«Атам бизди дайыма кубандырып тургусу келчү. Ар кандай жаныбарларды: ит, мышык, балык, куштарды алып келип, бизге мыкты дос да таап берчү» дейт бүгүнкү каарманым. Ар бир ата-эне балдарынын балалык доорун жомокко айланткысы келери анык. Дүйнө эли тааныган, сыйлаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов үйдө кандай ата болгон, балдарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген? Бүгүн атанын уулу Элдар Айтматовдун балалык күндөрүнө саякат кылдык.
– Атам такыр бош отурчу эмес. Телевизор көрүп же жөн эле отурганы абдан сейрек көрүнүш эле. Убактысынын көбүн өзүнүн кабинетинде чыгарма жазып өткөрчү. Бирок атам бизди эч качан көңүл сыртында калтырган эмес. Күндүзү китеп окуп берсе, жатарда жомок айтып берүүнү адат кылып алган.Ошондон улам болсо керек, кичинекей кезимден китеп окууга жакынмын.
– Мен 1979-жылы 1-декабрь түнү, Бишкекте төрөлгөм. Апамдын айтымында, ал күнү түнү менен тынбай кар жааптыр. Өз алдымча тамак жеп калганда бала бакчага баргам. Ал күндөр али да көз алдымда. Мен барган бала бакча Бишкектин так ортосунда жайгашкан эле. Ал жерде азыр соода борбору турат. Бала бакчада бассейнге түшкүм келе берчү, бирок ага эч качан суу толтурушчу эмес. Азыр эстесем, ошол кездеги тарбиячылар балдарды абдан катуу кармашыптыр. Бала бакчага барганды өтө деле жакшы көрчү эмесмин.
– Алтыга чыкканда ата-энем мени скрипка ойногонду үйрөнүүгө мажбурлады. Өспүрүм кезде скрипка менин балалыгымды тартып алгандай сезилчү. Жаш өткөн сайын ал оюм жаңылыштык экенин түшүнүп жатам.
Музыкант болбогонума өкүнөм. Бирок менин музыкалык билимим өзүмдү живописте табууга чоң жардам берди. Бүгүнкү күндө жакшы көргөн музыкамдын коштоосунда сүрөт тартып келем.
– Ата-энемдин жумушуна байланыштуу бир нече мектеп алмаштырганга, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүп жашоого туура келди. Улам жаңы мектепке көнүп, жаңы тил үйрөнүп, жаңы программаны өздөштүрүүгө аргасыз болчумун. Мектеп которо бергенимдин пайдасы да болду. Учурда кыргыз, орус, англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйм, немис тилин кичине билем. Ар бир жаңы мектепке барган сайын стресске кабылчумун. Ошондуктан мектепте окуган жылдар жакшы, ошол эле учурда жаман сезимдер менен коштолду. Көп жолу дос күтүп, аларды кайра жоготууга кабылганым мен үчүн оор болчу.
– Көркөм искусство, география, биология, химия, тарых сабактарын жакшы көрчүмүн. Тынч жүрүп, сабакты жакшы окуганым менен, экстремалдуу нерселерге кызыгар элем. Бийиктиктен коркконума карабастан бак-дарактардын, дарбазалардын, гараждардын үстүнө чыгып ойномой адатым бар болчу. Чыгып, түшүп жүрүп көп жолу жаракат да алгам.
– Ширин эжем менден эки жаш улуу. Экөөбүз абдан ынтымактуу өстүк. Өтө сейрек урушчубуз. Экөөбүздүн досторубуз да бир эле. Эжем менин үй тапшырмама көп жардам берди. Ушул күнгө чейин тыгыз байланыштабыз, көп баарлашабыз. Үй-бүлөсү менен биздикине конокко бат-бат келип турат.
– Атам абдан боорукер болгондуктан, мага көп болушчу. Апам атама караганда катуураак кармачу. Кээде менин жүрүш-турушум атамды да канааттандырбаса, ал дагы катуу сүйлөп тарбиялаган күндөр болгон. Азыр ошол күндөрдү сагынам. Жалпысынан ата-энем бизге дайыма түшүнүү менен мамиле жасашты. Үйдө бардык темаларды эркин талкуулай алчубуз.
– Атам мени кандай тарбияласа, уулдарым Эскандер менен Сулейманды ошондой тарбиялап келем. Учурда эл аралык Айтматов фондунун жана Айтматов үй-музейинин иштери менен алекмин. Мен үчүн бул абдан маанилүү долбоор. Айтматовдун эмгектерин өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө түбөлүктүү мурас кылып калтыруу биздин милдет деп билем. Ошондой эле бош убактымды устаканамда сүрөт тартуу менен өткөрөм, келечекте борбор калаабызда өз көргөзмөмдү уюштурууну эңсейм.
– Атам мени эч качан бир кесипти танда деп мажбурлаган жок. Ал «ар бир адам өз жолун өзү табышы керек» деп айтчу. Бир учурда аскер академиясына тапшырууну каалаганым эсимде. Атам согушка, кан төгүүлөргө каршы болсо да, мени «ал жакка тапшырба» деп айткан жок. Тескерисинче, тандоомду баалай турганын гана билдирди.
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
Сүйүн Кулматова
star@super.kg