Күздүн келиши менен тойлордун сезону башталып, ырчылар элдин жакшылыгында кызмат кылып капчыгын кампайтышат эмеспи. Той бизнесин мыкты өздөштүргөн ырчылар социалдык тармактагы баракчаларына тойдо ырдаган видеолорун тынымсыз жүктөп кардарлардын көзүнө түшүүгө аракет кылышат. Учурда тойго эң көп чакырылган ырчылар кимдер? Алардын ставкасы канча? Бүгүн биз аталган теманын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, кадимки кардардын ролун аткарып ырчылар менен бир сыйра соодалашып көрдүк.
АЙГЕРИМ, САМАРА, НУРЛАНДЫ ТОЙГО 400 ДОЛЛАРГА ЧАКЫРАСЫЗ
Ырлары менен тойдун көркүн ачып, келген коноктордун маанайын шаңга бөлөгөн ырчылар Айгерим Расул кызы, Самара Каримова, Нурлан Насиптин тойдогу ставкалары бирдей экен. Айырмасы, Айгерим менен Самара Ош шаарындагы тойлорду калтырбай «тытып» жүрүшсө, Нурлан Насип Бишкектеги тойлордон тартып, аймактарды, Казакстан, Орусиядан бери кыдырып колу бошобой жүрөт. Айгерим жеке баракчасына «быйыл тойго чакыруулар көп, бир күндө 5-6 тойго жетишип жатам. Жетишпей калган 500 доллардык тойлорумду башка кесиптештериме берип жатам»деп мактаныч аралаш айтып алганына караганда бул ырчы бир күндө 5 тойго барса, күнүнө 2 миң доллардан ашуун акча табат. Пай-пай, ырчы болбой калганыңызга өкүнүп кеттиңизби, окурман?
Ырчылардын ставкасы жашаган аймагына жараша да болот. Эгер Ошто жашаган ырчыны Бишкекке же башка аймакка чакырам десеңиз кымбатыраак, ал эми Бишкекте жашаган ырчыларды башка аймактарга чакырыш үчүн бир топ капчыкты жукартыш керек болот. Нурлан Насип Ошко 1000 долларга, ал эми Айгерим Бишкекке 800 долларга келем десе, Самара 700 долларга ырдап берем дейт.
300 ДОЛЛАРГА КИМДЕРДИ ЧАКЫРСАҢЫЗ БОЛОТ?
Анжелика, Кайрат Примбердиев, Динара Акулова, «Кеңеш» тобу Бишкек шаарындагы тоюңузга 300 долларга ырдап беришет. Ошко Анжелика менен Кайрат 900 доллар, ал эми Динара эжекебиз 500, «Кеңеш» тобу 600 долларга барууга даяр. Кайрат «алыскы жерге тойго чакырган соңбул суммага бир антракт тынбай ырдап бере алам»дейт. Жакшылап «соодалашып» баасын түшүрсөңүз деле болчудай, ал сиздин сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгүңүздөн көз каранды.
200 ДОЛЛАРГА ЫРДАЙМ ДЕГЕН ЫРЧЫЛАР
Тойлорго көп чакырылган ырчылардын катарын Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Нурмат Садыров, Ильяз Абдыразаков, Роза Шакирова, Урмат менен Неля, Гүлзат Байзакова, Айчүрөк Иманалиева да толукташат. Бул ырчыларды тоюңуздан көргүңүз келсе, 200 доллар камдай бериңиз. Ал эми аймактарга 500дөн 1000 долларга чейин барышат. «Жар-жар» ырдоо, кыз узатуу, тушоо кесүү тойлоруна тематикалык ыр сунуп күндүн күнөөкөрүн элге алып кирүү кызматын колдонсоңуз, болгону 1000-2000 сомго кымбатыраак болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк ырчылар мындай кошумча кызматтар негизги ставканын ичине кирерин айтышты.
100 ДОЛЛАРДЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ ЖЕ СОМ МЕНЕН ЭСЕПТЕШКЕН ЫРЧЫЛАР
Ош шаарында той көп болот эмеспи. Ошол аймакта жашаган ырчылар Бегимай Карабаева «Жар-жар» менен кошо 3 ырды 8 миң сомго, Жумагүл Раимжан кызы 10 миң сомго ырдайбыз дешет. Ал эми Курал Чокоев Бишкекте 10 миң сомго, Ильяз Андаш 8 миң сомго ырдап берем дейт.
Лунара Бекиева
star@super.kg