Индиялык «Зита-Гита» тасмасы тартылганына бир топ жыл болсо да, көрүүчүлөрүн жоготпой келет. Кыргыз тасмасында да эгиздердин кызыктуу окуяларын чагылдырган «Апал-Үпөл» комедиясы жарыкка чыкмакчы. Тасманын сценарийин режиссёр Ырыс Жоомартованын уулу Айбек Кубанычбеков жазган. «Индиялык тасмадан идеяны алганыбыз менен, көп өзгөртүүлөр киргизилди. Эгиздерди тартуу учурунда өзүбүз да адашып жаттык. Тасманын башында эгиздер төрөтканадан адашып кетип, бири шаарда, бири айылда чоңоёт. Шаардык кыз айылга киного тартылмакчы болуп барып түгөйүн таап, экөө алмашып алышат. Мына ошондон кызык башталат»,- дейт Ырыс айым. Тасма 26-октябрдан тартып Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. "Апал-Үпөл" киносун келип көрүп, маанайыңыздарды көтөрүп кетиңиздер.