«МСС ЖЕ ЖӨН ГАНА СҮЙДҮМ»

– Мен сени сүйөм.
– Канча кызга айттың экен муну?
– Көп эле кызга айтсам керек. Бирок чын дилимден биринчи жолу сага айтып жатам.
Боору катып күлгөн быйтыкча келди. Күлүп алганыңды көз алдыма элестетип кеттим. Күлкүң да сонун. Мүнөзүң да сонун. Айтор, сенин сонун эмес жериң жок сыяктуу. Биринчи жолу сени менен Каракол шаарында тааныштым. Шашкалактап бир суроону берип, мен жооп бергенге үлгүрө электе эле башка жигиттен сурап жибердиң. Жиним келип туруп калдым. Ал сага орой жооп берип койгонун көрүп табалап турсам да кайра аяп кеттим.
– Мен журналистмин,- деп койдуң өзүңчө эле.
– Мен дагы,- дедим.
Укпай калдыңбы же маани бербедиңби үн катпадың. Анткени сенин мээңде азыр жайнаган суроолоруңа жооп алыш керек болчу, башка тарапка жүгүрүп кеттиң. Эмнең менен эсимде калдың? Кадимки эле Жоомарт акын айткандай кара тору кызсың. Бирок бир нерсең бар, аябай тартып турдуң. Ал жолу сени менен кайра жолугуп сүйлөшкөнгө шарт болбоду, бирок эсимде калдың. Тим эле сени жер тытып издедим дебейм, бирок жатарда тынчсыз, жалындуу тиктеген көздөрүңдү бир эстеп жылмайып алып уктоону адат кылып алдым. Экинчи жолу күз айында жолуктук. Бул элчилик уюштурган расмий кече болчу, кече көйнөгүң өзүңө аябай жарашып созулуп калыпсың. Ошол кечте жакшылап тааныштык. Мен сенден кете албай турдум.
– Жүрү, бүгүн киного барып келебиз,- дедим.
– Киногобу?
– Ии да.
– Ушу кебетебиз мененби?
– Жок, болбойт го,- деп сенин чубалжып турган көйнөгүн карап башымды тырмадым. Барып кийимдерибизди алмаштырып алып киного жөнөдүк. Ошол эле күнү. Кино бүткөндөн кийин сөзүбүз бүтпөйт. Тим эле жети атамдан бери айтып берип салдым окшойт. Айтор, камыр-жумур.
– Кел, үйлөнөбүз,- дедим.
– Бир күн тааныш болуп туруп эле ушинтип салган адамды биринчи көрүшүм,- дедиң.
– Чындап эле, кел, үйлөнөбүз.
– Макул. Бирок менин бир балам бар. Турмуштан ажырашып кеткем,- дедиң сен да түз.
Дэң-ң! Башка бир жегендей эсиме келдим. Сени бир бала менен такыр окшоштура албай жаттым. Секелектей көрүнгөнсүң.
– Дагы сенден 5 жаш улуу экем,- деп койдуң дагы камырабай.
Ме сага! Сынай тиктеп кантер экен дегенсип турдуң. Көзүмө биринчи эле апамдын элеси тартылды. Каршы болор дедим. Бирок көктүгүм жеңип кетти.
– Мейли, сенин балаң меники болот!
Биз үйлөнүп алдык. Эч кимге, эч нерсеге карабадык. Менимче, жакшы үй-бүлө курдук. Үйлөнгөндөн кийин сүйүү тарап кетет же болбосо балдарга өтүп кетет деп уксаңар ишенбегиле. Меники өткөн жок. Күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын сүйдүм. Улам катуу, андан да катуу сүйөт экенсиң. Бардык социалдык тармактардан жазышабыз. Ал жетпей, үйдөн кечке сүйлөшө беребиз. Алышып-күрөшүп ойной беребиз. Мурунку тартипти сүйгөн жаным сен жашоомо пайда болгондон бери баары баш аламан. Үйдө да, кийим-кечеде да, ал тургай мээде да. Бирок мен бактылуу болчумун. Андан да экөөбүз гана түшүнгөн сөздөрүбүз бар. Мисалы, МСС дегенибиз. Мен сени сүйөм деген сөз. Бир күндө 10 жолу айтып же жазат болушубуз керек. Убакытты үнөмдөп ушинтип кыскартып алганбыз. Ушул күндөрдүн биринде кашайып мурунку сүйүүлөрдүн бири мага СМС жазып ийиптир. Үчүнчү дүйнөлүк согуш! Аялдын жинине тийгенде күчтүү да болуп чыга келет экен. Үйдө бүтүн эч нерсе калбады. Баарын ыргытып-тытып, талкалап, арасында мени коюп өтүп, тээп өтүп жаттың. 2 саат эс алдыра албай айлам кеткенде жаакка чаап жибердим. Мындайды күтпөсөң керек, таң калып тиктеп турдуң да, керебетке жыгылып калдың. Жайыңа коюп, үйлөрдү тазалап, сага шорпо жасап берейин деп базарга кетсем кетип калыпсың. Күзгүнүн бетине каш чийген карандашың менен бакырайта «бүттү» деп жазыпсың.
Ошол боюнча жок болуп кеттиң. Жума бою издеп жүрдүм. Тууган-туушкан, достордон эч ким калган жок. Анан мен да жинди боло баштадым. «Андай эмес, мындай» деп баягы эски сүйүүгө чындап кезигейин деп чечтим. Алгач катыра коштошуу катын жаздым.
«Эй, мен сени сүйөм. Жөн эле сүйөм. Ошол үчүн сенин обу жок кылыгыңдын баарын көтөрдүм. Бул жолу чектен ашып кеттиң. Кетсең кет. Тим эле түп тамырың менен менде эч нерсең калбагандай кылып алып кет, уктуңбу? Бир дагы элес, бир дагы эскерүү, бир дагы сүрөт менде калбасын. Сен ушундай кичинекей нерседен чоң трагедия жаратат экенсиң, анда мына сага чындык! Мен сени сүйбөйм. Мен ошол кыз менен эбак эле биргемин. Мындан ары да биргеликте бактылуу жашайм. Жок дегенде ал мени минтип жинди кылбайт. Кош, мен үйгө барганча эч нерсең калбасын!» Жаздым да, эми телефонумду чөнтөгүмө саларда "чың" деп билдирүү келди. Шашып-бушуп карасам «Жаңы алган муздаткычты да алайынбы?» деп жазып туруп баарын ташып бараткан быйтыкчаны коюп коюпсуң. Көз жашым агып жатыптыр, сенин табылганыңа сүйүндүм окшойт. Дагы билдирүү келди.
«Үйлөнүп жатканда мага бир өтүнүч айткансың. «Эч качан менин апам менен урушпа» дегенсиң, эсиңдеби? Өтүнүчүң оор болсо да мен аткардым. А мен «эч качан менин башымды аттаба» деп айткам. Сен меникин аткарган жоксуң. P.S. МСС».
Ый менен күлкүнүн арасында бул менин эң бактылуу күнүм экенин сездим. Сендей жиндини сүйүү үчүн мендей адам жаралышы керек болчу. Баары бир МСС.


