«ОО, УЛУУ ЖАРЫК, КАЙДАСЫҢ?..»

Жашоо шары, көр тириликтин көйгөйү аргасыз баарыбызды базарга барууга мажбурлайт эмеспи. Мен да жумуштарым менен базарга көп барам. Анан дайыма элди өзүнө кылчайтып, тагдыры тайкы, таланттуу майыптардын ырдап жатканын көрөсүң. Кечээ да «Ош базарында» жүрсөм «а менин бала бойдон калгым келет...» деп кимдир бирөө Жамилдин ырын сыздата ырдап келатыптыр. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, кара көз айнекчен жаш жигит экен. Талантына канчалык тамшансам да, “аттиң” деп турдум ичимден. Талант берген Кудай жигитти эки көзүнөн неге айрыды экен?.. Анан кечке ошол ойдон бошоно албай жүрүп, акыры кайтаар кезде ыңгайын таап собол бердим. Менин журналист экенимди угуп, чечилип сүйлөдү. Көптөн бери бугун чыгара албай жүргөндөй...

«КУДАЙ СЕНИ СОКУР КЫЛАТ...»

Бир күнү “Дордойду” аралап ырдаганы баратканбыз. Мен өзүм “Дордой” экенин кайдан билейин. Чалынсам таяп, жыгылсам тургузуп, көзүмө көз болуп жүргөн Батма эжем айтат “Дордойго” келдик” деп. А мага баары туңгуюк. Адамзат жашоосу ызы-чуу түшкөн базар сыяк­туу сезилет.
– Базарга жеттикпи?- дейм Батма эжеме.
– Жок, аялдамада турабыз,- дейт.
– Эмичи?- деп сурайм кайра эле түтпөй.
– Көчөдө баратабыз...
Минтип кайра-кайра сурагандан өзүм уялып унчукпай калдым.
– Мына эми “Дордойго” келдик, ырдап башта,- деп калды Батма эжем. Жаныма шерик жалгыз сырдашым болгон кыягымды тартып ырдап кирдим. Аңгыча эле кимдир бирөө көз айнегимди жулуп алгандай болду. Эмне болгонуна түшүнбөй ырымды токтотоорум менен жанагы аял кыйкырып коё берди.
– О, кудай аткыр, жашабай жатып элди алдаганды ким коюптур сага! Карагылачы муну, көзү кадимкидей эле көрүп турат. Жөн эле оңой акча табыш үчүн кара көз айнек тагынып алган турбайбы! Минтип жүрсөң Кудай сени даана сокур кылат. Ылайым ушинтип жүрүп сокур болуп калсаң экен!..
– Эже, уялсаңыз боло, бул бала ансыз да азиздиктин азабын тартып араң жүрөт,– деп мага болушкан Батма эжем тигил аял менен айтыша кетти.
– Ой, кайра мени уялсаң боло деп коёт да! Карасаң, бу балаңдын көзү бакырайып эле ачылып турбайбы. Сокурлардын көзү мындай болбойт...
Ушул сөздөрдү укканда ансыз да мен үчүн караңгы дүйнө биротоло тарып бараткандай туюлду. Кулагым чуулдап, өзүмө-өзүм батпай буулугуп чыктым. Эжемдин да, ал аялдын да калган сөздөрүн угууга чамам келбеди. «Жүрү, кетеличи, эже» дегенге араң жарадым... Жолдо катар «Кудай сени сокур кылат» деген аялдын ачуу сөзү кайталанып, солкулдап бараттым..
– Оо, Кудай, ансыз деле эки көзүм­дөн айрыдың эле го?! Эмне күнөөм үчүн минтип мазак кыласың? Же мен ал аялга жаман айттымбы? Же кимдир бирөө­нүн акчасын уурдадымбы? Жок дегенде жарыктын үлбүрөгөн шооласын көрсөм да мейли дебейт белем. Көзүмдөн жарыктыкты аясаң да кулагымдан жылуу сөзүңдү аябай койсоң не?! Оо, улуу жарык, кайдасың?..

А МЕНИН БАЛА БОЙДОН КАЛГЫМ КЕЛЕТ...

Балким, ошол «Дордойдогу» аял чындап эле көрөт деп ойлогондур. Чамасы, эки көзү көрсө деле көз айнек тагынып алып, элден акча сурагандар көп окшойт... Себеби, ырдап баратсам эле көз айнегиме сайып көрүп, кээде жулуп алып “чындап эле көрбөйсүңбү?” деп таңыркашат. Алардын айтымы боюнча, менин көздөрүм кадимкидей ачылып турат имиш. А мага анысы деле сезилбейт. “Ылайым силер айткандай болуп, көрүп калсам кана” дейм айлам кеткенде. Мүмкүн чындап эле көзүм көргөндө минтип базар аралап ырдабас белем. Ишенесизби, жарыкты ушунчалык сагындым. Атамды, апамды, бир туугандарымды, туулган жеримди, мөлтүрөп аккан сууну, ак карлуу бийик тоолорду, алтын нурун чачыраткан күндү, толукшуган айды, айтор, баарын, баарын көргүм келет. Алар кандай болуп калышты экен?
Бир кезде “Биш­кекти көр­сөм, ошол жакка барып окусам” деп тилек кылчу элем. Мына азыр ошол эңсеген борборумдун базарын аралап жү­рөм. Антсе да мен кыялданган калаа кандай экенин элестете албайм. “Оо, Кудай,- дейм аргам түгөнгөндө.- Жок дегенде бир саамга көзүмдү ачып койчу?! Шаарды, адамдарды, эң негизгиси, жарыкты кайрадан бир көрүп алайын...”
Антсе да Кудай үнүмдү уга элек. Анан аргасыз эртерээк жатып уктаганга аракет кылып, түш көрүүнү эңсейм. Түшүм­дө жарыкты, тоолорду, сууларды көрөм. Апама эркелеп ойноп жүргөн болом. Тае­нем “торпокту тарт” деп белдемчисин улам оңдоп коюп уй саап, “садагаң кетейин Замирим” деп барбалактаган таятам мурункудай эле теминип атчан келаткан болот. Эч өзгөрүү жок, баары бая­гы бала кезимдегидей.
Чынында 7-класска чейин кадимкидей көрчү элем да. Өзүм 1984-жылы Кадамжай районунун Карадөбө айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылында төрөлгөм. Аты-жөнүм Тажибаев Замирбек Жээналиевич. Мен тогуз айлык болуп, жаңыдан басууга аракет кыла баштаган маалда ата-энемдин турмуш-оту күйүшпөй ажырашып кетишет. Анан эки жашар эжемди атам алып калып, мени апам төркүнүнө алып баса берет. Кийин атам бөлөк аял алып, апам да башкага турмушка чыкты. Мен болсо ошол бойдон таене-таятамдын колунда тарбияланып кала бердим. Кичинемден бир мү­нөз­дүү, боорукер, анан аябай кыялкеч элем. Башка балдар сыяктуу эле алты саным соо үчүн оюн менен күн батырчумун. Чыбык ат минип алып чапкылай тоого чыгам да, жаратылыштын сулуулугуна тойбой суктанып отура берээр элем. Кыялымда Чубак Сатаевдей, Бек Борбиевдей ырчы болгум келип, бассам-турсам кыңылдап жүрчүмүн. Таене-таятам да канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай оюмдагыдай өстүрүштү. Эл катары мектеп босогосун аттап, билим алууга дилгирлене окуп жүрдүм.
Тагдырымды каран түнгө чүмкөткөн каргаша 1996-жылдын декабрь айында башталды. Бир күнү эле башымдын ичи кыбырап ооруганын сездим. Алгач балалык кылып этибарга албадым. Бирок, баш оорум күндөн-күнгө күчөй берди. Кээде ооруга чыдабай талып жыгылчу болдум. Таенем менен таятам кыргызчылык дешип, ар кандай ырым-жырымдарды жасап, молдого окутуп, көрүнгөн көзү ачыктарга көрсө­түп жүрүштү. Бирок, алардын биринен да эм болбой, оорум катуулап отуруп 1997-жылдын май айында такыр көрбөй калдым. Улуу күндүн түркүн-түстүү шооласынан, жарыктын кучак сыйгыс кереметинен ажырадым. Баары түпсүз туңгуюкка айланды. Кыялымда болсо ошол ойноок балалыгымдагы элестер гана жашап келатат. “Кайдан да чоңойдум, ушинтип сокур болуп бой жеткиче, бала бойдон эле кала бербей” дейм. Аргасыз «а менин бала бойдон калгым келет» деген ыр менен бугумду чыгарам.

ӨЛБӨГӨН ҮМҮТ ӨРГӨ СҮРӨЙТ

Баш оорум алгач кармаганда эле врачка көрсөтүшсө мындай тагдырга туш болбойт белем? Анан калса ата-энем да эки бөлөк жашап, таене-таятамды кендирди кескен акча кыйнабадыбы. Курган таене- таятам болсо кантсин, алгач кыргызчылыктан көрүп жүрүшүп, өтө кеч болуп калганда доктурга көрсө­түштү. Көрсө, башым эхинококк деген коркунучтуу дартка чалдыгып, убагында дарыланбаганым үчүн акырындап жарыкчылыктан ажыраптырмын.
Ошентип, көрбөй калганыма бир жыл болгондо 1998-жылы операция жасашты. Врачтар катуу дем беришип, алты ай же бир жылдан кийин көрүп каласың дешкен. Бирок, андан бери билинбей тогуз жыл өтүп кетиптир. Антсе да өлбөгөн үмүт менен жашап келатам. Күндө эртең менен ойгоноордо көпкө чейин көзүмдү ачпай Кудайдан тилейм. “Оо, Жараткан, ушул бүгүн күндүн таңкы шооласын көрсөтчү” дейм. Кээде Батма эжем менен көзү ачыктарга барып, алардан “качан көрүп калам?” деп сурайм. Ар кимиси ар кандай айтат. Бир жолу бир эже тамырымды кармап туруп: «Сени эртең же бүрсүгүнү көрө­сүң дегендер көп экен, бирок, сен 24 жашка чыкканда көрөсүң» деген. Мына быйыл 23 жашка чыктым. Негедир азыр ошого ишенип жашап, эртерээк эле 24кө чыксам экен дейм. Балким, көрүп калаармын. Өлбөгөн үмүт күн сайын алдыга сүрөй берет экен да.

СЫРДАШЫМ ДА, МУҢДАШЫМ ДА МУЗЫКА

Адам эч кимге кереги жоктой бир туңгуюкка кептелгенде кандайдыр бир жандүйнөсүн калкалаар караан издейт экен. Операциядан кийин да көзүм ачылбаган соң катуу сыгылып жүрдүм. Бүткөн боюмду капкараңгы коркунуч каптап, бир нерсе эле жетишпегендей кыйнала берем. Эки көзү соолор менин абалымды кайдан түшүнсүн?! Ар кимиси эртеден кечке өз тирилиги менен алек болушат. А мага таңдын атканы да, күндүн батканы да билинбей, убакыт ордунан жылбай туруп калгансыйт. Ушундан улам негедир аккордеон, комуз үйрөнгүм келе баштады. Бул каалоомду таене-таятам дароо аткарышты. Башынан эле музыкага шыгым бар үчүн эки аспапты тең тез өз­дөш­түрдүм. Анын үстүнө 1998- жылдын сентябрь айында Анжыянга барып, азиздердин интернатында бир жыл окуган элем. Ал жерде түр­дүү ийримдер бар болгондуктан, анда баян үйрөнүүнү азыраак өздөш­түрүп чыккам.
Айтор, бара-бара мени жалгыздыктан арачалаган сырдашым да, муңдашым да музыка болуп калды. Өзгөчө Сыймык Бейшекеевдин ырларын ырдап алсам кадимкидей жеңилдеп, капталыма канат бүткөнсүп алып учуп калам. Сыймык аганы кумир тутуп, ошондой обончу болсом деп тилейм. 2002-жылы Кызылкыя шаарында Сыймыктын конкурсуна катышып, өз колунан акчалай сыйлык алгам. Бул менин өмүрүм­дөгү эң чоң ийгилик эле. Ошондон кийин Бишкек шаарына барып, музыкалык билим алсам деген тилегим пайда болду. Экинчи жагынан, 1-топтогу майыпмын деп 630 сом пенсиямдын көзүн карап жашоону намыс көрдүм. Көзүм көрбөсө да, өзүм жаш болгон соң эч кимге көз карандысыз болуп өз алдымча иштеп, өз келечегим үчүн өзүм күрөшкүм келди.
Көп өтпөй Оштогу «Азиздер жана дү­лөй­лөр коомунда» иштеп келген ушул Койгелдиева Батма эже менен тааныштым. Эже Бишкекке алып келип, иштөө­нүн жол-жобосун үйрөтөөрүн айтты. Бул сунушка дароо макул болуп, өткөн 2006- жылдын июль айында шаарга келдик. Азыр Интергельпо көчөсүндө бир бөлмө­лүү батирде турам. Акысына ай сайын 1500 сом төлөйм. Алгач тууган-уругумдун көбү менин минтип жүргө­нүмө каршы болгон. Ал эмес азыр да өзүмдүн атам Жээналы менин бул жакта жүргө­нүмдү билбейт. Бирок, качанкыга чейин куру намыс деп көрүнгөндүн көзүн карап жүрмөк элем?! Мен да өз алдымча жашап, үйбүлө күткүм келет.
Азыр жаман эмес, эженин айтымында, күнүнө 400-500 сом табат экенбиз. Ушунусуна кудайга миң мертебе шүгүр дейм. Эптеп бир аз акча чогултуп, быйыл сентябрда Бишкектеги азиздердин окуусунан окусам жана музыкалык билим алсам деп тилек кылып койгом. Үйлөнүү­гө болсо азыр эрте. Жок дегенде 25 жашка толуп, анан өзүмө ылайыктуу жубай издесем да кеч болбостур. Эң негизгиси, мага түшүнгөн жарга жолуксам болду.

АДАМДАР, АЙТКЫЛАЧЫ, ЖАРЫК КАЙДА?

Батма эже «банктан өз эсебиңди ачтырып берсем» деп тилек кылып жүрөт. Кээде көзүмдү кайра операция жасатыш үчүн жардам сурап чоңдорго кирсемби деп ойлоп коём. Антсе да папкелүү­лөрдөн, байлардан жардам болооруна көзүм жете бербейт. Андан көрө мобул базарда отурган карапайым элге жана базарга соода кылганы келгендерге ыраазы болом. Өздөрүнүн бала-чакасын багыш үчүн таңдан кечке кара жанын карч уруп жүрүшкөнүнө карабай биз сыяктуу карыптарга да жардамын аяшпайт. Күндө чыксак күндө кайрымдуулук кылышат. Ушундай мээримдүү адамдар бар үчүн да келечектен үмүт байлап жашагым келет.
Эми “беш кол тең эмес” дегендей, кээде сенин азиз экениңе ишенбей, шагыңды сындыргандар да чыгат экен. Андайларга азыр көнүп да калдык. Баштагыдай актанып отурбай, тек кол шилтеп басып кетебиз. Эң негизгиси, алдыбыздан учурай турган мээримдүү адамдар көп экенине ишенем. Ошолорго көө­дөнүмдөгү бугумду, көкүрөктөгү муңумду айтып ырдап берем.
Кээде болсо ырдабай эле «адамдар, айткылачы, жарык кайда?» деп кыйкыргым келет. Өзүмдүн келечегимди ойлонуп алып корком. Алдыда мени эмнелер күтүп жатты экен? Кандай тагдырга, кандай жубайга туш болом? Караңгылыктын кучагынан качан суурулуп чыгам? Айтчы деги, оо, улуу жарык, кайдасың?..

Даярдаган Манас Алымбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан