80дин кырын ашса да театр деп жашап келаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова жана «Туңгуч» театры Лондон шаарында өткөн "Ачык Борбор Азия" аттуу II эл аралык искусство фестивалынан байгелүү кайтышты. Фестивалда драматург Султан Раевдин «Илегилек» спектакли коюлуп, «Алтын жоогазын» сыйлыгына ээ болду. Жамал Сейдакматова: «Фестиваль 5-15-октябрь аралыгында өттү. Мен барганыма эле сүйүнүп жүргөм. Мага «Дүйнөлүк театралдык искусствого кошкон чоң салымы үчүн» деген алтын статуэтканын берилиши күтүлбөгөн белек болду. Пайгамбар жашына келгенде чет өлкөдө баалашса, жагымдуу болот экен»,- дейт актриса. Сыйлыгыңыз кут болсун!