ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 23-октябрдан 29-октябрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада көпчүлүк адамдар менен жакшы тил табышасыз. Активдүүлүгүңүз күчөйт. Эски тааныштарга жолугасыз. Көп көйгөйлөр оң жагына чечилет. Жума акырында айрым адамдар менен болгон узак мамилелерге чекит коюлушу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бейшембиге чейин кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Өз ара түшүнүүчүлүк жогорку деңгээлде. Каржы жагы жаман болбойт. Жума күндөн тарта спирт ичимдиктеринен, ашыкча тамактануудан оолак болуңуз. Кыйналып каласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул күндөрү өзгөчө эргүү менен иш алып барганыңыз оң. Талантыңыздын, сулуулуктун бардык жактарын колдонууга, көрсөтүүгө аракет жасаңыз. Бирок жума күнгө чейин гана. Андан ашыгы адамдар арасында көрө албастык, кызганыч гана жаратат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй, турмуш шарт жактарын жакшыртасыз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен жагымдуу маанайды баштан кечиресиз. Каржы, ден соолук жагы да жаман эмес. Апта акырында жакындарыңыз менен абайлаңыз. Күтүүсүз кайчы пикирлер келип чыгат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жуманын баш, орто чендеринде жол, документ, туугандар маселеси ойдогудай ишке ашат. Жагымдуу кабар да угасыз. Аптанын соңку күндөрү турмуштун ушул эле тармактары күтүүсүз кыйынчылыктарга учурайт. Күтүүсүз көйгөйлөр жаралат. Абайлаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын акыр чендерине чейин каржы маселеси көп бушайман кылганына карабай, жеке иштериңиз сиз ойлогондой ишке ашат. Кыйкымчылдыкты бир аз азайтыңыз. Антпесеңиз жума күндөн тарта күтүүсүз чыгымдарга дуушар болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Бейшембиге чейин жеке иштериңиз ойдогудай бүтөт. Өзгөчө сүймөнчүлүккө ээ болуп, баркыңыз жогорулайт. Жакын санаалаш, документтер жагы да жаман болбойт. Жума күндөн тарта күтүүсүз тоскоолдуктарга туш болушуңуз мүмкүн. Мыйзам чегинен чыкпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул күндөрү болуп көрбөгөндөй оратор, сөзгө чечен болуп чыга келесиз. Ойлоо жөндөмүңүз тездик менен иштейт. Чөйрөңүздөгү публиканы оңой багындырасыз. Айрым максаттарыңыз ишке ашат. Жашыруун душмандардын таасирин байкасаңыз ачууланбаңыз. Бул нерселер убактылуу гана.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз бул аптада купуя аракеттердин аркасында пайдалуу иштерди жасайсыз. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Үнөмдүү болбосоңуз келген акчанын айрым бөлүгү досторго же кесиптештерге жумшалышы мүмкүн. Бул адамдар менен каржы жаатында түшүнбөстүктөр болушу да толук ыктымал.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жума бою маанайыңыз өзгөрүп турат. Ийгиликтер жана тоскоолдуктар кез-кези менен болуп турат. Ийгиликтин болушуна достор, кесиптештер, ал эми тоскоолдуктардын болушуна жогорку рангдагы адамдар себепкер болушат. Жетекчини көрсөңүз алыстан качууга аракет жасаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Таасирдүү инсандардын же жетекчиликтин сизге болгон колдоосу дагы да андан ары уланууда. Алар менен пайдалуу көп сүйлөшүүлөр жүрөт. Бөтөн шаардык адамдар, текшерүүчү органдар менен алака кылууда этият болуңуз. Айрыкча жолго чыккан учурда. Унаа башкарууда акырын жүрүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Кесиптеш жана курбулар менен мамиле өзгөрмө мүнөздө өтөт. Кайсы бир учурда жакшы, кайсы бир учурда кескин түшүнбөөчүлүк орун алат. Ортодогу акчадан улам көйгөй келип чыгат. Жолго чыгышыңыз мүмкүн. Башка жактык адамдар, текшерүү органдар менен жакшы тил табышасыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 23-октябрдан 29-октябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurhan2702
2017-10-24 16:36:50
Мен мурда ишенчумун дал келчу, азыр таптакыр дал келбей кулкуму келтирди
0
Bektur.osh
2017-10-27 16:44:12
Баары Аллах Тааладан достор,жылдыз толгого ишенип Аллахка ширк келтирип албагыла...
Aelina2017 сиз буга ишенип отуруп кийинчерээк козу ачык,бакшыларга барып журбонуз...

0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан