Быйыл турмуш жолуна аттанчу жылдыздардын катарын актриса, телеалпаруучу, фотомодель Рахат Божокоева толуктайт. Жеке турмушун ачык айтууну жактырбаган Рахат жакында гана жүрөгү биротоло "брондолгонун" жар салды. Инстаграм баракчасына «Мен «ооба!» дедим» деген билдирүүсү окурмандарынын бүйүрүн ого бетер кызытууда. Актриса «Жигитим экөөбүз эки жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөбүз. Жашы 29да. Буюрса, жакынкы күндөрү үйлөнүү тоюбуз болот. Азыр тойдун даярдыгы менен алекпиз»,- деп сүйүктүүсү тууралуу учкай айтып кетти. Рахат менен анын жүрөгүн багындырган мырзага бакыт каалайбыз!