Бир ырдын тарыхы. ЖАЛГЫЗДЫКТАН ЖАРАЛГАН «ЖАРТЫ КАЙЫК»

"ЖАРТЫ КАЙЫК"

Оо, турмуш, мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдың, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн?
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Аттиң, ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым, бирок, аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Алтынай Нарбаева, ырчы:
«ТААНЫШТАРЫМ ЖАРТЫ КАЙЫКТАР ЧОГУЛДУК ДЕП КАЛЫШАТ»

-Бул ыр адамды алыстарга жетелеп кеткен мазмуну бар, уккан ар бир адамдын жүрөгү тыз дей турган чыгарма. Алгач бул ырды Самара Сабированын аткаруусунда уккам. Мага аябай жагып, авторлорун сураштырсам, обону Түмөнбай Колдошевдики экен. Түмөнбайга жолугуп, «ушул ырың аябай жакты» десем, «ырдаңыз, бир адам гана аткарсын деп чыгарган жокпуз да» деди. Анан Самарага да байланышып менин да ырдагым келип жатканын айткам. Эки жыл катары менен «Жылдын мыкты ыры» номинацияларын жеңип алдык.
Бул оомал-төкмөл дүйнөдө бүтүн болгон эч ким жок. Тагдырдын татаалдыгын, тагдыр алдында ким болбосун алсыз экендигин баяндаган ыр мага ийгилик алып келди. Түмөнбайга да, Зайырбекке да ыраазычылык билдирем. Ушул ырдын тарыхында жашап калганыма кубанычтамын. Калеми курч акын менен обончунун ырына Рамис Алиев мыкты аранжировка жасады. Дос, туугандар чогулуп калсак, айрымдары тамашалап «жарты кайыктар чогулдук» деп калышат. «Бул тагдырдын сыноосу, капа болбогула, бүтүн кайык болосуңар» деп калам.

Зайырбек Ажыматов, акын: «ЖАЛГЫЗДЫК – БАЛА КЕЗДЕН ЖҮРӨГҮМӨ ЧӨГӨРҮЛГӨН КАРА ТАК»

-Негизи эле жалгыздык сезими мага бала кезден жүрөгүмө чөгөрүлгөн кара так. Атам 4кө чыкканымда каза болуп, 6га чыкканымда апам башкага турмушка чыгып кетти. Бала кезинен мээримге, жылуулукка зар болуп өскөн балдар өмүр бою мага окшоп тойбой калган сезимдерди издеп, эңсеп жүрүп өтөт экен. Апам атамдын көзү өткөндөн кийин биз үчүн аска-тообуз, ишенгенибиз, жалгыз таянганыбыз эле. Ошентип мен таенемдин колунда калдым. Таенем сонун киши эле, мага да мыкты тарбия берди. Бирок энеге болгон кусалык, энеге болгон сагыныч тарабайт экен. Апамдын өзүн гана эмес, апа деп айткан сөздүн өзүн да сагынгам. Токойдо, талаада мал кайтарып жүргөндө тегерегимди карап эч ким жок экенин билгенден кийин «апа, апоу» деп ар түрдүүчө кыйкырып алчумун. Анан кадимкидей сагынычым тарачу.
Апам азыр бар, Кудайга шүгүр. Жеке жашоомдо баары жакшы, бирок бала кездеги өксүк, ата-энеме болгон кусалык жүрөккө чогулуп, башка бирөөлөрдөн күтө берет экен. Ата-эненин мээримин көрбөй өсүп жаткан балдарды жакшы түшүнөм, алар түбөлүк өксүктө калышат. Ырда так ошол маанай жалпылаштырылган. Мени курчап турган адамдардын бири капа кылып, ушул ырды жаздым эле десем калп айткан болом. Маселе өзүмдүн орду толгус аңгыраган армандуу дүйнөмдө. Кийинчерээк ыр интернетке жарыялангандан кийин обончу Түмөнбай Колдошевдин назары түшүп, анын суранычы менен бир аз обонго ылайыктуу кылып оңдогом.

Түмөнбай Колдошев, обончу: «ЖАН ДҮЙНӨМ ООРУП ТУРГАНДА ЧЫККАН ОБОН»

-Мен өзү жылына 2-3 жолу ыйлап алам. Айлана-чөйрөдө, коомчулукта болуп жаткан нерсеге да жан дүйнөм ооруп, зээним кейип калат. Үй-бүлөм бар, күнүмдүк керектөөмө зарыл машинам, жашаганга тамым бар, ошого карабай бир нерсе жетишпегендей болуп, көкүрөктө өксүү бардай сезиле берет. Бул эмнеси экенин билбейм. Обон 2012-жылдары жайында жаралды. Ушул жылдары жан дүйнө кризисинде жүргөн учурум эле. Өзүмө-өзүм батпай, чындык издеп, бук болуп кыйналып жүргөм. Ошентип жатканымда Зайырбек байкеден жакшы ыр сурагам. Текст келгенден кийин обон оңой чыккан жок. Өтө узак убакытта жазып бүттүм. Ошол учурдагы менин абалымды чагылдырган ыр болду. Алгач өзүм аккордеондо ырдап жаздыргам. Маани бергени да, бербегени да болду. Качан Самара Сабирова ырдап чыкты, ошондо хит боло баштады. Ырдын элге алынышында аткаруучулук чеберчилик, ырдын аранжировкасы да чоң мааниге ээ. Самаранын аткаруусунда угуп Алтынай Нарбаева эже ырдап чыкты.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Акындын жалгыздыктан жаралган "Жарты кайык" ырынын тарыхы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
nargiz-sa
2017-10-24 11:19:21
Мага да аябай жагат ушул ыр. Чындыгында укканда жан дуйнону башкача бир сезимге ээ кылат
+7
Alin16
2017-10-24 12:05:19
мен бул ырды укканда, как будто мен жонундо жазылгандай сезилген, азыр узак жолго чыкканда коюп алып бир ыйлап алам)))
+3
asi15
2017-10-24 12:51:37
Чындыгында АПА деп айткан созду да сагынасын. Апанар барында кадырлагыла. Сонун журоктон чыккан ыр.
+7
eldar96
2017-10-24 18:27:22
Жакшы ыр
+3
Snejana
2017-10-24 22:39:21
Admin_superstan ушул ырдын ссылкасын берип койсонуздар жакшы болот эле, сураныч! Рахмат!
0
Misszhi
2017-10-25 00:27:56
Абдан жакшы ыр мага да жагат
+2
Altysha89
2017-10-25 13:49:32
Кыргызымдын кыраандары, сыймыктары, аман болунуздар. Ыр мага да жагат. Соонун.
+3
Akzinat
2017-10-27 11:53:03
Тексти окуп чыгып менин дагы ички туйгуларым сыздап кетти. Баары тугол болсо да. Жан дуйном боксоруп турат.
+1
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан