.
– Ал эмне дегениң?
– Анын токолу кабинетине диктофон таштап келген. Тыңшап көрсөм, Болуш достору менен шайлоого даярданганы жатат окшойт. Биз ошого чейин бирдин ичинен чыгышыбыз керек...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
novayariga
2017-10-24 09:08:42
Биринчиби?
-1
Shekeev969798
2017-10-25 20:44:49
novayariga,Диктафон коп былжырап койуптур жон эле чозулуп кетиптир
+2
korul.alai001
2017-10-24 09:12:53
Биринчиби бугун?
-1
aikera1992
2017-10-24 09:18:28
Катуу го
0
Cleo-13
2017-10-24 09:21:49
Бегимай жонундо жокко
+1
Nargiza1987k
2017-10-24 09:58:56
Тортунчуууу
-1
nuriwka
2017-10-24 10:37:59
э кобуроок жазгылачы,чалампай кылбай
+3
Begimjan
2017-10-24 11:58:13
кобурооктон жазгыла супер инфо эмне мынча аз.
+2
alisha00
2017-10-24 18:11:16
М жакшы
0
OMURBEK.
2017-10-24 21:35:58
Зато кызыгыга келди
0
Sumaya0692
2017-10-24 21:54:57
Диктафондун эмне деп жазылганы менен эле бутуп калдыго
+1
originalkgz96
2017-10-24 23:54:01
Мм
0
aytkulova
2017-10-25 00:01:27
Кызыгына келгенде, ар дайымкыдай бүтүп калат...
+1
Samara04
2017-10-25 19:40:13
Дагы бир жума кутобузбу
+1
baltabaev
2017-10-29 03:54:38
Анча кызыксыз болуп баратат
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан