Мээрим Момунова, балбан: «ЖЕҢИШТИН КЫЗЫГЫ – ГИМНИҢ ОЙНОЛУП, ЖЕЛЕГИҢ ЖЕЛБИРЕГЕНДЕ»

Ушул жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында Мээрим Момунова алыш жана бел боо күрөшү боюнча алдыңкы орундарды ээлеп, байгелүү кайткан. «Кыргызстандан өткөн жер жок. Чет элдиктерден кандай гана сунуш болбосун, спорттук карьерамда мекенимдин гана намысын коргойм» деген патриот кыз бизге маек курду.

Туулган жылы
– 1990-жыл, 22-январь
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арчалы айылы
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Башкы машыктыруучусу – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев
Жетишкендиктери – Дзюдо боюнча Кыргызстандын 8 жолку, алыш күрөшү боюнча 3 жолку чемпиону. Алыш боюнча Азия чемпиону (2015-жыл), Жабык имараттагы Азия оюндарында бел боо күрөшү боюнча күмүш, алыш күрөшү боюнча алтын медалдардын ээси (2017-жыл). Алыш күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, машыктыруучу.

– Саламатсызбы, Мээрим. Быйыл Түркмөнстанда өткөн Жабык имараттагы Азия оюндарында бир эмес, эки медаль алып келдиңиз. Сиз үчүн бул мелдеш кандай болду?
– Саламатсызбы? Жалпысынан жакшы даярдык менен баргам. Биринчи күнкү күрөштө калыстардын адилетсиздигинен түркмөн кызына утулуп, бел боо күрөшүнүн классикалык стилинен 2–орунду алып калдым. Ага чейин бел боонун эркин стилине да түшкөм, анда утулгандыктан классикалык стилге да катыштым. Бул утулуудан кийинки беттеште жеңилсем, ал мелдештен таптакыр четтетилип калмакмын. Ошону түшүнүп, "жеңиш меники болот" деп максат коюп алдым. Машыктыруучулар да «силер атаандашыңарды гана эмес, калыстарды да утушуңар керек» деп дем-күч берип жатышты. Эртеси кайрадан ошол түркмөн кызы менен кез келгенде экөөбүздүн ичибизден психологиялык жактан мен күчтүүрөөк экенимди сезип турдум да, жыгылсам да кайра көтөрүп чабам деп тырышып 1-2 ыргытуу жасап, утуп алдым. Андан кийинки атаандаштарым мен үчүн жеңил эле болду. Ал эми финалда кез келген дагы бир түркмөнстандык кызды ыргытуу ыкмасына салып жеңишке жетише алдым.

– Психологиялык жактан күчтүүлүк деп калдыңыз. Мелдешке физикалык жактан эле эмес, психологиялык жактан да даярданасызбы?
– Ар бир спортчу ар кандай даярданат. Мисалы, мен алдын ала машыктыруучулар менен физикалык даярдоодон өтүп, салмак таштоонун үстүндө эле иштеп жүрө берем. Айрымдар башкы атаандаштарынын кандай күрөшөрүн изилдеп, видеолорун көрүп, атаандашка карата даярданышса, мен таразага түшкөн күнү да ким менен беттешеримди окубай коём. Анткени ойлонгум келбейт. Мен көп ойлонсом күйүп-бышып кетем. Качан гана беттеш болор күнү атаандашым ким экенин билип, килемге чыгарда 2 секундда ичимден утам деп максат коём. Анан кайсы гана атаандаш болбосун, баарына бирдей өзүмдүн жамбашка кирүү жана көтөрүп чабуу ыкмаларымды колдоно берем.

– Түркмөнстан мамлекетинин мелдешти кандай өткөрөрүн жеринен көрүп келдиңиз. Былтыр бизде да масштабдуу делген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өткөн. Эки өлкөнүн спортко жасаган мамилесин салыштырып көрбөйсүзбү?
– Албетте, бул мелдештердин деңгээлдери эки башка. Уюштуруучулук жагын салыштырганда Ашхабаддагы Азия оюндары күчтүүлүк кылды. Ал эми спортчулары спорттун күрөш түрүнө көбүрөөк көңүл бурушат. Бул жолу түркмөнстандык спортчулар алыш, бел боо жана түркмөн күрөшүнө басым жасашканы билинип турду. Анткени ушул күрөш стилдеринен көп медаль албаса, башка түрлөрдө алсызыраак окшойт. Менимче, эң күчтүү балбан кыздар биздин алыш, бел боо стилдеринде болду. Өздөрүнүн айтымында алар бир жыл бою машыгуу жыйындарын бир нече мамлекеттерде өткөрүшүптүр. Ал эми биз Кыргызстандын ичинде 2 ирет машыгуу окуу жыйынын өткөрдүк.

– Алышка дзюдодон келип калган экенсиз. Кандайча?
– Ооба, чоң спортто жүргөнүмө жалпысынан 10 жыл болду. Ал ортодо 2014-жылы Азия оюндарына спорттун дзюдо түрү боюнча катышып келгенден кийин машыгууну таштап койгом. Ошондон 7-8 айлык тыныгуудан кийин курбу кызым «күрөшүп көрбөйсүңбү» деп алыш күрөшү боюнча Гран-приге чакырып калды. Ошентип анын айтканына көнүп, алыш күрөшүнүн эрежесин билбей туруп, машыгуусу жок эле катышып, аталган күрөш стилин жактырып калгам.

– Экөөнүн айырмачылыктары бир топ эле сезилсе керек?
– Дзюдодо килем үстүндөгү терминдердин баары япон тилинде болуп, килемге кийип чыга турган ак-көк түстөгү кимоносу оор. Ал эми алышта саламдашуудан тарта эскертүүгө чейин кыргызча айтылып, белге тага турган курду колго ороп күрөшөбүз. Атайын ушул спорттун түрүнө арналып тигилген жеңил чапандарды кийип килем үстүнө чыгабыз. Мындай чапандардын жеңи, багалеги колу-бутту жапканы үчүн мусулман мамлекеттериндеги спортчу кыздар үчүн абдан ыңгайлуу. Ал эми бел боо күрөшү да алыш күрөшүнөн бир аз айырмаланат. Бел боонун эрежелери, менимче, бир аз адилетсиз. Анткени эки балбандын бири бир жолу эскертүү алса, атаандашына 1 упай жазылат, экинчи жолу эскертүү алса каршылашы автоматтык түрдө 2 упайга ээ болуп калат. Мисалы, Азия оюндарында түркмөн кызын 3-4 жолу көтөрүп чапканым менен, эскертүү да алып жаттым. Мен эскертүү алганым үчүн атаандашым упай топтоп мага жетип алып жатты. Демек, бул оюнда каршылашка эскертүү алдырып жатып деле утуп койсо болот.

– Бир канча ири мелдештердин жеңүүчүсү экенсиз. Чет жактардан чакыруулар, сунуштар болгондур?
– Ооба, чет мамлекеттерге көбүрөөк акча убадалаган чакыруулар болгон. Бирок мен өз өлкөмдүн намысын коргоону эле туура көрөм. Бөтөн мамлекеттин атынан күрөшүп алтын алып, пьедесталга чыкканыңда же мекениңдин желеги көтөрүлбөсө, же гимниң ойнолбосо анда күрөшүп утканыңдын кызыгы кайсы? Мен үчүн өз жеримде калганым эле эң туура чечим.

– Эл арасында аял кишинин күрөш менен машыгуусу анын назиктигин жоготуп коёт деген сыяктуу кептер айтылат. Мындай сөздөргө кандай жооп берет элеңиз?
– Менимче, назик же эркек мүнөз болуу ар бир кыздын өзүнөн болсо керек. Аялзатына тиешелүү сапаттардын жоктугун спорт менен байланыштырып болбойт. Мисалы, мен деле кадимки кыздар сыяктуу эле шиш така, көйнөк кием.

– Эми жакынкы пландарыңыз менен бөлүшсөңүз.
– Жакында алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Азырынча анын так датасы билине элек. Ал эми кийинки жылы Индонезия мамлекетинде ачык имараттардагы Азия оюндары, бизде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар. Максатым – ушул алдыдагы биринчиликтерге катышып, жеңишке жетүү.

– Тилегиңиз ишке ашсын. Маегиңиз үчүн рахмат.

"Түркмөн кызынын жанында психологиялык жактан мен күчтүүрөөк экенимди сезип турдум".


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
asi.gulum
2017-10-24 11:00:04
Азамат..!Силердей кыздар көп болсун.
+5
nazgul20
2017-10-24 16:51:20
Азаматсын!!!!!
+2
bosmos77777
2017-10-24 20:12:42
Алга Кыргыз ! Манас атабыз колдосун!
+1
adila1993
2017-10-24 21:14:10
азаматсыз!!!
0
adila1993
2017-10-24 21:14:48
азамат
0
Nanei
2017-10-25 09:41:56
Акылдуу кыз экен
0
Bishkek
2017-10-25 12:14:12
Azamat
0
nazel
2017-10-25 16:32:50
Бактылуу бол азаматсын.
0
Isakova8888
2017-10-26 17:34:36
Азаматсын бактылуу бол
0
Girl1996
2017-10-27 09:41:41
Azamatsyz, Allah koldosun!
0
Girl1996
2017-10-27 09:43:18
Siz menen syimyktanabyz, Allah yraazy bolsun, Kyrgyz eli siz menen!
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан