Чыгармачыл чөйрөгө жаштайынан аралашып, маданият тармагында кызыктуу, көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдү даярдап келе жаткан тележурналист Максат Довранов жакында бойдок статусун үй-бүлөлүүгө алмаштырат. Толкунданып жүргөн алпаруучу ойлору менен бөлүштү: «Биз үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Улуу агам үйлөнгөн, кезек мага келген. Жашым да келип калган эле, убакыт-сааты эми чыкты окшойт. Келиндүү болорун уккан апам катуу сүйүнүп жатат. Үйлөнүү тоюбуз ноябрь айына белгиленди. Азыр тойго даярданып, буту-бутума тийбей чуркап жүрөм»,- дейт. Максатка үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.