Дони

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Begimkyz.
2017-10-24 12:15:22
)))
+1
NeRiNa
2017-10-24 12:42:52
Сонун го.))) МСС....
+1
ayluu_tun
2017-10-24 17:17:17
Автор, браво, элестетип кеттим окуп жатып, озумдун жашоомду коруп жаткандай болдум
+2
Aygul777
2017-10-24 18:39:11
Жинди кыз экен, эртерээк кутулганынарга суйуно бергиле.
-2
Aichyrai
2017-10-24 21:07:33
чын суйсо кызгануу да ошончо кучтуу болот да
0
alben
2017-10-25 04:24:08
Сонун экен. Настроением көтөрүлдү окуп алып. Чын эле элестетип окудум. Кайра кайра таңдап))
+1
jigit93
2017-10-25 07:51:49
Сонун)) кинодогудай экен
+1
Gulnyr19
2017-10-25 13:37:35
А биз ЖСС дейт элек ошол маалда кечке тан атканча агентте. Бирок бирге боло албайбыз. Баары бир бир омурго ЖСС
0
lilya8
2017-10-25 18:03:43
ЖССнын чечмеленишин айтып койбосунар да
0
sabira.199890
2017-10-26 01:47:48
Жаным сени суйом дегени окшойт
0
Dilbaranurdinova
2017-10-26 12:59:34
аййиий сонн))))
0
aliya.u
2017-10-26 18:47:28
суйуп жашаган кандай сонун ээ.
+1
Din_dilin
2017-10-29 01:50:25
Эхх суйуу...)))
0
Asya_92
2017-12-01 15:38:26
Эх суйуу адамды кандай гана абалга салбайт.
0
talassmanas
2017-12-01 18:25:39
бул силердин суйуунорго болгон сыноо эледа,бир смс бактынарды бузуп кеткени окунучту,суйгон адамын мн баш кошкон кандай сонун!
+1
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан