ИШЕНЧЭЭК АСЕЛ КАНТИП ИНСТАГРАМ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНДЫ?

Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасына кирсең эле эки жаат болуп урушкан күйөрмандар. Бири аны мактап, суктанып бүтпөсө, экинчиси тырмагына чейин асылып, сындайт. Алтындай убактысын бөлүп Аселди талкуулап жатышса, демек, ырчы айымдын жашоосу көпчүлүккө кызык. Инстаграм жылдызы Асел бул сандын апта каарманы.

«КАНЧА УБАКЫТКА ЧЕЙИН ЫРДАЙМ, АЙТА АЛБАЙМ»

Асел назик болгону менен, абдан өжөр, тырышчаак. Учурда сыналгыны койсоң таң эрте телеалпаруучулук өнөрүнө күбө болосуң. Радиону жандырсаң ди-джей, ырчы, айтор, спортчу катары эле көрө элекпиз, ал көп жаатта өзүн сынап келе жатат. Бирок мунун баары убактылуу дейт каарман.
-Мен 16 жашымдан бери шоу чөйрөдөмүн. Чыгармачылыкка жаңы киришкенимде көп нерсени түшүнө берчү эмесмин. Жадакалса ырчы кылам деген адамга ишенип 2000 доллар берип, же жыйынтык жок, же акча жок алданып калган күндөрүм болгон. Кумурскадай тынбай эмгектенип отуруп үзүрүн эми көрүп жатам. Албетте, мага туура жол көрсөткөн инсандар да көп болду. Жакында эле бир таанышым айтты, «сени ушундай деңгээлге жетет деп ойлогон эмесмин» деп. Эгер бирөөгө ор казбай, өз алдыңча талбай эмгектене берсең ийгиликке сөзсүз жетишет экенсиң.
Бирок бардык нерсе убактылуу. Азыр биз элге кызыктуубуз, ырларыбызды угуп жатышат. Ошондуктан качанкыга чейин чыгармачылыгымды улантам, айта албайм.

«ОПЕРАЦИЯДАН ЧЫКПАЙ КАЛАТ ДЕШКЕН»

Мурдагы уялчаак, тартынып сүйлөгөн Асел азыр таптакыр өзгөргөн. «Апамдын ооруганы мага чоң сабак болду. Энеге, мырзаларга, деги эле адамзатка мамилем өзгөрдү. Көп нерсени баалаганды үйрөндүм» дейт.
-Ушул жашка келип абдан ызаланып ыйлаганым апам ооруганда болду. Апам операцияга кирип баратканда дарыгерлер«чыкпай калышы мүмкүн, баарына даяр болушуңар керек»деген эле. Ошол күндөр көп нерсеге менин көзүмдү ачты, чоңойтту. Мага апам дайым жаш, энергиясы ашып-ташкан аял сезилчү. Жандандыруу бөлүмүндө жатканда апамдын колун кармап, биринчи жолу колуна бырыш түшкөнүн байкадым. Ошондон кийин апам урушса да «баары бир мен сизди жакшы көрөм» десем, урушканын унутуп күлүп калат.

«ШОПОГОЛИК БОЛУП БАРАТАМ»

Асел учурда Инстаграмдагы популярдуу айымдардын баш сабында, 544 миңден ашуун окурманы бар. Баракчасында дайыма сулуу, позитивдүү сүрөттөрү менен бөлүшкөн Аселдин көшөгө артында жашоосу кандай, ошого да токтолду.
-Статистика боюнча бир жумада менин баракчама окурмандарымдан тышкары 3 миллиондон 6 миллионго чейин адам кирет. Алардын басымдуу бөлүгү 18-30 жаштагылар. Байкасаңыздар, мен жумушума тиешелүү нерселерди гана баракчама киргизем. Эс алып жүргөн кездеги сүрөттөрүм аз. Албетте, пенде болгондон кийин баары көңүлдөгүдөй боло бербейт. Бизде деле кыйынчылыктар, оор учурлар болот. Андай абалды элге чыгарбаганга, өзүм депрессияга көп кабылбаганга аракет жасайм. Мен үчүн эң жакшы нерсе бул жумуш. Жиним келгенде үйдү жыйнап, тамак жасап, үй иштери менен алек болом же ыр жаздырып, клип тарттырып же шопинг кылып алаксыйм.
Шопинг демекчи, кечээ күнү эле байкадым. Башым катуу ооруп турса соода кылып, жакшы кийим алып же өзүмө жарашыктуу образ түзүп алсам кадимкидей жазыла түшөт экен. Ошентип акырындап шопоголик боло баштадым (күлүп). Инстаграмда жарнамалык негизде иштешкендиктен кээде жумасына бир жолу кийим алып, аны жарнамалоого туура келет. Негизи өзүм сезон сайын жаңы кийимдерди алып гардеробумду жаңыртып турганды жакшы көрөм.

«МЫРЗАЛАРДЫН СЫРТКЫ КЕЛБЕТИНЕ КӨҢҮЛ БУРБАЙМ»

Бойдок кыздын жеке жашоосу мырзаларга эле эмес, кыздарга да дайым кызык. Андыктан жеке фронтто абал кандай экенин билели.
-Чоңойгон сайын жашоонун кээ бир бөлүгүн сыр катып жүргөн туура экенин түшүнөт экенсиң. Ошондуктан жеке жашоом тууралуу көп айткым келбей калды. Азыр жүрөгүм бош.
Мырзалардын сырткы келбетине өтө көңүл бурбайм. Жылдыздуу болгону жетиштүү. Мага эң башкысы жан дүйнөсү таза, жашоого көз карашы түз болсо. "Кудайдан эмнени тилесең ошону берет" дешет. Болочоктогу жолдошум мени бактылуу кылат деп ишенем.

"Апам ооруп калганда гана адамды баалаганды үйрөндүм".


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асел Кадырбекова: “Азыркы учурда жүрөгүм бош”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
farida.kg.1991
2017-10-24 22:33:56
Асел назик арык бирок жузундо ХХХ
0
Asselina
2017-10-25 04:21:10
Сулуу боорукер Асел эже бар болунуз
+2
tuki
2017-10-25 07:54:45
Быйылкы жылдын эсебинен Асел Самара Анжелика Айчурок ото коп тажатышты эле Эми жакында Сайкал тажатат болуш керек
+4
zhongdina55
2017-10-25 09:53:41
Семирип адам кебете болуп калды ,мурда башка планеталар келгендей эле !
+1
Nurizaumar
2017-10-26 01:27:20
Жакшы кыз мага абдан жагат эми заара ушаткан жерин коруш керек экен жерди ойуп чопту саргарта койсо уйлоном сага
+3
peach
2017-10-26 10:49:04
Nurizaumar,балтыры кучтуу эмес все равно
+2
roksalana
2017-10-26 02:48:09
Ваще обу жок оозун чоюп суйлойт деп ойлочумун негедир ырларын угуп.Сонун эле суйлойт экенго
0
sely
2017-10-26 04:01:39
Каап Нурлан мн эмне болдунар ииий ичим ачышып тутоп баратам деги экооно эмне болду.(((((
+4
Naska0809
2017-10-26 13:15:36
Азаматсын Аселька. Красавица!!! Аракетин кучтуу кызын.
+1
Nazaraliva9595
2017-10-26 16:01:40
Аллах жакшы жарды насип кылсын
0
Birimdik5555
2017-10-27 03:14:33
Азаматсын,жакшы инсанга жолугуп бактылуу бол
0
Aisanur_89kg
2017-10-27 10:38:18
Мактагандарга +,жамандагандарга -,билбейм жагат ушул кыз уну болбосода,озун алып журушу,кийингени озуно жарашат.
+2
Edelveis929317
2017-10-28 13:30:35
Үнү барбы жокпу бизге эмне?Башкысы эч кимге зыянын тийгизбей тиричилигин кылып атат.Жакпаса укпай,көрбөй койгула.
+1
gulbar_85
2017-10-28 16:36:25
Ырдап кийинип керилип журо бербей эртерек куйоого тийип балалуу болуп алсан жакшы болот эле
+2
Beka000008
2017-10-30 00:22:11
Асел сенин журогундо мына биз барбыз , сени жакшы коруп ырларынды уккандар деле коп )))
0
venka8484
2017-11-01 22:53:56
беттеги косметика бир тоннаго,анан качатта Нурлан))
+1
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан