BEELINE ТУРУКТУУ КАБЫЛ АЛУУ АЙМАГЫН ТҮЗӨТ

4G КАПТАГАН АЙМАКТА УЧУРДА 2,7 МИЛЛИОН АДАМ ЖАШАЙТ

Бүгүнкү күндө уюлдук телефондор бизге чалуу жана SMS жиберүү үчүн гана керек эмес. Алардын жардамы менен биз интернетке кирип, аба ырайын, почтабызды текшеребиз, киносеанстардын жүгүртмөсүн же керектүү нерсебизди сатып алабыз. Ошондуктан бир мобилдик байланыш стандартын жакшыртылган, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын түзгөн экинчиси алмаштырууда. Ал эми өлкөдөгү ири мобилдик оператору – "СкайМобайл" ЖЧКсы (ТМ Beeline) колдонуучуларды чектөө трафиги тууралуу ойлондурбоо үчүн аракет көрүп келишет.
"Beeline`дын" башкы максаттарынын бири – өлкөнүн бардык аймактарында максималдуу тыгыз мобилдик байланышын түзүү. Компаниянын адистери республиканын аймактарында ар дайым тестирлөө өткөрүп, кайсы жерлерде телефондор иштебей калып жаткандыгын аныктап, Кыргызстан ичинде андай жерлерди жок кылуу үчүн иштеп келишүүдө.
Өз убагында жүргүзүлүп турган жана байланыш буласын тыгыздоо иштөөлөрүнүн жыйынтыгы менен "Beeline" компаниясы өлкөдөгү мобилдик байланыш рыногундагы лидерлик сапта ишенимдүү түрдө жайгашып келет.
2G стандарттык байланышы – экинчи муундагы телекоммуникациялык технологиясы бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык аймагында жеткиликтүү. Бирок колдонуучулардын талабы тынбастан өсүүдө: кечээ эле кыргызстандыктар үчүн туугандарына жана жакындарына чалуу же SMS жиберүү мүмкүнчүлүгү керек болсо, азыркы күнү мобилдик оператордон интернетке чыгуу шарттары ыңгайлуу болушун күтүшөт.
Бул бүгүнкү күндө салыштырмалуу ар бир колдонуучу кымбат эмес болсо дагы, компьютердик, фото жана видеокамера касиеттерине ээ көп функционалдуу байланыш аппаратын сатып ала алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Арзан смартфондор абоненттердин керектөөсүн да өзгөрттү. Алсак, мобилдик интернет трафигин колдонуу Кыргызстанда бир жыл ичинде төрт эсеге өскөн.
Учурда "Beeline" заманбап стандарттагы байланыш – 3G жана 4G ар бирибиздин телефонубузда болуш үчүн бардык аракетин көрөт. Бир жыл ичинде 4G кызматы өлкөнүн бардык облустарында пайда болгон. Азыр бул байланыш түрү эл көп жайгашкан аймактарда жана шаарларда бар. 4G каптаган аймакта учурда
2,7 миллион адам жашайт.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ӨЛКӨ ИЧИНДЕ 62 ЖАҢЫ СТАНЦИЯ КУРУЛДУ

Мындай заманбап телекоммуникация байланышы боюнча таасирдүү көрсөткүчтөргө жетүү "Beeline" компаниясынын бир жыл ичиндеги талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы. Өткөн 9 ай ичинде гана мобилдик оператор 4G стандартында иштеген 101 жаңы базалык станцияларды ишке киргизди. Натыйжада жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке кирүүгө Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын 47 шаар жана айылдарынын жашоочулары мүмкүндүк ала алышты. Келечекте "Beeline" бул иштерин улантып, заманбап байланыш стандарты менен камсыз кылууну көздөйт.
4G аймагын түзүү үчүн компания иштеп жаткан базалык станцияларды заманбап жабдуулар менен камсыздап, жаңылоо иштерин жүргүзөт. Муну менен катар жаңы секилерди да куруп, 3G форматындагы байланышты республика аймагында жакшыртуу иштери да жүрөт.
Мисалы, быйылкы жылы өлкө ичинде 116 жаңы станция курулду. Бул Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында алгачкы жолу мобилдик байланыш пайда болду дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле курулган жаңы секилер өлкөнүн түштүк жеринде 30дай калктуу конуштардагы сигналдарды жакшыртуу үчүн иштеп баштады.
"3G стандартында иштеген базалык станциялардын курулушу бул технологияны колдонгон абоненттердин 4G стандартын колдонгондорго караганда көбүрөөк болгондуктан керектелет. Башкача айтканда, бул базалар курулбаса 3G стандартын колдонгон абоненттердин талаптарын аткара албай, 3G стандартындагы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздай албай калабыз",- дейт LTE "СкайМобайлдын" пландоо жана оптимизация боюнча башкы инженери Дмитрий Грицунин.

БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАРДЫ КУРУУ

Эксперттин айтуусу боюнча, кайсы бир аймакта эмне жумуш кылуу керектигин чечүү үчүн алгач байланыштын сапатын жана колдонуудагы базалык станциялардын жүктөөсүн анализдөө керектелет. Андан соң 3G жана 4G кызматтарын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектиги чечилет – жаңы базалык станцияны ишке киргизүү же болгон станцияларды оптимизациялоо.
Эгерде жаңы станцияны орнотуу чечими болсо, анда инженерлер көп күч жумшаган иши башталат. Алгач адистер канча базалык станция керек жана сервистин сапаттуу болуусу үчүн кандай физикалык, логикалык мүнөздүү болушу керектигин аныкташат.
Качан техникалык тапшырмалар толугу менен түзүлгөндө курулуш кызматы бардык талаптарга жооп берген жаңы базалык станцияны курат. Андан кийин ал катталуудан өтөт. Инженер-байланышчылар базалык станциянын иштөөсү үчүн керектүү техникалык мүнөздөмөлөрдүн жөнгө салынышын өз ара ушинтип атап коюшат.
"Мисалы, биз ар бир базалык станциянын секторуна уникалдуу радио параметрлерди, багыт, антеннанын эңкейиш бурчун жана бийиктигин, ошондой эле хэндоверге катышкан коңшу базалык станцияларды да тескейбиз. Хэндовер – кыймылда болуп жатканда байланышты түзүп турган базалык станциялар ортосундагы специкалык байланыш. Катталуудан кийин станциянын жумушун тесттен өткөрүп, андан соң станцияны эфирге чыгарабыз",- дейт Дмитрий.
Качан базалык станцияны тесттен өткөрүп, коммерциялык эксплуатацияга берилгенден кийин инженерлер ал станциянын жумушу туура иштеп жаткандыгын ар дайым мониторинг жасап турушат. Керектүү учурда базалык станцияларды тескеп, иштөөгө тоскоол болгон себептерди четтетүү иштери жүргүзүлүп турат.
"Базалык станцияларды куруу иштерине бир айга жакын убакыт сарпталат. Аны салуудан мурун биринчи салына турган жер участогу үчүн мамлекеттик органдардан уруксат документтерин жана жаңы станциянын эфирге чыгуусу үчүн да керектүү уруксат алат. Бул үчүн 3 айдай убакыт кетет",- деди компаниянын башкы инженери. Базалык станцияларды куруу
Эксперттин айтуусу боюнча, кайсы бир аймакта эмне жумуш кылуу керектигин чечүү үчүн алгач байланыштын сапатын жана колдонуудагы базалык станциялардын жүктөөсүн анализдөө керектелет. Андан соң 3G жана 4G кызматтарын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектиги чечилет – жаңы базалык станцияны ишке киргизүү же болгон станцияларды оптимизациялоо.
Эгерде жаңы станцияны орнотуу чечими болсо, анда инженерлер көп күч жумшаган иши башталат. Алгач адистер канча базалык станция керек жана сервистин сапаттуу болуусу үчүн кандай физикалык, логикалык мүнөздүү болушу керектигин аныкташат.
Качан техникалык тапшырмалар толугу менен түзүлгөндө курулуш кызматы бардык талаптарга жооп берген жаңы базалык станцияны курат. Андан кийин ал катталуудан өтөт. Инженер-байланышчылар базалык станциянын иштөөсү үчүн керектүү техникалык мүнөздөмөлөрдүн жөнгө салынышын өз ара ушинтип атап коюшат.
"Мисалы, биз ар бир базалык станциянын секторуна уникалдуу радио параметрлерди, багыт, антеннанын эңкейиш бурчун жана бийиктигин, ошондой эле хэндоверге катышкан коңшу базалык станцияларды да тескейбиз. Хэндовер – кыймылда болуп жатканда байланышты түзүп турган базалык станциялар ортосундагы специкалык байланыш. Катталуудан кийин станциянын жумушун тесттен өткөрүп, андан соң станцияны эфирге чыгарабыз",- дейт Дмитрий.
Качан базалык станцияны тесттен өткөрүп, коммерциялык эксплуатацияга берилгенден кийин инженерлер ал станциянын жумушу туура иштеп жаткандыгын ар дайым мониторинг жасап турушат. Керектүү учурда базалык станцияларды тескеп, иштөөгө тоскоол болгон себептерди четтетүү иштери жүргүзүлүп турат.
"Базалык станцияларды куруу иштерине бир айга жакын убакыт сарпталат. Аны салуудан мурун биринчи салына турган жер участогу үчүн мамлекеттик органдардан уруксат документтерин жана жаңы станциянын эфирге чыгуусу үчүн да керектүү уруксат алат. Бул үчүн 3 айдай убакыт кетет",- деди компаниянын башкы инженери.

4G ФОРМАТТАГЫ ҮН БАЙЛАНЫШЫ ИШКЕ КИРЕТ

Грицуниндин айтымында, мобилдик операторлордун ишин текшерүү мекемелери менен иштешүү – бул кадимки иш учурлары. Максималдуу түрдө эффективдүү иштей турган жерлерге базалык станцияларды орнотуу андан татаалыраак.
"Станцияны куруу аймагы мобилдик байланыш аймагын чоңойтуу же абоненттик сыйымдуулуктун өсүү максаттарын ишке ашыруусу шарт. Көпчүлүк учурда локациядан 200-300 метр четтөө эле биз керектүү максатыбызга жетпей калгандыгыбызды түшүндүрөт".
Керектүү локация белгиленгенден кийин ошол жердин ээси жана жергиликтүү эл менен болгон суроолорду чечүү кажет. Кээ бир учурларда жергиликтүү тургундар базалык станцияларды курууга каршы чыгышат. Анын себебин радиофобия – секиден чыккан радиотолкундардан иррационалдык коркуу эсептелинет.
Бир катар татаалдыктарга дуушар болгондугу менен "Beeline" компаниясы телекоммуникация жаатындагы келечекке ишенимдүү жана оптимисттүү түрдө карайт. Кыргызстандын башкы мобилдик операторлорунун бири саналган компания жыл сайын мобилдик сервистери жакшырып тургандай иштөөсүн улантат.
"Ушул жылдын соңуна чейин эл жыш жайгашкан аймактарда 4G кызматын жакшыртуу үчүн жаңы жана кошумча жыштык диапазону бар базалык станциялар ишке киргизилет. Бул Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана башка ушундай шаарларда ишке ашат. Жыйынтыгында интернет менен маалымат алмашуу ылдамдыгы орточо 50 пайызга жогорулайт",- деди жакынкы аралыктарда кандай жумуштар аткарыла тургандыгы тууралуу Дмитрий Грицунин.
"Beeline`дын" башкы инженери келечекте компания олуттуу долбоор – Кыргызстанда 4G форматтагы үн байланышын ишке ашыра тургандыгын билдирди. Учурда бул өлкө аймагында иштебейт, себеби көпчүлүк абоненттердин телефондору мындай стандартка жооп бере албайт.

2G, 3G ЖАНА 4G`НИН АЙЫРМАСЫ КАНДАЙ?

Бул ар башка муундагы мобилдик байланыш стандарттары, аны G тамгасынан байкаса болот, англисче «generation» деген сөздөн.

2G байланышы көбүнчө үн менен алмашуу үчүн интернет маалымат алмашуу ылдамдыгы азыркы менен 2g салыштырсак өтө эле жай.

3G байланышында жогорку сапаттагы үн менен алмашса болот жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдаланса да болот.

4G байланышы – бул бүгүнкү күндөгү интернетте маалымат алмашуу жана көчүрүп алуу үчүн, ошондой эле тыгыз 800 LTE диапазону менен курчалган эң эффективдүү технология. 4G форматындагы бир станция 3G станциясына салыштырмалуу бир канча эсе көбүрөөк аймакты камтый алат.
Муну менен бирге байланыш бетон дубалдардан да жакшы өтүп, мобилдик телефон жарым подвалдуу жайларда ишенимдүү иштейт. Ошондой эле 4G стандарты мурункуларга салыштырмалуу сезгич. Бул абонент заряддын индикатору минимум кезинде дагы бардык кызматтар менен пайдалана алуусун түшүндүрөт.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Makkambaev97
2017-10-24 17:21:57
Баткенде 4G жакшы тартпайт redmi note 4
0
pompowa
2017-10-24 18:51:44
Жалалабатта тартпайт деле бекер эле пакеттер күйүп кетет
0
Jazdyn_tany
2017-10-24 20:52:53
Кара-Балтанын тегерек-четинде дагы 4G жок!
+1
machobek17
2017-10-25 00:09:39
Жалал абадда аксыда 4jэмес 3j да тартпайт. Сураштырсан антена шамалга кулап кеткен дейт. Булар каяктарга коюп журот билбейсин
+1
konfetka.medik
2017-10-25 12:39:53
4G эмес 3Gда иштебейтко Аксыда дагы Жалал Абад обл орнотулду дейт кайра Мегаком жакшы 3G болсо да иштейт Аксыда
0
minchynardanbolom
2017-10-26 17:40:53
Баткенде Актурпак айыл өкмөтүндө жакшы иштейт бирок редми телефондору анча иштей бербейт 4G менен
0
bond0202
2017-11-01 17:01:45
бизде интернет аябай эле начар,конул буруп коюшса жакшы болмок
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан