Бий жаатында Кыргыз өлкөсүн ааламга таанытып келаткан Атай Өмүрзаков дагы бир кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Анын «Адем» бий тобу Малайзиянын Жохор-Бару шаарында өткөн бий сынагында калыстардын мактоосуна, көрүүчүлөрдүн колдоосуна татып, дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө өтчү бий сынакка катышууга жолдомо алышты. Калыстар тобу «алтын баскычты» басып, автоматтык түрдө жарым финалга өткөрүшкөн. "Asia’s Got Talent" сынагынын финалы декабрь айында өтмөкчү. Формабызды, бийлерибизди топтогу балдар менен чогуу иштеп чыктык. Буюрса, финалдан жеңүүгө аракет кылабыз»,- дейт Атай. Кошумчалай кетсек, Атай Өмүрзаковдун колунан учкан «Тумар КР» тобунун жигиттери учурда Германиядагы театрлардын биринде келишимдин негизинде иштеп жүрүшөт. Ал эми жаш таланттарды чет өлкөгө тааныткан Атай мындан ары бизнес жаатына өтөрүн белгилей кетти.